Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Абанын төмөнкү температурада болушу, муздактык, аяз. Суукка чыйрыгып калган койлор чубуруп короого келе баштады (Убукеев). Кыш чилдеси кырк күнү, Суук болот күн-түнү (Тоголок Молдо). 2. Сулуу эмес, серт, кебетеси жаман. Аркаңдагы учкашкан, Түрү суук кандай таз («Эр Төштүк»). Болуштун өңү адамдан суук эле (Каралаев). Сарайдын кебетеси да суук көрүнөт (Байтемиров). 3. Жагымсыз, ырайымсыз; кейиштүү, кайгылуу. Суук көз. Суук кабар. Тили суук. 4. сүйл. Организмдин начарланышы, күчтүүлөп тамактанууну талап кылган организмдин начарлоосу. Апийим уу болот. Мында тамакты күчтөп ичпесе, киши суугуна тегеренип жыгылып калат. Ысак сенин суугуң ашып кетиптир (Абдукаримов).