1. холод; мороз; холодный; морозный; күн суук погода холодная; суук чай холодный чай; абанын температурасы түн ичинде беш градус суук температура воздуха ночью пять градусов мороза; бир градус сууктан үч градус жылуу от одного градуса мороза до трёх градусов тепла; аттан ыргып кете турган суук трескучий мороз; суук же- (о человеке) испытывать холод, мёрзнуть; суукка тоңуп кетмей болдум я замерзаю; 2. (в народной медицине) пища и питьё, которые вызывают в организме ощущение холода (см.ысык); апийим уу болот; мында тамакты күчтөп ичпесе, киши суугуна тегеренип жыгылып калат опиум ядовит; если здесь (на сборе опия) плотно не есть, то у человека от слабости кружится голова, и он падает; 3. (в народной медицине) название тяжёлой болезни (вызывающей ослабление организма, требующей высококалорийной - мясной, жирной пищи); сийгелектеп калыпсың, суугуң ашып кеткен турбайбы ты что-то часто мочиться стал, у тебя, смотри, (в организме) суук усилился; 4. неприятный, неприветливый; противный, антипатичный; элге суук көрсөт- выставлять кого-л. перед народом в нехорошем виде; вызывать к кому-л. неприязнь народа; суук ооз (о человеке) со злым языком; суук сөз неприятная речь; неприятная весть; суук кабар неприятное известие, тяжёлое известие; түрү суук неприятного вида, неприятный на вид; өңү суук лицо, вызывающее антипатию; көзгө суук антипатичный; суук учура- претить, быть противным; суук тийди простудился; суук тийгиз- простудить; суук тийгизип ал- схватить простуду, простудиться; суук тийгизип алдым я простудился; суук кол грязная (нечестная) рука; суук көз недобрый глаз (который якобы может сглазить, повредить); турмуштун ысык-суугун таткан он испытал и радости и горести жизни; он бывал во всяких житейских передрягах; ысыгына бата албай, суугуна жата албай страшась его грозного вида; суугуна тегеренип калыптыр он совершенно ослабел (температура упала ниже нормальной); адамды суугуна айландырып (или тегерентип) коё турган кызмат изнурительная работа; суугуна тоңору, ысыгына күйөрү жок у него нет никого, кто бы разделял его горе и его радости.
зат.1. Абанын төмөнкү температурада болушу, муздактык, аяз. Суукка чыйрыгып калган койлор чубуруп короого келе баштады (Убукеев). Кыш чилдеси кырк күнү Суук болот күн-түнү (Тоголок Молдо).
2. Сулуу эмес, серт, кебетеси жаман. Аркаңдагы учкашкан, Түрү суук кандай таз («Эр Төштүк»). Болуштун өңү адамдан суук эле (Каралаев). Сарайдын кебетеси да суук көрүнөт (Байтемиров).
3. Жагымсыз, ырайымсыз; кейиштүү, кайгылуу. Суук көз. Суук кабар. Тили суук.
4. сүйл. Организмдин начарланышы, күчтүүлөп тамактанууну талап кылган организмдин начарлоосу. Апийим уу болот. Мында тамакты күчтөп ичпесе, киши суугуна тегеренип жыгылып калат. [Ысак сенин] суугуң ашып кетиптир (Абдукаримов).
♦ Суукколунсалуу — коомдун же башка бирөөнүн мүлкүн, акысын өз кызыкчылыгына пайдалануу, өзүнө алууну көздөө. Суукооз — заар тилдүү, кер ооз. Сууккөз — жаман ниеттеги, жаман пикирдеги киши, жат киши. Суук көзгө карааны Беш-алты жүз чамалуу (Тоголок Молдо). Сууктумшук — жек көрүндү. Иштебегендер элге-журтка суук тумшук болуп калучу (Байтемиров). Сууктийүү — суукка урунуудан организм ооруга чалдыгуу, сезгенүү. Суук тийгенби, айтор, мурдун шор тартып утур-утур шыпшынат (Байтемиров). Суукка алдыруу — үшүтүп жиберүү. Акбар кулагы менен бетин суукка алдырып жибериптир (Убукеев).
суук, суугу, суукка суук алкактар суук боор суук кабар суук кол суук колун салуу суук көз суук көзгө чалынбоо суук көрүнүү суук мамиле суук ооз суук селки суук сөз суук тийүү суук тил суук тилин агытуу суук тумшук суук түр суук уюл суук чөл
1. Абанын төмөнкү температурада болушу, муздактык, аяз. Суукка чыйрыгып калган койлор чубуруп короого келе баштады (Убукеев). Кыш чилдеси кырк күнү, Суук болот күн-түнү (Тоголок Молдо). 2. Сулуу эмес, серт, кебетеси жаман. Аркаңдагы учкашкан, Түрү суук кандай таз («Эр Төштүк»). Болуштун өңү адамдан суук эле (Каралаев). Сарайдын кебетеси да суук көрүнөт (Байтемиров). 3. Жагымсыз, ырайымсыз; кейиштүү, кайгылуу. Суук көз. Суук кабар. Тили суук. 4. сүйл. Организмдин начарланышы, күчтүүлөп тамактанууну талап кылган организмдин начарлоосу. Апийим уу болот. Мында тамакты күчтөп ичпесе, киши суугуна тегеренип жыгылып калат. Ысак сенин суугуң ашып кетиптир (Абдукаримов).
Бүлдүргүч, зыян келтирүүчү, душмандык кылуучу. Суук кол тийбесе, нал өспөгөндө, кайда барат дейсиң (Бөлөкбаев). Коомдук мүлктү суук колдон сактайлы («Советтик Кыргызстан»).
Бүлдүргүч, зыян келтирүүчү, душмандык кылуучу. Суук кол тийбесе, мал өспөгөндө кайда барат дейсиң (Бөлөкбаев). Коомдук мүлктү суук колдон сактайлы («Советтик Кыргызстан»).
1. Коомдук мүлккө же башка бирөөнүн мүлкүнө, акчасына көз артып, аны өз кызыкчылыгына пайдалануу, өзүнө алууну көздөө. Бүткүл элдик менчикти сактоодо ага суук колун салып жаткандарга каршы күрөшүү аракеттери жүргүзүлүп жатат («Советтик Кыргызстан»). 2. Душмандык кылуу, кыянатчылык көрсөтүү. Сурасам бербес Төштүгүң Суук колум саламын, как баш («Эр Төштүк»).
1. Коомдук мүлккө же башка бирөөнүн мүлкүнө, акчасына көз артып, аны өз кызыкчылыгына пайдалануу, өзүнө алууну көздөө. Бүткүл элдик менчикти сактоодо ага суук колун салып жаткандарга каршы күрөшүү аракеттери жүргүзүлүп жатат («Советтик Кыргызстан»). 2. Душмандык кылуу, кыянатчылык көрсөтүү. Сурасам бербес Төштүгүң Суук колум саламын, как баш («Эр Төштүк»).
Жаман ниеттеги, жаман пикирдеги жат киши, душман. Силер суук көзгө көрсөтпөй турган кызыңарды өлүмтүк дөбөткө тыттырдыңар («Советтик Кыргызстан»). Суук көздөн качып, байкалбас эл четин чалды (Осмоналиев).
Жаман ниеттеги, жаман пикирдеги жат киши, душман. Силер суук көзгө көрсөтпөй турган кызыңарды өлүмтүк дөбөткө тыттырдыңар («Советтик Кыргызстан»). Суук көздөн качып, байкалбас эл четин чалды (Осмоналиев). Суук көзгө карааны Беш-алты жүз чамалуу (Тоголок Молдо). Суук сөздөн, суук көздөн калкалап, Канча жолу нөшөрлөрдөн далдалап (Бегимкулова).
Ниети жамандан алыс болуу, ичи кара, жамандык издегенден качуу, оолак жүрүү. «Элим ай, мен качкынмын, көп да даршан боло бербейин, суук көзгө көп чалынбай көңүлдөш кишилердин ичинде эле жүрө турайын»,- деди (Касымбеков).
Ниети жамандан алыс болуу, ичи кара, жамандык издегенден качуу, оолак жүрүү. «Элим ай, мен качкынмын, көп да даршан боло бербейин, суук көзгө көп чалынбай көңүлдөш кишилердин ичинде эле жүрө турайын” ,– деди (Касымбеков).
Көзгө жаман көрүнүү, жек көрүндү болуу, жакпоо. Токтонбойт санаа, көңүлүм, Элиме суук көрүндүм («Кедейкан»). Жылдызкансыз үйдүн ичи мүрзөдөй суук көрүндү (Байтемиров).
Көзгө жаман көрүнүү, жек көрүндү болуу, жакпоо. Токтонбойт санаа, көңүлүм, Элиме суук көрүндүм («Кедейкан»). Жылдызкансыз үйдүн ичи мүрзөдөй суук көрүндү (Байтемиров).
Заар тилдүү, тили суук, кер ооз. Суук ооз шүмшүктүн Дыркырап турат мүнөзү (Тоголок Молдо). Келиптир суук ооз ант урган чал, Эшикте балдар менен жакалашты (Шүкүрбеков). Бир суук ооз шүмшүк бар, Шүмшүктө далай түйшүк бар (Тоголок Молдо). Суук ооз шүмшүктүн, Дыркырап турат мүнөзү (Тоголок Молдо). Келиптир суук ооз ант урган чал, эшикте балдар менен жакалашты (Шүкүрбеков).
Жаман, терс, заар, ачуу айтылган кеп. Суук сөздү бетке айтат, Куралган жыйын көпкө айтат (Тоголок Молдо). Акунжан жөнүндөгү аркы-берки суук сөздөр күн сайын көбөйүп кетти (Байтемиров). -Койчу суук сөзүңдү, - деди атасы чыйрыккандай (Айтматов).
Жаман, терс, заар, ачуу айтылган кеп. Суук сөздү бетке айтат, Куралган жыйын көпкө айтат (Тоголок Молдо). Акунжан жөнүндөгү аркы-берки суук сөздөр күн сайын көбөйүп кетти (Байтемиров). В.: Суук тил. Букендин суук тили Зууракандын жанына далай баткан (Сыдыкбеков). Өз өкүмдары катуу кол, суук тил болгону үчүн түп көтөрө ага каршы аттанып чыкканын, эске салды датка айым (Касымбеков).
Өтө жан кейиткен, көңүлгө катуу тийген ачуу сөз. Букендин суук тили Зууракандын жанына далай баткан (Сыдыкбеков). Өз өкүмдары катуу кол, суук тил болгону үчүн түп көтөрө ага каршы аттанып чыкканын, эске салды датка айым (Касымбеков).
Жек көрүндү, шүмшүк, элге жаман жагынан таанылган. Батма суук тумшук болуп, эл-журттан бөлүнүп калганын эми түшүндү (Байгемиров). Кызматыма да, үйүмө да суук тумшук болуп баратам («Чалкан»).
Жек көрүнчү болуу, жаман атка конуу деген маанилерде колдонулат. Менин ошо кадырымды жанагы атың өчкөн Кулет дей турган сынган кернейдей болгон суук тумшук кара санатай ит тепсеп отурбайбы (Ш.Үмөталиев). Иштебегендер элге-журтка суук тумшук болуп калучу (Байтемиров). Башта суук тумшук болуп, эл-журттан бөлүнүп калганын эми түшүндү (Байтемиров). Кызматыма да, үйүмө да суук тумшук болуп баратам («Чалкан»).
(в народной медицине) 1. человек, предрасположенный к заболеваниям суук (см.суук 3); 2. (о младенце) подверженный частым заболеваниям желудка (таким детям рекомендовали давать топлёное коровье масло).