Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз сүй+үн бөлүктөрүнөн турат. Сүй уңгусу бирөөнү сүй дегедеги сүй сөзүнө туура келет. Ага этиштин өздүк мамилесинин -н мүчөсү уланып, сүйүн сөзү жаралган. Адам сүйүнгөндө таттуу сезимде болуп, өзүнөн-өзү кубанып, кимдир бирөөнү сүйүп калгандай абалда болот. Байыркы түрк тилинде да сев сөзү сүй дегенди билдирсе, севан сөзү сүйүн» сөзүнө туура келген (ДТС, 497). Бардык эле түрк тилдеринде сүй этиши менен сүйүн сөзү тектеш, экөө бир уңгудан келип чыгат.