Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сырд. 1. Сүйүнө турган, кубанычтуу, жакшылык кабарды билдиргенде айтылуучу сөз. Сүйүнчү, бир уулдуу болдук (Аалы). Душманга салып күйүнчү, Аташканың Семетей, О жеңе, келип калды, сүйүнчү? ! («Семетей»).
2. Ушундай кабарды угузуп, сүйүнчүлөп келген кишиге берилүүчү белек, сыйлык. Бектур өзү минип жүрүүчү тору кашка атын сүйүнчүгө берет (Сыдыкбеков). Жок мурда сүйүнчүсүн бериңиз, болбосо айтпайбыз (Абдукаримов).