Киргизско-русский словарь Юдахина
любовь;
сүйүүнүн көркү теңинде стих. прелести любви во взаимности (букв. в ровне, т.е. если, например, оба молоды);
даамын таттык сүйүүнүн стих. мы вкусили сладость любви;
родинаны сүйүү любовь к родине;
эмгекти сүйүү мамилеси любовное отношение к труду;
өзүн өзү сүйүү самовлюблённость.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Аял-эркектердин бирибирине болгон ашыктык, берилип жакшы көргөндүк сезими. Сүйүүнүн отуөчпөс от, Өлгөнчө менмин сеники (Аалы). Күйөөсүнө калганда келиндин сүйүүсү тунук (Сыдыкбеков).
2. Жакшы көргөндүк, кадырлагандык, урматтагандык, берилгендик. Сансыз айланадагы табияттын көрүнүшүн өтө суктануу жана сүйүү менен карады (Жантөшев). Бир максаттагы элдерге, Мээримдүү жаздай сүйүүң бар (Осмонкул).
СҮЙҮҮ II сүй этишинин кыймыл атоочу.

Словарь переводов пользователей Эл-Создук

фразы о любви


элдик сүйүү ырларынын жыйнагы
сүйүүнүн көркү теңинде -- прелести любви во взаимности;
сүйүүнүн даамын татуу -- вкусить сладость любви;
сүйүү азабы -- муки любви
сүйүү деми -- дыхание любви
сүйүү ырахаты -- блаженство, услада любви
ысык сүйүү -- пылкая любовь
өтө кызыл бат оңот -- слишком красный быстро тускнеет
шартсыз сүйүү -- безусловная любовь
жетик сүйүү -- зрелая любовь

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аял-эркектердин бири-бирине болгон ашыктык, берилип жакшы көргөндүк сезими. Сүйүүнүн оту – өчпөс от, Өлгөнчө менмин сеники (Токомбаев). Күйөөсүнө калганда келиндин сүйүүсү тунук (Сыдыкбеков). Өлүмдөн го кача албасмын, аның чын, Сүйүүдөн да качып кайда кутулам (Чотурова). 2. Жакшы көргөндүк, кадырлагандык, урматтагандык, берилгендик. Сансыз айланадагы табияттын көрүнүшүн өтө суктануу жана сүйүү менен карады (Жантөшев). Бир максатташ элдерге Мээримдүү жаздай сүйүүң бар (Осмонкул).