Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Ийинде жашап, кышкысын чээнге кире турган кемирүүчүлөр тобуна жатуучу жапайы айбан. Үч-төрт суур аңкыштап кире качты (Жантөшев).
СУУР II этиш. Кындан, катылуу жерден же бир нерсенин арасынан алып чыгуу, тартып чыгуу. Кара болот нар кескен Кындан алып сууруп («Манас»). Таңыракай жигит чөнтөгүнөн «Беломорканал» папиросун сууруп чыкты (Жантөшев). Көкүрөктөн бир ыкшап, Сууруп ташта найзамды («Курманбек»).