СҮЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ашык болуу, эркек аялды же аял эркекти жактырып, көңүлүн алып калуу, сүйүүгө берилүү. Жароокер сулуу кыз сүйсөң, Жашчылыгың бир кызык (Токтогул). 2. Жакшы көрүү, кадырлоо, урматтоо. Алыскы сүйгөн жерди эстеп, Акырын Жыпар ырдады (Бөкөнбаев). Ким берилип сүйбөсүн, Көтөрүп баккан энени (Бөкөнбаев). 3. Бир ишти же бир нерсени каалап калуу, ошого берилип калуу, жактыруу. Китеп окууну сүйүп калыпмын – деди Шекер (Убукеев). Агасы Табылды тамаша сүйгөн шайыр жигит го (Сыдыкбеков). Алтынды сүйсөң акактап, Ай-күнүң сенин батат бат (Байгазиев). 4. Өбүү, жыттоо, эркелетүү. Кучактачы, сүйчү беттен балаңды! (Турусбеков). Маңдайынан да бир сүйүп калууга, Токтоп бербес, токтотууга күч жетпес (Осмонов). Сүйүп кой мени, сүйүп кой мени эринден, Сөз берем эми сүйүүдөн сени чегинбейм (Өмүров).