Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Аял-эркектердин бирибирине болгон ашыктык, берилип жакшы көргөндүк сезими. Сүйүүнүн отуөчпөс от, Өлгөнчө менмин сеники (Аалы). Күйөөсүнө калганда келиндин сүйүүсү тунук (Сыдыкбеков).
2. Жакшы көргөндүк, кадырлагандык, урматтагандык, берилгендик. Сансыз айланадагы табияттын көрүнүшүн өтө суктануу жана сүйүү менен карады (Жантөшев). Бир максаттагы элдерге, Мээримдүү жаздай сүйүүң бар (Осмонкул).
СҮЙҮҮ II сүй этишинин кыймыл атоочу.