СУУСА
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Чаңкоо, суу, суусун ичкиси келүү. Суусаганда жагымдуу Балдан таттуу аккан суу (Тоголок Молдо). Түндө мен суусаганда бул кымызды эмне үчүн мага беришкен жок (Каимов). 2. Суу тилеп туруу, сугарууну талап кылып туруу. Суусап жаткан эгинди Кандырасың Ак-Буура (Токомбаев). 3. өт. Эңсөө. Куду башатка жамыраган козулардай, суусаган балдар булакты көздөй чуркашты.