Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Жүгөндүн ооздук темирине төңөлүк аркылуу тизгин, чылбырдын туташтырылган бөлүгү. Аттар ооздугун кемирип, суулугун шылдырата берет (Сыдыкбеков). Жакып тор кашканы кош суулуктан алып, кыймылдатпай кармап турду (Шүкүрбеков).
2. диал. Ооздук. Табына келген буудандар Суулугун чайнап кемирет (Токтогул).
СУУЛУК II зат. Сүлгү; суу жоолук, кол аарчы. Белен турган ак баржак суулукту алып сүртүнүп, кургандым (Убукеев).
СУУЛУК III зат. диал. Жаанда кийүүчү суу өткөрбөс кийим, плащ.