суу I 1. в разн. знач. вода; агын суу или аккан суу текучая, проточная вода; агын сууда арам жок погов. проточная вода не погана; жемиш суусу фруктовая вода; суу проводу водопровод; суу салыгы водный налог; суу транспорту водный транспорт; жокко суу да жок погов. уж для кого нет, так и воды нет (а не то, чтобы угощения или ещё чего-л. существенного); суу кой- южн. пускать воду (на посев); суу тер- южн.см.тер- II; сууга түш- купаться, мыться (мыть своё тело); кийим алмаштырбай, сууга да түшпөй не меняя одежды и даже не купаясь; суу алган водой затопило; водой унесло; сууга сал- 1) класть в воду; 2) купать (животных); сууга салдыр- велеть загнать в воду (животных, перен. и людей); Арзыматты жеңген ырчыларды Дыйканбай сууга салдырып коюп сабатуучу певцов, которые побеждали Арзымата (манап) Дыйканбай велел загонять в воду и бить; сууга ал- обмывать (покойника); сууга алуу обмывание (покойника); суу куй- 1) лить воду; 2) перен. прислуживая, поливать на руки воду при умывании; анын атын токуйт, отунун алат, суусун куят он находится у него в услужении (букв. седлает его коня, собирает ему топливо, подаёт ему воду для умывания); 3) перен. прислуживаться; суу сеп- брызгать водой, поливать (напр. улицу); суу сепкендей совершенно затихло; күбүр-шыбыр суу сепкендей тып басылды перешёптывания и разговоры сразу прекратились; суу атасы 1) источник воды; суу атасы булак погов. источник воды - родник; 2) миф. хранитель вод; суу атасы Сулайман чылбырдан сүйрөп калды хранитель вод (пророк) Соломон взял (коня) за повод и потащил (из воды); суу чач- брызгать водой; артынан суу чач- этн. побрызгать водой вслед (отбывающему) как предостережение от могущих быть бед и неудач; башынан тегеретип (или айлантып) суу чач- этн. обведя сосуд с водой вокруг головы, выплёскивать воду (магическое действие над прибывшим издалека, совершаемое в благодарность судьбе); 2. река; речная долина (в горах; прежде киргизские аулы располагались по долинам речек); бир суунун эли население одной речной долины; население, обитающее вдоль одной речки; Тияншандын сансыз булак, суулары бесчисленные родники, реки (речки) Тянь-Шаня; бөлөк айыл болуп, бөтөн сууга конду он выделился в особый аул и расположился (со своими людьми) по другой речке; сурнайдын үнү угулуп, суу-суудан киши чогулуп фольк. послышался звук зурны, из разных речных долин люди собрались; суу анчалык чоң эмес река не очень большая; воды (в реке) не так много; кашка суу река с чистой прозрачной водой; кара суу карасу (речка, питающаяся подпочвенными водами); 3. сырой, влажный, мокрый; суу чыбык сырой (зелёный) прутик; суу жыгач сырое (зелёное) дерево; суу отун сырые дрова; суу кир мокрое бельё; суу бол- 1) вымокнуть, намокнуть, стать мокрым; жаанга суу болгон он под дождём вымок; 2) перен. измучиться; суу болдум я измучился; колу менен берип, аягы менен суу болот погов. дав рукой, ногой будет мучиться; дурная голова ногам покоя не даёт; минтпесем, акчаны тез өндүрүп алалбай, суу боломун если я так не поступлю, то не смогу скоро получить деньги и изведусь; суу кыл- 1) намочить, вымочить; 2) перен. измучить; акчамды бербей, мени абдан суу кылды он не отдавал мне мои деньги и вконец измучил меня; 4. закалка; темирдин суусун билген уста искусный кузнец (букв. кузнец, который знает закалку металла); көктүн суусу кумыс; ак суу или тунук суу шутл. водка; суу ич- 1) пить воду; 2) (о растениях) получать полив, быть политым; буудай эки суу ичти пшеница полита два раза; суудан кал- остаться без полива, без орошения; не быть политым; пахта бир суудан калып отурат хлопку не хватает одного полива; 3) (в народной медицине) лечиться водой (пить только воду, не принимая пищи); бир ай суу ичип жатты месяц он пил воду и тем лечился; ооруп, суу ичип айыкты он заболел, пил воду и поправился; өлбөсө да, бир ай суу иче турган болду если он и не умрёт (от побоев), то пролежит (букв. будет пить воду) месяц; ал мени суу ичкидей сабады он меня избил-исколотил; ичер суусу бар экен он ещё поживёт на свете; ичер суубуз бар мы ещё поживём; күнү бүтүп, суусу түгөндү дни его сочтены (букв. кончились), пришёл ему конец; ичер суум куруптур пришёл мне конец; суу кошпой в чистом виде, без примеси; суу кошпой, түшүнүп алган көрүнөм я, кажется, понял всё точно; мурундун суусу сопли; мурундун суусун тарталбайт он (от слабости) не может носом шмыгать; суу мурун сопляк; каканак суусу воды (околоплодные); бел суу сперма; суу жүрөк боязливый, трусливый; суу жукпаган ловкач; тот, кто из воды сухим выходит; кара суудан каймак алат (о ловкаче, проныре) с воды сливки снимает; оозуман кара суу келип турат у меня живот подводит (от голода); оозунан кара суу келгенде когда его голод доймёт; сары суу 1) сыворотка; 2) сукровица; 3) вода, смешанная с нечистотами; ичкени - сары суу он питался только мутной водой (болтушкой, брандахлыстом); жүрөгүнүн сары суусун алды он его сильно напугал; суу кечип алгыча пока грозит опасность; суу кечип алгыча гана жарашыптыр они помирились только на время (а потом опять начнут каждый своё); суу кечпей кал- оказаться бездоказательным, неправдоподобным, легко опровержимым; жалаасы сот алдында суу кечпей калат его клевета на суде будет легко опровергнута; суу куйса, төгүлгүс жорго иноходец с ровным ходом; кытай тилин суудай билет он великолепно знает китайский язык; суудай тилмеч ловкий, бойкий переводчик; жер-суунун баарына даңазалаган раззвонили по всему свету; суу чечек см.чечек 1; суу сийдик см.сийдик 2; суу мончок см.мончок 1; жинди суу см.жинди; никенин суусу см.нике; жерге-сууга тийгизбей см.тийгиз-; суу карек см.карек. суу II суу кудук (в эпосе) священный колодец (у монголов, калмыков). суу- III 1. охлаждаться, становиться холодным, остывать; чай сууп калды чай остыл; 2. (о коне, которого тренируют к скачкам) становиться поджарым, подтянутым в результате систематического обильного выпота; аргымак тер менен сууйт аргамак становится подтянутым (готовым к скачкам) в результате выпота; эликтей сууп, жараган (о скаковом коне) он готов к скачкам, стал поджарым, как косуля; сууган күлүк скакун, подготовленный к скачкам; сууган күлүк жылкыдай перен. подтянутый, стройный (о человеке; букв. как скакун, подготовленный к скачкам); 3. перен. (о людях) охладевать, отчуждаться; разочаровываться; алардын ортосундагы жакындык бара-бара сууп кеткен близкие отношения между ними постепенно сменились отчуждённостью; укканда кубанып, көргөндө көңүл сууйт погов. когда слышишь (о ком-л.), сердце радуется, видишь - сердце разочаровывается; кызуу иштин аягы сууганча пока страсти улягутся; пока пройдёт напряжённое состояние; эл аягы сууган кез время наступления вечерней темноты (когда народ перестаёт находиться вне дома).
Iзат.1. Булак, өзөн, дарыя, көл, деңиздерди пайда кылуучу, химиялык жагынан алганда водород менен кислороддун кошулушунан келип чыккан түссүз суюктук. Суу — жерге, байлык — элге (макал).
2. Өзөн, дарыя. Куюп жатат Чычканга Жети-Суудан эки суу (Токтогул).Сызылат башка суудай чыкпайт чуусу, Менсинет, көйрөңдөнбөйт Москвасуусу (Аалы).
3. Кургак эмес, ным. Суу болгон кийимдериңерди кургаткыла (Жантөшев). Суу тал. Суу отун.
4. Жемиштин, мөмөнүн суюк маңызы, ширеси жана ошол сыяктуу суюктуктар; Азыраак компоттун суусун ичтим (Жантөшев).
♦ Жер-суу — тиричиликке жана чарбачылык иштерин жүргүзүүгө ылайык шарттары менен бирге жалпы эле жерге карата айтылган жалпылоочу сөз. Кедейлер жер-сууга ээ болгон заман. Колхоздун жер-суусу. Отун-суу — үй тиричиликке эң эле зарыл болгон отун, суу сыяктуу оокат-тиричилик жөнүндө жалпылай айтылган сөз. Эгин-тегинге, чөп-чарга, отун-сууга каралашып берип, насыяңарды үзөрсүңөр! (Жантөшев). Суугаалуу — өлгөн адамдын сөөгүн жууп-тазалоо. Агынсуу — аккан суу; токтотулуп коюлбаган, агып жаткан суу. Суусактагыч — сууну токтотуп, көбөйтүү, топтоо, сактоо үчүн курулган жасалма көлмө. Топонсуу — диний түшүнүк боюнча: адамдардын күнөөсү үчүн кудай жазалап бут дүйнө жүзүн каптаткан сел, суу ташкыны. Топон суу жетпес Бээжинге Токтобой кыргын салам деп («Манас»). Карасуу — саздак жерлерден сызылып чыгып чогулган суу. Мойнуна кара таш байлап, Кара сууга салган ким? (Аалы). Асты жагы Ит кечпес, Имерилген кара суу («Манас»). Оозунанкарасуукелүү — курсагы ачып, өзөгү караруу, оозунан суу келүү. Ичерсуу — адамдын жашоосу, көрөр күнү, өмүрү. Маани жайын байкасам, Ичер суум куруптур («Мендирман»). Жүрөгүнүнсарысуусуналуу — коркутуп, санааркатып бүтүрүү, чочуркаган, санааркаган абалга жеткирүү. Жиндисуу — сүйл. арак, ичкилик. Жүргөн жери ызычуу Эч кимге жакпас жинди суу (Шүкүрбеков). Суумончок — тунук мончок, айнектен жасалган мончок. Турдукан кунандын көкүлүнө, куйругуна суу мончок такты (Бейшеналиев). Суукагазк. кагаз. Суужоолук — сүлгү. Шалактатпай бутумду Суу жоолук менен таңайын («Эр Табылды»). Суумай — өсүмдүк майы. Суу майга жасалган этсиз, тузу ачуу капуста сорпо (Абдукаримов). Суумылтык — суу сордуруп жана кайра аны атырылта чачыратып ойнош үчүн түтүктөн (көбүнчө балтыркандын сөңгөгүнөн) насос өңдөнтүп жасаган оюнчук. Суу мылтык кылып алышып, Атып жүрөт балалык (Токтогул). Суужүрөк — коркок, жалтак. Колтугунасуубүркүүк. колтук. Суукуйсатөгүлгүсже чайпалгыс — бөжүгөн, жүрүшү тынч, бөжүгөн жүрүштүү, мыкты (жоргого карата). Биздин колхоздун суу куйса төгүлгүс сур жоргосу жарышта биринчи болуп келди. Көктүнсуусу — кымыз, айран, сүт жөнүндө жалпылап айтылган сөз. Белсуу — эркектин уругу; сперма. Мурдунажетумшугунасуужетүү — мүңкүрөгөн абалга жетүү; айласы кетип, турасы түгөнүү. Сиркесисуукөтөрбөө — эч нерсени уккусу келбөө, туталануу.
СУУIIэтиш.1. Илеби кайтуу, муздоо, салкын тартуу. Тамак сууп, эртеден бери столдо ичилбей туруп калды («Чалкан»). Абаз абанын ысыгы тез сууп, тез кеч киришин чыдамсыздык менен күтүүдө (Таштемиров).
2. Мурдагыдай болбой калуу, кызуу болбой калуу, көңүлү кала түшүү, деми кайтуу, басаңчалоо. Жакшы кеңеш угамын деп айткан Жанболоттун көксөсү сууп, көчөгө чыкты (Шимеев). Эненин кызыл өңү бозоруп, сабыры сууй түштү (Сыдыкбеков).
3. Тапталуу, көкүрөгү басылуу, мыкты чуркай турган болуп бышыгуу. Аргымак сууйт тер менен («Олжобай менен Кишимжан»). Сууп калган буудандар, Сүмбөдөй болуп жарады («Семетей»). Аттар сууп калганда, Таңга супа салганда («Эр Табылды»).
♦ Изисууйэлек — көп убакыт өтө элек, эскире элек, унутула элек. Эл аягы сууган кез — баскан-тургандар, келгенкеткендер азайып, сейрек тартып калган, тынчып калган мезгил, учур.
суу (суюктук) суу агызгыч суу аралашма суу ашырбоо суу байлыктары суу бара суу болуу суу бою суу бөлгүр суу бүргөлөр зоо. суу бүркүттөр суу деңгээли суу жаныбарлары суу жеткирүү суу жинди суу жолу суу жоолук (сүлгү) суу жугузбоо суу жукпас суу жүрөк (коркок) суу жылан суу инженери суу ичкендей болуу суу кагаз суу кадастры (а. ч.) суу карек суу кечирүү суу кечпеген сөз суу кошпоо суу куйду суу куймасы суу куйса төгүлгүс суу куйса чайпалгыс суу курулуш архитектору суу май (өсүмдүк майы) суу массаж суу менен дарылоо суу мончок суу мунарасы (тех.) суу мурун суу мылтык суу нугу суу объектиси суу оору (вет.) суу өлчөгүч суу өсүмдүктөрү (бот.) суу өткөрбөөчү катмар суу пайдалануу суу режими суу ресурстары суу сактагыч суу самолёту суу самын (шампунь) суу сепкендей болуу суу сийдик суу сузгуч (тех.) суу тартарлар (зоол.) суу ташкыны суу текелер (зоол.) суу техникасы суу тилмеч суу топтомо суу турбинасы суу укугу суу чарбасы суу ченегичтер (зоол.) суу чечек суу чорго суу чөлмөктөр (зоол.) суу чыгымы суу чычкандар (зоол.) суу электрстанциясы суу энергетикасы суу эрозиясы сууга салуу сууга түшкөн чычкандай суугуна тоңуп, ысыгына күйүү суудай билүү суудан кечкиче суудан кургак чыгуу
Суунун химиялык составы Н2О экенин азыркы адамдардын баары билет. Ошону менен бирге суунун башка касиеттери да бар: суу агат, суусунду кандырат, кирди кетирет, жууп-тазалайт ж. б. Ушул сыяктуу касиеттеринин кайсынысы негизгиси катары таанылып, суу деген аты келип чыкканы азыр белгисиз.
Байыркы түрк эстеликтеринде бул сөз суг жана сув түрүндө болгон (ДТС, 513, 515). Ошону менен бирге «Огуз-намеде» усуг түрүндө да айтылат. Мисалы: Сачы мүрен усугы дег, ануң тиши үнжү дег эрди. Ким Итилниң угугыдан нечүк кечербиз деб деди. Мына ушул усуг сөзү эң алгачкысы болгон, ал ус+уг морфемаларынан куралган. Байыркы түрк тилинде ус этиши «сууса» маанисин берген (ДТС, 616). Ага этиштен зат, сын атооч жасоочу -г (-ыг, -иг, -уг, +г, -аг, -ег) мүчөсү жалганып, усуг сөзү жасалган. Ал «суусунду кандыруучу» дегенге жакын маани туюнткан.
Түрк тилдеринде башкы үндүү тыбышы түшүп калышынан келип чыккан суг сөзү кеңири колдонула баштап, алгачкы усуг түрү унутулган. Ал эми суг түрү өзгөрүүсүз сакталып айтылганы хакас, тува тилдеринде колдонулат. Кыргыз тилиндеги сугар, сугат сөздөрүндө байыркы суг түрү өзгөрүүсүз кала берген. Өзбек, кара калпак жана кыргыз тилинин дифтонгулуу говорлорунда сөздүн аягындагы г тыбышы в болуп өзгөрүп, сув түрүнө келген варианты айтылат. Казак жана уйгур тилдеринде г тыбышы биротоло түшүп, су болуп айтылат. Мына ушул су сөзүнө -са мүчөсү уланып, этиш жасалганда уйгур тилинде метатезаланып, усса түрүндө болот. Байыркы кезде сув вариантына этиш жасоочу -а мүчөсү уланып, сува сөзү жасалган. Андай түрү азыркы өзбек, уйгур тилдеринде сакталган. Кыргыз тилинде шыба түрүндө айтылып, чуваш тилиндегидей шыв «суу» сөзүнө этиш жасоочу -а мүчөсү уланган түрү колдонулат.
«Ысык болбой, илеби кайтып, муздай түшүү» маанисинде айтылган сөз суг<у бөлүктөрүнөн турат. Мындагы суг азыркы суу деген зат атооч сөздүн байыркы түрү. Ага этиш жасоочу -у мүчөсү жалганып жасалган сугу түрүнүн ортосундагы г тыбышы түшүп, суу түрүнө келген. Азыркы музда этиши муз+ла дегенден келип чыгып, «муз болуп калуу» маанисин эмес, «ысык болбой, сууп калуу» деген маани берген сыяктуу эле, суу (<суг+у) сөзү да «суу болуп калуу» дегенди эмес, «суу сыяктанып салкын тартып калуу» маанисин берип калган.
СУУ АКЫСЫ – жаратылыш байлыгын пайдалангандыгы үчүн сөзсүз төлөнүүчү салыксыз төлөмдөрдүн бир түрү. Курулуштарды, техникалык каражаттарды же дагы башка түзүмдөрдү колдонуу менен, түздөнтүз пайдалануучу уюмдар менен ишкерлер суу пайдалануу акысын төлөөчүлөр болуп саналат.
СУУБЕКЕТКЕ ЖЕТКИРИЛДИ, АЛЫМДАР ТӨЛӨНДҮ (DEQ) – Инкотермс эрежеси боюнча коюлган шарт. Ал боюнча сатуучу өз товарын келишимде көрсөтүлгөн суубекеттеги макулдашылган жайга чейин андан ары ташып кетүү үчүн «тазаланган» түрүндө жеткирип берүүгө милдеткер болот. Сатуучу товардын белгиленген жерге жеткирилгенге чейинки баардык тобокелчилиги менен чыгымдарын көтөрөт. Сатып алуучу сатуучу тарабынан жеткирилип, карамагына тапшырган товарды суубекеттеги макулдашылган жайда кабыл алууга, бекетте товар кабыл алынган учурдан тартып, анын башка чыгымдары менен тобокелчилигин өзү тартууга милдеттүү.
СУУ БЕЛГИЛЕР – кагаздагы өзгөчө тунук жерлер; белгилүү бир таризге ээ. С. б-и менен анык өзү экенин текшерүүнү жеңилдетүү үчүн акча белгилери жасалгаланат.
1. Жок кылуу, жоготуу, түгөтүү, аягына чыгуу. Малдын башын урдум, дүнүйөнү сууга салдым (Сыдыкбеков). 2. Унутуу, ойдон чыгарып коюу. Өткөн-кеткенди сууга салалы, эл болушалы деп келдик (Жантөшев).
1. Жок кылуу, жоготуу, түгөтүү, аягына чыгуу. Малдын башын урдум, дүнүйөнү сууга салдым (Сыдыкбеков). 2. Унутуу, ойдон чыгарып коюу. Өткөн-кеткенди сууга салалы, эл болушалы деп келдик (Жантөшев). В.: Сууга кетирүү. Колумда калган беш-он жылкымды сууга кетиргемин (Сыдыкбеков).
Өтмө катарынан өтүп, аябай чыланып, эч кургак жери калбай суу болгон абалга карата. ...Жамгыр эленип, көчүк басар орун калбай, сууга түшкөн чычкандай шүмүрөйүшүп, ак жаандан соңку чыкыроондо бүк түшүп жыгыла башташты (Касымбеков).
Өтмө катарынан өтүп, аябай чыланып, эч кургак жери калбай суу болгон абалга карата. Жамгыр эленип, көчүк басар орун калбай, сууга түшкөн чычкандай шүмүрөйүшүп, ак жаандан соңку чыкыроондо бүк түшүп жыгыла башташты (Касымбеков).
Кимдир бирөөнүн бардык кыйынчылыгын бирдей көтөрүү, абдан күйүмдүү болуу, ар дайым кам көрүп келүү. Алымдын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жүрүп баккан энеси (Жантөшев).
Кимдир бирөөнүн бардык кыйынчылыгын бирдей көтөрүү, абдан күйүмдүү болуу, ар дайым кам көрүп келүү. Алымдын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп жүрүп баккан энеси (Жантөшев).
Бирөө аркылуу зарыл ишин бүтүрүп алгыча, кырсыктан кутулуп, оңолуп алгыча. Суудан кечкиче тим эле жаныңды сууруп алчудай болгону болгон, акидей эле асылат (Ала-Тоо).
Бирөө аркылуу зарыл ишин бүтүрүп алгыча, кырсыктан кутулуп, оңолуп алгыча. Суудан кечкиче тим эле жаныңды сууруп алчудай болгону болгон, акидей эле асылат (Ала-Тоо).
Терс жактарына эч көңүл бөлбөй, жалаң гана оң жактарын айтып мактай берүү, өткөрө мактоо. Эки бала урушуп калса, күнөө кимисинде экенине карабай, өз баласына суу жугузбайт, а бирөөнүн баласын жамандай берет («Ала-Тоо»).
Терс жактарына эч көңүл бөлбөй, жалаң гана оң жактарын айтып мактай берүү, өткөрө мактоо. Эки бала урушуп калса, күнөө кимисинде экенине карабай, өз баласына суу жугузбайт, а бирөөнүн баласын жамандай берет («Ала-Тоо»).
Өзүнө сөз тийгизбей, ар кандай кыйын кырдаалдан аман-эсен кутулуп кеткен, өтө эпчил, куу. Суу жукпас азаматтан болбосо, Токтобек кара малды түгү менен, төөнү жүгү менен, акчаны түрмөгү менен жутуп алып, аман-эсен башкармалыктан бошоп, чоң кызматка көтөрүлбөйт эле да («Чалкан»).
Өзүнө сөз тийгизбей, ар кандай кыйын кырдаалдан аман-эсен кутулуп кеткен, өтө эпчил, куу. Суу жукпас азаматтан болбосо Токтобек кара малды түгү менен, төөнү жүгү менен, акчаны түрмөгү менен жутуп алып, аман-эсен башкармалыктан бошоп, чоң кызматка көтөрүлбөйт эле да («Чалкан»).
Коркок, кайратсыз, жүрөгү жок. Айтпадымбы! - деди Омор оңдоно калып, - Суу жүрөксүң (Сыдыкбеков). Кайраты жок, суу жүрөк, Кара жерге кирсин деп («Эр Төштүк»).
Коркок, кайратсыз, жүрөгү жок, жалтак. Айтпадымбы! – деди Омор оңдоно калып, – Суу жүрөксүң (Сыдыкбеков). Кайраты жок, суу жүрөк, Кара жерге кирсин деп («Эр Төштүк»).
1. Булак, өзөн, дарыя, көл, деңиздерди пайда кылуучу, химиялык жагынан алганда водород менен кислороддун кошулушунан келип чыккан түссүз суюктук. Суу – жерге, байлык –элге (макал). 2. Өзөн, дарыя. Куюп жатат Чычканга Жети-Суудан эки суу (Токтогул). 3. Кургак эмес, ным. Суу болгон кийимдериңерди кургаткыла (Жантөшев). Суу тал. Суу отун.
1. Илеби кайтуу, муздоо, салкын тартуу. Тамак сууп, эртеден бери столдо ичилбей туруп калды («Чалкан»). Абаз абанын ысыгы тез сууп, тез кеч киришин чыдамсыздык менен күтүүдө (Таштемиров). 2. Мурдагыдай болбой калуу, кызуу болбой калуу, көңүлү кала түшүү, деми кайтуу, басаңдоо. Жакшы кеңеш угамын деп айткан Жанболоттун көксөсү сууп, көчөгө чыкты (Шимеев). Эненин кызыл өңү бозоруп, сабыры сууй түштү (Сыдыкбеков). 3. Тапталуу, көкүрөгү басылуу, мыкты чуркай турган болуп бышыгуу. Аргымак сууйт тер менен («Олжобай менен Кишимжан»). Сууп калган буудандар, Сүмбөдөй болуп жарады («Семетей»). Аттар сууп калганда, Таңга супа салганда («Эр Табылды»).
1. холод; мороз; холодный; морозный; күн суук погода холодная; суук чай холодный чай; абанын температурасы түн ичинде беш градус суук температура воздуха ночью пять градусов мороза; бир градус сууктан үч градус жылуу от одного градуса мороза до трёх градусов тепла; аттан ыргып кете турган суук трескучий мороз; суук же- (о человеке) испытывать холод, мёрзнуть; суукка тоңуп кетмей болдум я замерзаю; 2. (в народной медицине) пища и питьё, которые вызывают в организме ощущение холода (см.ысык); апийим уу болот; мында тамакты күчтөп ичпесе, киши суугуна тегеренип жыгылып калат опиум ядовит; если здесь (на сборе опия) плотно не есть, то у человека от слабости кружится голова, и он падает; 3. (в народной медицине) название тяжёлой болезни (вызывающей ослабление организма, требующей высококалорийной - мясной, жирной пищи); сийгелектеп калыпсың, суугуң ашып кеткен турбайбы ты что-то часто мочиться стал, у тебя, смотри, (в организме) суук усилился; 4. неприятный, неприветливый; противный, антипатичный; элге суук көрсөт- выставлять кого-л. перед народом в нехорошем виде; вызывать к кому-л. неприязнь народа; суук ооз (о человеке) со злым языком; суук сөз неприятная речь; неприятная весть; суук кабар неприятное известие, тяжёлое известие; түрү суук неприятного вида, неприятный на вид; өңү суук лицо, вызывающее антипатию; көзгө суук антипатичный; суук учура- претить, быть противным; суук тийди простудился; суук тийгиз- простудить; суук тийгизип ал- схватить простуду, простудиться; суук тийгизип алдым я простудился; суук кол грязная (нечестная) рука; суук көз недобрый глаз (который якобы может сглазить, повредить); турмуштун ысык-суугун таткан он испытал и радости и горести жизни; он бывал во всяких житейских передрягах; ысыгына бата албай, суугуна жата албай страшась его грозного вида; суугуна тегеренип калыптыр он совершенно ослабел (температура упала ниже нормальной); адамды суугуна айландырып (или тегерентип) коё турган кызмат изнурительная работа; суугуна тоңору, ысыгына күйөрү жок у него нет никого, кто бы разделял его горе и его радости.
зат.1. Абанын төмөнкү температурада болушу, муздактык, аяз. Суукка чыйрыгып калган койлор чубуруп короого келе баштады (Убукеев). Кыш чилдеси кырк күнү Суук болот күн-түнү (Тоголок Молдо).
2. Сулуу эмес, серт, кебетеси жаман. Аркаңдагы учкашкан, Түрү суук кандай таз («Эр Төштүк»). Болуштун өңү адамдан суук эле (Каралаев). Сарайдын кебетеси да суук көрүнөт (Байтемиров).
3. Жагымсыз, ырайымсыз; кейиштүү, кайгылуу. Суук көз. Суук кабар. Тили суук.
4. сүйл. Организмдин начарланышы, күчтүүлөп тамактанууну талап кылган организмдин начарлоосу. Апийим уу болот. Мында тамакты күчтөп ичпесе, киши суугуна тегеренип жыгылып калат. [Ысак сенин] суугуң ашып кетиптир (Абдукаримов).
♦ Суукколунсалуу — коомдун же башка бирөөнүн мүлкүн, акысын өз кызыкчылыгына пайдалануу, өзүнө алууну көздөө. Суукооз — заар тилдүү, кер ооз. Сууккөз — жаман ниеттеги, жаман пикирдеги киши, жат киши. Суук көзгө карааны Беш-алты жүз чамалуу (Тоголок Молдо). Сууктумшук — жек көрүндү. Иштебегендер элге-журтка суук тумшук болуп калучу (Байтемиров). Сууктийүү — суукка урунуудан организм ооруга чалдыгуу, сезгенүү. Суук тийгенби, айтор, мурдун шор тартып утур-утур шыпшынат (Байтемиров). Суукка алдыруу — үшүтүп жиберүү. Акбар кулагы менен бетин суукка алдырып жибериптир (Убукеев).
суук, суугу, суукка суук алкактар суук боор суук кабар суук кол суук колун салуу суук көз суук көзгө чалынбоо суук көрүнүү суук мамиле суук ооз суук селки суук сөз суук тийүү суук тил суук тилин агытуу суук тумшук суук түр суук уюл суук чөл
1. Абанын төмөнкү температурада болушу, муздактык, аяз. Суукка чыйрыгып калган койлор чубуруп короого келе баштады (Убукеев). Кыш чилдеси кырк күнү, Суук болот күн-түнү (Тоголок Молдо). 2. Сулуу эмес, серт, кебетеси жаман. Аркаңдагы учкашкан, Түрү суук кандай таз («Эр Төштүк»). Болуштун өңү адамдан суук эле (Каралаев). Сарайдын кебетеси да суук көрүнөт (Байтемиров). 3. Жагымсыз, ырайымсыз; кейиштүү, кайгылуу. Суук көз. Суук кабар. Тили суук. 4. сүйл. Организмдин начарланышы, күчтүүлөп тамактанууну талап кылган организмдин начарлоосу. Апийим уу болот. Мында тамакты күчтөп ичпесе, киши суугуна тегеренип жыгылып калат. Ысак сенин суугуң ашып кетиптир (Абдукаримов).
Убактылуу ыраазы кылуу, алдап жолго салуу, иттен чыгаруу. Алар-булар эле деп чоң тизме түзүүнүн зарылдыгы жоктур, же ал жөн эле суу кечиргенби («Чалкан»).
Убактылуу ыраазы кылуу, алдап жолго салуу, иттен чыгаруу. Алар-булар эле деп чоң тизме түзүүнүн зарылдыгы жоктур, же ал жөн эле суу кечиргенби («Чалкан»).
Жараксыз, орду жок, келжирек, эч нерсеге арзыбай турган, эч ким тоготпогон сөз. Суу кечпей турган сөздү айтып эмне кыласыңар! – деди Асанкул (Убукеев).
Бүлдүргүч, зыян келтирүүчү, душмандык кылуучу. Суук кол тийбесе, нал өспөгөндө, кайда барат дейсиң (Бөлөкбаев). Коомдук мүлктү суук колдон сактайлы («Советтик Кыргызстан»).
Бүлдүргүч, зыян келтирүүчү, душмандык кылуучу. Суук кол тийбесе, мал өспөгөндө кайда барат дейсиң (Бөлөкбаев). Коомдук мүлктү суук колдон сактайлы («Советтик Кыргызстан»).
1. Коомдук мүлккө же башка бирөөнүн мүлкүнө, акчасына көз артып, аны өз кызыкчылыгына пайдалануу, өзүнө алууну көздөө. Бүткүл элдик менчикти сактоодо ага суук колун салып жаткандарга каршы күрөшүү аракеттери жүргүзүлүп жатат («Советтик Кыргызстан»). 2. Душмандык кылуу, кыянатчылык көрсөтүү. Сурасам бербес Төштүгүң Суук колум саламын, как баш («Эр Төштүк»).
1. Коомдук мүлккө же башка бирөөнүн мүлкүнө, акчасына көз артып, аны өз кызыкчылыгына пайдалануу, өзүнө алууну көздөө. Бүткүл элдик менчикти сактоодо ага суук колун салып жаткандарга каршы күрөшүү аракеттери жүргүзүлүп жатат («Советтик Кыргызстан»). 2. Душмандык кылуу, кыянатчылык көрсөтүү. Сурасам бербес Төштүгүң Суук колум саламын, как баш («Эр Төштүк»).
Жаман ниеттеги, жаман пикирдеги жат киши, душман. Силер суук көзгө көрсөтпөй турган кызыңарды өлүмтүк дөбөткө тыттырдыңар («Советтик Кыргызстан»). Суук көздөн качып, байкалбас эл четин чалды (Осмоналиев).
Жаман ниеттеги, жаман пикирдеги жат киши, душман. Силер суук көзгө көрсөтпөй турган кызыңарды өлүмтүк дөбөткө тыттырдыңар («Советтик Кыргызстан»). Суук көздөн качып, байкалбас эл четин чалды (Осмоналиев). Суук көзгө карааны Беш-алты жүз чамалуу (Тоголок Молдо). Суук сөздөн, суук көздөн калкалап, Канча жолу нөшөрлөрдөн далдалап (Бегимкулова).
Ниети жамандан алыс болуу, ичи кара, жамандык издегенден качуу, оолак жүрүү. «Элим ай, мен качкынмын, көп да даршан боло бербейин, суук көзгө көп чалынбай көңүлдөш кишилердин ичинде эле жүрө турайын»,- деди (Касымбеков).
Ниети жамандан алыс болуу, ичи кара, жамандык издегенден качуу, оолак жүрүү. «Элим ай, мен качкынмын, көп да даршан боло бербейин, суук көзгө көп чалынбай көңүлдөш кишилердин ичинде эле жүрө турайын” ,– деди (Касымбеков).
Көзгө жаман көрүнүү, жек көрүндү болуу, жакпоо. Токтонбойт санаа, көңүлүм, Элиме суук көрүндүм («Кедейкан»). Жылдызкансыз үйдүн ичи мүрзөдөй суук көрүндү (Байтемиров).
Көзгө жаман көрүнүү, жек көрүндү болуу, жакпоо. Токтонбойт санаа, көңүлүм, Элиме суук көрүндүм («Кедейкан»). Жылдызкансыз үйдүн ичи мүрзөдөй суук көрүндү (Байтемиров).
Заар тилдүү, тили суук, кер ооз. Суук ооз шүмшүктүн Дыркырап турат мүнөзү (Тоголок Молдо). Келиптир суук ооз ант урган чал, Эшикте балдар менен жакалашты (Шүкүрбеков). Бир суук ооз шүмшүк бар, Шүмшүктө далай түйшүк бар (Тоголок Молдо). Суук ооз шүмшүктүн, Дыркырап турат мүнөзү (Тоголок Молдо). Келиптир суук ооз ант урган чал, эшикте балдар менен жакалашты (Шүкүрбеков).
Так өзүндөй, кандай болсо ошондой, эч кошумчасыз. Балам, ушул сөзүмдү суу кошпой атаңа айтып баргын («Ала-Тоо»). Анын суу кошпой сүйлөгөнү жакты (Осмоналиев).
Так өзүндөй, кандай болсо ошондой, эч кошумчасыз. Балам, ушул сөзүмдү суу кошпой атаңа айтып баргын («Ала-Тоо»). Анын суу кошпой сүйлөгөнү жакты (Осмоналиев).
Жаман, терс, заар, ачуу айтылган кеп. Суук сөздү бетке айтат, Куралган жыйын көпкө айтат (Тоголок Молдо). Акунжан жөнүндөгү аркы-берки суук сөздөр күн сайын көбөйүп кетти (Байтемиров). В.: Суук тил. Букендин суук тили Зууракандын жанына далай баткан (Сыдыкбеков). Өз өкүмдары катуу кол, суук тил болгону үчүн түп көтөрө ага каршы аттанып чыкканын, эске салды датка айым (Касымбеков).
Жаман, терс, заар, ачуу айтылган кеп. Суук сөздү бетке айтат, Куралган жыйын көпкө айтат (Тоголок Молдо). Акунжан жөнүндөгү аркы-берки суук сөздөр күн сайын көбөйүп кетти (Байтемиров). -Койчу суук сөзүңдү, - деди атасы чыйрыккандай (Айтматов).
Өтө жан кейиткен, көңүлгө катуу тийген ачуу сөз. Букендин суук тили Зууракандын жанына далай баткан (Сыдыкбеков). Өз өкүмдары катуу кол, суук тил болгону үчүн түп көтөрө ага каршы аттанып чыкканын, эске салды датка айым (Касымбеков).
Жек көрүндү, шүмшүк, элге жаман жагынан таанылган. Батма суук тумшук болуп, эл-журттан бөлүнүп калганын эми түшүндү (Байгемиров). Кызматыма да, үйүмө да суук тумшук болуп баратам («Чалкан»).
Жек көрүнчү болуу, жаман атка конуу деген маанилерде колдонулат. Менин ошо кадырымды жанагы атың өчкөн Кулет дей турган сынган кернейдей болгон суук тумшук кара санатай ит тепсеп отурбайбы (Ш.Үмөталиев). Иштебегендер элге-журтка суук тумшук болуп калучу (Байтемиров). Башта суук тумшук болуп, эл-журттан бөлүнүп калганын эми түшүндү (Байтемиров). Кызматыма да, үйүмө да суук тумшук болуп баратам («Чалкан»).
Бөжүгөн, мыкты жүрүшү бар жоргого карата айтылат. Соорусуна суу куйса төгүлгүс боз жорго эле («Ала-Тоо»). Биздин колхоздун суу куйса төгүлгүс сур жоргосу жарышта биринчи болуп келди. В.: Суу төгүлгүс. Суу төгүлгүс жорго. Суу куйса чайпалгыс. Жаныбарым тим эле суу куйса чайпалгыс жорго тура.
(в народной медицине) 1. человек, предрасположенный к заболеваниям суук (см.суук 3); 2. (о младенце) подверженный частым заболеваниям желудка (таким детям рекомендовали давать топлёное коровье масло).
Iзат. 1. Жүгөндүн ооздук темирине төңөлүк аркылуу тизгин, чылбырдын туташтырылган бөлүгү. Аттар ооздугун кемирип, суулугун шылдырата берет (Сыдыкбеков). Жакып тор кашканы кош суулуктан алып, кыймылдатпай кармап турду (Шүкүрбеков).
2.диал. Ооздук. Табына келген буудандар Суулугун чайнап кемирет (Токтогул).
СУУЛУКIIзат. Сүлгү; суу жоолук, кол аарчы. Белен турган ак баржак суулукту алып сүртүнүп, кургандым (Убукеев).
СУУЛУКIIIзат. диал. Жаанда кийүүчү суу өткөрбөс кийим, плащ.
1. Жүгөндүн ооздук темирине төңөлүк аркылуу тизгин, чылбырдын туташтырылган бөлүгү. Аттар ооздугун кемирип, суулугун шылдырата берет (Сыдыкбеков). Жакып тор кашканы кош суулуктан алып, кыймылдатпай кармап турду (Шүкүрбеков). 2. диал. Ооздук. Табына келген буудандар Суулугун чайнап кемирет (Токтогул).
1. диал. Жаанда кийүүчү суу өткөрбөс кийим. 2. Тапка үйрөтүлүп жаткан куш, бүркүткө ак жем менен бирге берилүүчү суюгу. Тапкан келиш үчүн да суулук берет.
Суу сордуруп жана кайра аны атырылта чачыратып ойнош үчүн түтүктөн (көбүнчө балтыркандын сөңгөгүнөн) жасаган оюнчук. Суу мылтык кылып алышып, Атып жүрөт балалык (Токтогул).
возвр. отсуу- III охлаждаться; суудан ичип суунуп, үстү-башын жуунуп фольк. выпив воды и остыв, свою одежду постирав; денеси бир ысып, бир суунат его то в жар, то в холод бросает.
СУУНУ БУЛГОО – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган экологиялык кылмыш; ал суунун (жер үстүндөгү жана жер астындагы) саркынды суулар, өндүрүш, тиричилик ж. б. калдыктар менен таштандылардын түрлөрүнөн улам булгануусунун натыйжасында калктын денсоолугуна зыян алып келүүсү жана оор кесепеттерге кабылтуусу менен мүнөздөлөт.
СУУ ОБЪЕКТИ – кургак жер бетинин чеги бар табигый тариздеринде же жер алдыларында топтолгон суулар, суу режиминин көлөмү жана чектери. С. о-не анын аймагында жайгашкан өзөн суулар, көлдөр, мөңгүлөр, карлар, саздар жана башка жер үстүндөгү булактар, ошондой эле жер алдындагы суулар, анын ичинде дарылык-минералдык жана кайнар суулар кирет. С. о. табигый ресурстардын түрү катары жарандык укуктун өзгөчө объектиси болуп саналат. С. о-не карата ээлик кылуу түшүнүгү толук өлчөмдө колдонулбайт, анткени анда топтолгон суулар тынымсыз кыймылда жана суу алмашуу абалында болот. С. о-не жеке менчик укугунун предмети катары негизинен объект гана каралат. С. о-не жана аларды пайдалануу укугуна карата, эгер КР суу мыйзамдарында башка жагдайлар каралбаса, жалпы жарандык мыйзамдардын эрежелери колдонулат. С. о-не менчик ээси болбогон адамдар аларга карата төмөнкүдөй укуктарга ээ болоору мүмкүн: узак мөөнөткө пайдалануу; кыска мөөнөткө пайдалануу; чектелүү пайдалануу (суу сервитуту). С. о. биринчи иретте калктын ичүүсүнө жана турмуш-тиричиликтик керектөөлөрүн канагаттандырууга берилет.
СУУ ПАЙДАЛАНУУ – суу ресурстарын пайдалануунун аркыл тариздерин жөнгө салуучу суу укугундагы негизги институттардын бири. КР суу мыйзамдарында С. п-нун үч түрү айырмаланат: узак мөөнөттүү, кыска мөөнөттүү жана чектелүү (суу сервитуту ). С. п. максаттуу белгилери боюнча чарбалык (өнөржайлык, унаалык, ирригациялык ж. б.), жаратылышты коргоочу, рекреациялык, илимий, өзгөчө кырдаалдагы жана башка болуп айырмаланат. КР суу мыйзамдарында жалпы эреже катары ал үчүн акы төлөө принциби белгиленген.
суур I сурок; суурдун айгырындай (о голосе) грубо басистый; суурча тиштеген жерин коё бербеген (о человеке) цепкий, хваткий (ухватившись за кого-что-л., не отпустит, пока не добьётся своего). суур- II выдёргивать, вытаскивать, вытягивать; кылыч суур- выхватить, обнажить меч; сунган башты, суурган кылыч кеспейт погов. повинную (букв. вытянутую) голову обнажённый меч не сечёт; чегирткеге кылыч сууруп жатат он на кузнечика меч вынимает; он по воробьям из пушки стреляет; жүрөгүн кабы менен сууруп берип (он) от всего сердца, со всей готовностью (букв. сердце своё вместе с сердечной сумкой вытащив); камырдан кыл суургандай см.камыр I.
Iзат. Ийинде жашап, кышкысын чээнге кире турган кемирүүчүлөр тобуна жатуучу жапайы айбан. Үч-төрт суур аңкыштап кире качты (Жантөшев).
СУУРIIэтиш. Кындан, катылуу жерден же бир нерсенин арасынан алып чыгуу, тартып чыгуу. Кара болот нар кескен Кындан алып сууруп («Манас»). Таңыракай жигит чөнтөгүнөн «Беломорканал» папиросун сууруп чыкты (Жантөшев). Көкүрөктөн бир ыкшап, Сууруп ташта найзамды («Курманбек»).
Жөнү жок, жүйөсү жок ороң этүү, уят-сыйыты жок орой сөз айтуу деген маанилерде. Анын сөзүн кулагы чала калган аш ээси, сокур неме, булардын бети кайтпас түрүн байкап, суурдун эркегиндей корс этти (Ш.Үмөталиев).
Кындан, катылуу жерден же бир нерсенин арасынан алып чыгуу, тартып чыгуу. Кара болот нар кескен Кындан алып сууруп («Манас»). Көкүрөктөн бир ыкшап, Сууруп ташта найзамды («Курманбек»). Бир сомду чөнтөгүмдөн сууруп жатканда, көз алдымдан ушунун баары чууруп өттү (Усубалиев).
зат. Шкафтын, столдун жана башка мебелдердин суурулуп алынуучу ящиги. Мына бул гардеробго кийимдерин илип, астындагы суурмасына бут кийимдерин чечип коюшат («Ала-Тоо»).
Шкафтын, столдун жана башка эмеректердин суурулуп алынуучу тартмасы, өзүнчө бөлүгү. Мына бул гардеробго кийимдерин илип, астындагы суурмасына бут кийимдерин чечип коюшат («Ала-Тоо»).
возвр.-страд. отсуур- II вытаскиваться, выдёргиваться; быть вытаскиваемым, выдёргиваемым; собрав все силы, выбираться, вылезать из чего-л. или из-под чего-л.; тамырынан бери суурулду вырвано с корнем; суурулуп, суудан чыкты он вынырнул (букв. он вырвался из-под воды); караңгыдан суурулуп, алдыга жөнөй берди выбравшись из темноты, он устремился вперёд; колдон суурулган ловкий, расторопный, бедовый; чаттан суурулган ат горячий конь.
этиш. 1. Чаңкоо, суу, суусун ичкиси келүү. Суусаганда жагымдуу Балдан таттуу аккан суу (Тоголок Молдо). Түндө мен суусаганда бул кымызды эмне үчүн мага беришкен жок (Каимов).
2. Суу тилеп туруу, сугарууну талап кылып туруу. Суусап жаткан эгинди Кандырасың Ак-Буура (Аалы).
3. өт. Эңсөө. Куду башатка жамыраган козулардай, кыргыздын илимге суусаган балдары мектепке ашыкты (Сыдыкбеков).
1. Чаңкоо, суу, суусун ичкиси келүү. Суусаганда жагымдуу Балдан таттуу аккан суу (Тоголок Молдо). Түндө мен суусаганда бул кымызды эмне үчүн мага беришкен жок (Каимов). 2. Суу тилеп туруу, сугарууну талап кылып туруу. Суусап жаткан эгинди Кандырасың Ак-Буура (Токомбаев). 3. өт. Эңсөө. Куду башатка жамыраган козулардай, суусаган балдар булакты көздөй чуркашты.
зат. Териси баалуу майда жырткыч айбан жана анын териси. Суу боюнда көрүнбөй, Суусар бойлойт жылтылдап (Осмонкул). Ичин суусар ичтетип, Тышын булум тыштатып («Манас»).
Бул сөз суу+сар деген эки бөлүктөн турат. Анын суу дегени – азыркыча эле суу, ал эми сар дегени – иранча -сар мүчөсү, ал кыргызча -луу мүчөсүнүн маанисин берет. Ошондо суусар сөзү «суулуу» дегенге барабар маани берген сөздөн келип чыгат. Азербайжан, өзбек . тилдеринде сансар сөзү да суусарды билдирет, бирок ал таштуу жердеги суусарды билдирет, анткени сан сөзү иранча санг «таш» дегенди туюнтат.
Элдин байкашы боюнча, суусардын эки түрү болот: бири тоолуу-таштуу жерде жашайт, анын төшү ак болот, экинчиси суулуу, токойлуу жерде жашайт, анын төшү сары болот. Ошондуктан алардын бири иранча сансар аталса, экинчиси түркчө суу жана иранча сар сөздөрү бириктирилип суусар аталган. Ошондой аталыштары менен бири-биринен ажыратылган. Бирок кыргыз тилинде суулуу жерде жашаганынын аты кеңири колдонулуп, аны менен таштуу жерде жашаганын да атай берүүгө өткөн.
Тянь-Шанда жашаган байыркы элдер булгунду самур деп, кундузду сувсамуру дешкен. Аны азыркы Суусамыр деген жайлоонун атынан билүүгө болот. Кундузду кырып-жоюп куруткан соң, ал жаныбардын өзү да, аты да жоюлуп, бир убакта ал жашаган жердин аты гана сакталып калган, сувсамуру деген сөз кундуз менен алмаштырылган. Булгун (соболь) менен кундуздун (выдра) айырмасы кескин болгон менен, алар байыркы кезде самур деген бир сөз аркылуу туюнтулган. Ошондой үлгүгө салып, төшүндөгү ак же сары түстүү жүнүнө карабай, суусарды бир сөз менен атоо кыргыз тилинде кабыл алынган.
Териси баалуу майда жырткыч айбан жана анын териси. Суу боюнда көрүнбөй, Суусар бойлойт жылтылдап (Осмонкул). Ичин суусар ичтетип, Тышын булум тыштатып («Манас»).
1. Кимдир бирөөнүн жаман кылык-жоруктарын, кыянатчылыгын ж.б. сезип ичи муздай түшүү, ага карата жек көрүү сезими пайда болуу. Баягыдан кийин суу сепкендей болдум («Чалкан»). Жылдызкандын көтөрүлө түшкөн көңүлүн агасынын акыраңдашы суу сепкендей кылды (Байтемиров). 2. Кандайдыр бир окуя жөнүндөгү маселе, имиш-имиш тез басылуу, тып токтолуу. Күбүр-шыбыр суу сепкендей басылды (КОС). Чуу суу сепкендей басыла түштү. Жалгыз Момундун үнү басылган жок (Касымбеков).
1. Кимдир бирөөнүн жаман кылык-жоруктарын, кыянатчылыгын ж. б. сезип ичи муздай түшүү, ага карата жек көрүү сезими пайда болуу. Баягыдан кийин суу сепкендей болдум («Чалкан»). Жылдызкандын көтөрүлө түшкөн көңүлүн агасынын акыраңдашы суу сепкендей кылды (Байтемиров). 2. Кандайдыр бир окуя жөнүндөгү маселе, имиш-имиш тез басылуу, тып токтолуу. Күбүр-шыбыр суу сепкендей басылды. Чуу суу сепкендей басыла түштү. Жалгыз Момундун үнү басылган жок (Касымбеков).
СУУ СЕРВИТУТУ – суу объектисинен чектелүү пайдалануу укугу. Жарандык мыйзамдардагы сервитуттар тууралуу жалпы жоболор С. с-на карата КР суу мыйзамдарына карама-каршы келбегендей деңгээлде колдонулат.
Уругунан бала болбогон, бала төрөлбөгөн (эркекке карата айтылат). «Суу сийдик», «Куу баш» деген сөздү укпаган, мынчалык катуу, заар сөз экенин сезбеген (Касымбеков).
Уругунан бала болбогон, бала төрөлбөгөн (эркекке карата айтылат). «Суу сийдик», «Куу баш» деген сөздү укпаган, мынчалык катуу, заар сөз экенин сезбеген (Касымбеков).
1. жажда; суусуну канды он утолил жажду; 2. то же, что суусундук; суусунду сурап ичет питьё пьют спрашивая (т.е. пить можно попросить, это не зазорно).
1. Суусагандык, чаңкагандык. Толкуп аккан булактан Суусунун мыктап кандырды («Эр Төштүк»). Суусуну кана ичсин – деп, Байтал кымыз бал берип (Калмырза). 2. Суусунду кандыруучу, суусаганда ичүүчү суюктук. Колунан колхоз кызы суусун берди (Үмөталиев).
Жашай турган күнү бүтүү, өлүү. Суусу түгөнгөн күнү киши өлөт. «Бечара, мунун да суусу түгөнгөн экен” – деп кейимиш болушуп, тууган-урук көөмп коё турган (Мавлянов).
Жашай турган күнү бүтүү, өлүү. Суусу түгөнгөн күнү киши өлөт. «Бечара, мунун да суусу түгөнгөн экен» -деп кейимиш болушуп, тууган-урук көөмп коё турган (Мавлянов).
суут I 1. выстойка, охлаждение (потной лошади); аттар, сууту канса, окуранат, ошондо отко койгула лошади, когда выстоятся, тихо ржут, тогда пускайте (их) пастись; аттын сууту канды лошадь выстоялась (можно пускать к корму); айтылуу буудан боз жорго, абыдан сууту кансын - деп, аса байлап салыптыр стих. чтобы знаменитый серый иноходец хорошо выстоялся, он привязал его, высоко подняв ему голову; 2. систематические выстойки после гоньбы (тренировка коня к скачкам); аттын суутун кандыр- подготовить коня к скачкам; суутун жакшы кандыргын, көк шиберге чалдыргын стих. (готовя к скачкам коня) хорошенько ставь на выстойку, (потом) пускай на зелёную траву; сууту канган күлүктөймүн я совершенно здоров и бодр (букв. как скакун, готовый к скачкам). суут- II понуд. отсуу- III охлаждать, остужать; чайды бир аз суутуп ич чай пей, немного остудив; ат суут- 1) ставить потную лошадь на выстойку; 2) тренировать лошадь, яровать (готовя к скачкам путём систематической гоньбы и выстоек); изин суутпай по горячим следам; сууткан аттаймын я здоровёхонек (букв. как готовый к скачкам конь); сен - деп, жылуу ордумду сууткамын ради тебя я оставила мужа своего (букв. ради тебя я остудила свою тёплую постель); анда сага суутуп коюптурбу? нечего тебе там делать!; так вот тебя там и ждали!; так для тебя там и приготовили!; тил суут- притушить неприятные разговоры (посулами).
Iзат. Суугандык, сууп тапка келгендик (күлүк атка карата). Суутун жакшы кандырган, Көк шиберге чалдырган (Тоголок Молдо).
СУУТIIсуу этишинин аркылуу мамилеси.
♦ Суутупкоюптурбу — «баруунун эч жөнү жок», «сага эмне бар» деген мааниде колдонулат. Мага окшогон кетменчилерге ал жакта суутуп койду дейсиңби (Маликов).Изсуутуу — көп убакыт өткөрүү, унуткаруу, эскиртип жиберүү. Эптеп изин суутуш үчүн катташууну азайтат («Чалкан»).
Суугандык, сууп тапка келгендик (күлүк атка карата). Суутун жакшы кандырган, Көк шиберге чалдырган (Тоголок Молдо). Узакка чабылганга сууту жетпегендик кылып, каны күйүп кеткен экен (Жакыпбеков).
1. Жек көрүндү. 2. Жакындарына батпаган. 3. Кадырын жоготкон. 4. Элден чыккан. Мына ушул күр жайлоонун түрүндөй көңүл ачкан жайда жалгыз гана ал өзү суу тумшук болуп чыкты (Станалиев).
Баруунун эч жөнү, кажети жок, сага эмне бар, барба деген мааниде колдонулат. Мага окшогон кетменчилерге ал жакта суутуп коюптурбу? (Маликов). - Эмне, Чүйдө суутуп коюптурбу бирөө бизге. Кайда барсаң Мамайдын көрү (Сыдыкбеков).
Баруунун эч жөнү, кажети жок, сага эмне бар, барба деген мааниде колдонулат. Мага окшогон кетменчилерге ал жакта суутуп коюптурбу? (Маликов). – Эмне, Чүйдө суутуп коюптурбу, бирөө бизге Кайда барсаң Мамайдын көрү (Сыдыкбеков).
1. и. д. от суут- II; 2. выстойка (коня); бир суутуусу калыптыр (коню, чтобы быть совсем готовым к скачкам) недостаёт одной выстойки; суутуусу жетишкен (конь) полностью готов к скачкам.
СУУ УКУГУ – сууну коргоо жана пайдалануу боюнча коомдук мамилелерди жөнгө салуучу укуктук ченемдердин тутуму, ошондой эле тийиштүү илимий жана окуу сабагы. С. у. мыйзамдардын өзалдынча тармагы болуу менен, ошол эле учурда экологиялык адам укугунун тармакчасы болуп саналат.
СУУ ФОНДУ – баардык суу объектилеринин жыйындысы, алар баскан жерлер, анын ичинде суу сактоочу аймактарга бөлүнүп берилген аянттар жана аларда топтолгон суу ресурстары. КР С.ф. мамлекеттин менчиги болуп саналат.
СУУ ФОНДУСУНА КАРАШТУУ ЖЕР – С. ф. к. ж-ге суу бети ээлеген жерлер (дарыя, көл, суусактагыч, канал) саз, мөңгү, гидротехникалык жана суу чарба курулуштары, ошондой эле аларга караштуу тилкелер кирет. Белгиленген тартиптеги улуксаты болсо, ал жерлер курулуш куруу жана пайдалануу, калкты таза суу менен камсыз кылуу, денсоолугун чыңдоо, турмуш-тиричилик керектөөлөрүн канагаттандыруу, ошондой эле суу чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жайы, жаратылышты коргоо, балык чарбасы, энергетика, унаа керектөөсү үчүн колдонулат.
СУУ ЧАРБА ОБЪЕКТИ – суу объекттерин жана
алардын суу ресурстарын пайдаланууга, калыбына келтирүүгө жана коргоого
байланышкан курулма. С. ч. о-сине сууну жөнгө салуу, пайдалануу жана коргоо үчүн
арналган байланыштыруучу, туташтыруучу, жөнгө салуучу комплекстери, тазалоочу
жана башка техникалык жабдуулары менен жасалма каналдар, суу арыктары, суу
сактагычтар, көлмөлөр, көлчөлөр кирет.
1. поливальщик посевов; 2. уст. ирригатор; 3. разг.то же, чтомурап; 4. ист. работник или бедный родич (см.коңшу 2), на обязанности которого лежало приносить воду, рубить и привозить или приносить на себе топливо (см.отунчу) и т.п.
1. хорошо плавающий, пловец; водник; суу алдына түшүүчү суучул водолаз; 2. (о птицах) водоплавающий; суучул кара или суучул чымчык нырок; 3. проводник, отыскивающий брод; кароолу дүрбү салбасын, суучулдар кечүү чалбасын фольк. как бы караульные не подсмотрели в подзорную трубу, как бы проводники не разыскали брод; 4. плотовщик (человек, перевозящий пассажиров на плоту); суучул жалдашып, салга түшүп, Иленин дайрасынан өтүштү наняв плотовщика, они сели на плот и переправились через реку Или; 5. водник (работник водного транспорта); суучулдар секциясы спорт. водная секция.
сын.1. Сууда жашаган, тиричилиги сууда өткөн. Суучул кара чакылдак Бу да келди шакылдап (Тоголок Молдо).
2. Сууда сүзүүнү жакшы билген. Эң абал пионерлерди көлгө салып, Суучулдар кулач урду, тынбай сурап (Маликов). Күркүрөп аккан шарыңдан, Суучулдар өтөт сүздүрүп (Барпы).
3. сүйл. Моряк, матрос. Сүрдүү флот, эр суучул, Турат сени кайтарып (Үмөталиев). Айгышкан жоосун кыйраткан, Суучулдун турган жери экен (Үсөнбаев).
1. Сууда жашаган, тиричилиги сууда өткөн. Суучул кара чакылдак, Бу да келди шакылдап (Тоголок Молдо). 2. Сууда сүзүүнү жакшы билген. Суучулдардын мелдеши өткөрүлдү. Күркүрөп аккан шарыңдан, Суучулдар өтөт сүздүрүп (Барпы). 3. сүйл. Моряк, матрос. Сүрдүү флот, эр суучул, Турат сени кайтарып (Үмөталиев). Айгышкан жоосун кыйраткан, Суучулдун турган жери экен (Үсөнбаев).
СУУЧУЛДАР ПАСПОРТУ – ээсинин инсандыгын күбөлөндүрүүчү ырасмий документ. С.п. чет өлкөгө чыгуучу кемелерде иштөөчү же чет өлкө кемелеринде иштөө үчүн кеме ээси тарабынан ишсапарына жөнөтүлгөн адамдарга, анын ичинде окуу жайларынын курсанттарына, уюмдардын кол алдында турган кемелерде иш таршырмасын аткаруу үчүн ишсапарына жиберилген жумушчуларга, ошондой эле четөлкө каттамдарына чыгуучу суучулдардын эрезеге жеткен үйбүлө мүчөлөрүнө берилет.
взаимн. отсуу- III; суудан ичип суушуп, кийимдерин жуушуп фольк. попив воды и остыв, одежду свою помыв; суушуп кеткенбиз или суушуп калганбыз мы разлюбили друг друга; мы охладели друг к другу; бир туугандай тууштук, кай жерден көңүл сууштук? фольк. родились мы как родные, (так) почему же мы охладели друг к другу?