СУУЧУЛ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Сууда жашаган, тиричилиги сууда өткөн. Суучул кара чакылдак, Бу да келди шакылдап (Тоголок Молдо). 2. Сууда сүзүүнү жакшы билген. Суучулдардын мелдеши өткөрүлдү. Күркүрөп аккан шарыңдан, Суучулдар өтөт сүздүрүп (Барпы). 3. сүйл. Моряк, матрос. Сүрдүү флот, эр суучул, Турат сени кайтарып (Үмөталиев). Айгышкан жоосун кыйраткан, Суучулдун турган жери экен (Үсөнбаев).