СУУТУП КОЮПТУРБУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Баруунун эч жөнү, кажети жок, сага эмне бар, барба деген мааниде колдонулат. Мага окшогон кетменчилерге ал жакта суутуп коюптурбу? (Маликов). - Эмне, Чүйдө суутуп коюптурбу бирөө бизге. Кайда барсаң Мамайдын көрү (Сыдыкбеков).