суучул
Толковый словарь кыргызского языка (1969)сын. 1. Сууда жашаган, тиричилиги сууда өткөн. Суучул кара чакылдак Бу да келди шакылдап (Тоголок Молдо).
- 2. Сууда сүзүүнү жакшы билген. Эң абал пионерлерди көлгө салып, Суучулдар кулач урду, тынбай сурап (Маликов). Күркүрөп аккан шарыңдан, Суучулдар өтөт сүздүрүп (Барпы).
- 3. сүйл. Моряк, матрос. Сүрдүү флот, эр суучул, Турат сени кайтарып (Үмөталиев). Айгышкан жоосун кыйраткан, Суучулдун турган жери экен (Үсөнбаев).