Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаман ниеттеги, жаман пикирдеги жат киши, душман. Силер суук көзгө көрсөтпөй турган кызыңарды өлүмтүк дөбөткө тыттырдыңар («Советтик Кыргызстан»). Суук көздөн качып, байкалбас эл четин чалды (Осмоналиев). Суук көзгө карааны Беш-алты жүз чамалуу (Тоголок Молдо). Суук сөздөн, суук көздөн калкалап, Канча жолу нөшөрлөрдөн далдалап (Бегимкулова).