СҮЙҮНЧҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Сүйүнө турган, кубанычтуу, жакшылык кабарды билдиргенде айтылуучу сөз. Сүйүнчү, бир уулдуу болдук (Токомбаев). Душманга салып күйүнчү, Аташканың Семетей, О жеңе, келип калды, сүйүнчү? («Семетей»). Сүйүнчү, чоң ата, сүйүнчү! Балаңар келди, балаңар келди (Жакиев). Сүйүнчү агай, чабалекей келиптир, Ар бир жылы жаз маалында биз көргөн (Акматалиев). 2. Ушундай кабарды угузуп, сүйүнчүлөп келген кишиге берилүүчү белек, сыйлык. Бектур өзү минип жүрүүчү тору кашка атын сүйүнчүгө берет (Сыдыкбеков). Жок мурда сүйүнчүсүн бериңиз, болбосо айтпайбыз (Абдукаримов). Сүйүнчүлөп кала гөр («Манас» С. К.).