аба I 1. дядя (по мужской линии); 2. обращение к старшим, гл. обр. того же возраста, что и отец обращающегося; улуу-кичүү абалар! фольк. почтенные старики!; 3. старший брат; мен, Кудайназар, абаңмын-атаңдан калган агаңмын фольк. я, Кудайназар, твой старший брат - тебе вроде отца, я твой старшой; 4. сев. старший из старших братьев. аба II ар. 1. воздух, атмосфера; таза аба чистый воздух; аба флоту воздушный флот; 2. климат; аба шарттары климатические условия; аба ырайы погода; аба ырайы бюросу бюро погоды. аба III Аба эне см.эне I.
Iзат.1. Жалпы эле өзүнөн улуу эркектерге кайрылганда айтылуучу сөз. Асманга шилтеп кызылын Абамдар кырман сапырды (Мидин). Эрмек болуп берейин, Кулак салгын, жаштарым, Картайган Токоң, абаңа! (Токтогул).
2.диал. Өзүнөн улуу эркек бир тууган, ага, аталаш туугандар, байке. — Мендирман абам !— деди да, Бала тышка чуркады (Жантөшев).
АБАIIзат.1. Жердин атмосферасын түзүүчү, негизинен азот менен кислороддон турган газдардын аралашмасы.
Таза абада жүрсөң, көңүлүң ачык болот, эч жериң оорубайт (Абдумомунов).
2. Асман мейкиндиги, көк. Балдардын коңгуроолуу таза үндөрү жаңыра чыгып абага көтөрүлдү (Сыдыкбеков). Абада куштай айланган, Учкуч болуп алсакпы? (Барпы).
3. Климат. Абасы салкын, атыр жел, Ак кардуу жайык төрдө экен («Олжобай мекен Кишимжан»). Жери, суусу, абасы тез өзгөрттү, Жаш болсом да башымда ак чачтар бар (Осмонов).
♦ Абаырайы — атмосферанын абалы (тумандуулук, нымдуулук, жаан-чачын, абанын температурасы ж. б.).
аба (атмосфера) аба агымы аба басымы аба ваннасы аба десанты аба жолу аба жылыткыч аба массалары аба муздаткыч аба нымдуулугу аба согушу аба транспорту аба укугу аба чабуулунан коргонуу аба ырайы абанын нымдуулугу
1. Жалпы эле улуу эркектер; аларга ызааттап кайрыла турган сөз. Асан абам андан эчтеме болгон жок (Токомбаев). 2. Өзүнөн улуу эркек бир тууганы, аталаш агалары («байке» деген мааниде). – Мендирман абам! – деди да, бала тышка чуркады (Жантөшев).
1. Көбүнчө азот менен кычкылтектин кошундусунан туруп, жердин атмосферасын түзүүчү газ сыяктуу зат. Таза абада жүрсөң, көңүлүң ачык болот, эч жериң оорубайт (Абдумомунов). Түн ортосу, аба салкын, ай жарык (Алыбаев). 2. Асман мейкиндиги, көк. Балдардын коңгуроолуу таза үндөрү жаңыра чыгып, абага көтөрүлдү (Сыдыкбеков). Абада куштай айланган, Учкуч болуп алсакпы (Барпы). 3. Климат. Абасы салкын, атыр жел, Ак кардуу жайык жерде экен («Олжобай менен Кишимжан»).
сын. Эл орношкон, жайлуу; гүлдөгөн, көрктөндүрүлгөн (жай, орун жөнүндө). Сен жүргөн жериң баары абад. Шириндигиң — аккан суу (Барпы). Эл бар жердин шаары Абад болот турбайбы (Барпы).
(неправ. абажары-, ава жары-) действовать большой массой, действовать скопом; айыл арасында абажаарып турган эл народ, столпившийся среди аула; абажаарыган адамдар үчүн бул ишпи! разве это дело (представляет какую-нибудь трудность) для людей, если они берутся (за него) все вместе!; айылдын ити абажаарып үрүп чыкты (все) собаки аула залаяли разом.
Жарыкты топтоп чагылдыруу үчүн лампанын үстүнө кийгизилүүчү калканч. Жарык сыркоо кишиге түшпөсүн үчүн абажурдун бир четине кагаз илип коюптур («Ала-Тоо»).
АБА-ЖҮК КОШТОМ КАГАЗЫ – аба-жүк ташып жеткирүү келишими. Ал жүк жөнөтүүчү тарабынан жүк жөнөтүлгөн аэробекетте түзүлөт да жүк тартуучуга жүк менен кошо тапшырылат. А. ж. к. к. адатта 3 түпнускада жана 6 көчүрмө нускада түзүлөт. Түпнусканын биринчи нускасы жүк ташуучуга, экинчиси жүк алуучуга, үчүнчүсү жүк жөнөтүүчүгө тапшырылат. Коштом кагаздын көчүрмөлөрү жүк ташуучуда, жүк жөнөтүүчүдө, жүк алуучуда, жүк жөнөткөн жана ташып жеткирилген аэробекеттерде, бажыканада калат. Адаттагы иш-милдетинен сырткары, жүк ташуу келишими, товар тескөө документтери, жүк ташуучунун жүктү кабыл алгандыгы тууралуу тилкаты бажы жарнагы катары дагы бир милдетти аткарат.
абай I осторожность, осмотрительность; абай менен осторожно, осмотрительно; абай кыл- то же, чтоабайла-; абай кылып көз салды ошол суунун боюна фольк. он внимательно осмотрел берег той реки. абай II см.абайы. абай III см.абалай.
АБАЙ — этноним. Көкөтөйдүн керээзинде: «Ай алдына барбасын, Абайга кабар салбасын... Атпай кыргыз журтуна Азапты кылып салбасын» (Сагымбай Орозбаков, 3. 12),— деп алыскы жерде жашаган мифтик-эпикалык эл катары айтылат.
АБАЙ — эпизоддук кейипкер. Алмамбет менен Көкчөнү араздаштыргандардын бири. Калыстыгы, жалпы эле адамгерчилиги менен элге алынып кеткен Алмамбетти ичи тардык кылып күнүлөшкөн казак бийлери анын таянганы кан Көкчөдөн ажыратуу жөнүндө жыйылып алып өз ара кеңеш курушканда, А. Алмамбеттин издеп келер кишиси жок, өлтүрүп салалы деп кеңеш кошот (Сагымбай Орозбаков, 2. 245).
Сактык, этияттык, байкагычтык, абайлай билгендик. Сылык мүнөз, өткүр көзү жигиттин, Эрксиз мени абай менен каратты (Токомбаев). Абай кылып караса, Атырдай жыттуу жер болуп («Семетей»).
1. Сак болуу, этият болуу, көңүл буруп байкоо. Биринен бири шек санап, биринен бири абайлап паңсаттар нестейди (Касымбеков). Кылдаттык менен абайлап, Жоонун сырын алгыла («Мендирман»). 2. Токтой тур, күтө тур. Бир азга абайлай турсаң, келип калар («Ала-Тоо»).
абайы, абай фольк., южн. 1. сорт дорогой материи (на одежду не идёт); абай менен үпчүлөп сделав завязки из материи абай; абайы көпчүк подстилка на седло из материи абайы; 2. узорная попона (на лошадь или верблюда); абай үртүк жаптырган или абай менен жаптырган он покрыл (коня) дорогой попоной.
«Агынектин боюнан, Аша коюп адуулап, Алдындагы Буурулду, Абайы менен жабуулап» («Семетей»), Бул — кийинчерээк көбүнчө кыз-келиндердин токулгасына салынуучу кооз ат жабуу. Уздар анын жердигин эндей таардан, кездемеден тандап, ага, «Илме дос», «басма сайма» аркылуу түр жиптерден көркөм көчөттөрдү табакча-табакча кылып, ат соорусунан даана көрүнгөндөй беришкен.
1. Көбүнчө үртүк, ат жабуу. 2. Көрпөчө жасала турган кымбат баалуу калың материал, кездеме. Абайы көпчүк. Абайы үртүк жаптырган, Аземдүү тумар тактырган, Аргымактан бир канча («Манас»).
Жибек, жабуу, кооздоп саймалаган ат жабуу деген мааниде колдонулат. Агарып чатыр көрүнөт, Асмандан түтүн бөлүнөт. Абайы көпчүк, ак быштаң, Аргымак аттар көрүнөт («Семетей»).
р.ист. гауптвахта, место заключения, тюрьма; абакка түш- попасть в тюрьму; абакка сал- или абакка кама- посадить под арест, посадить в тюрьму; шиш абак особо строгая тюрьма (с пытками).
АБАК — этноним. Эпосто казак каны Көкчөнүн жана башкалар бир катар кейипкерлердин уруусу. Казак элинин эпикалык чыгармаларында да (казакча уак, увак) эр Көкчөнүн, анын баласы эр Косайдын уруусу катары сүрөттөлөт. Ишим талаасында жашаган уактар кийинки учурларга чейин өздөрүнүн түп атасы катары Көкчөнү эсептешип келген. Тарыхый уактар казактардын орто жүз курамындагы ири уруу.
А. аттуу майда уруу кыргыздардын чекир саяктарынын арасында да кезигет. 17-кылымдагы казак, кыргыздардын жунгарларга каршы күрөшүндө А. активдүү роль ойногон.
1. Өзүнөн улуу эркек адамга ызаат менен кайрылуу формасы. Жана сиз сүйлөшкөн сөздү Санькага айткан жосузбу, абаке? – деп сурады (Абдукаримов). Азоо кулундардан эки-үчөөнү мен дагы үйрөтүүгө жардам бергим келет, абаке («Жаш ленинчи»). Абакеси эр Бакай, Ар деме бар нээтинде («Манас»).
Жалпы эле өзүнөн улуу кишилерге же абасына «абаке» деп кайрылгандык. Абакелеп артынан калбай ээрчип алды («Ала-Тоо»). Абакелеп жалынып, Неге алдыма келбеди («Мендирман»). Өзүнөн улуу кишиге, абасына өкүргөндө «абаке» деп айтып ыйлоо. Абакелеп өкүрүп келди.
АБА КЕМЕСИ – жер (суу) бетинен чагылган аба менен өзара аракетинен айырмаланып, аба менен өзара аракетинин натыйжасында мейкиндикте каалгыган учуучу аппарат. КР А. к. учактары укуктук жактан жарандык жана аскердик болуп бөлүнөт.
АБАК-ЖАТАКТАР – этиятсыздыктан жасалган кылмыштары үчүн 5 жылдан ашык эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган соттолуучулар (эркектер жана аялдар) жаза мөөнөтүн өтөп жатышкан, ошондой эле жалпы, күчөтүлгөн жана катуу режимдеги түзөтүү жайларынан КР кылмыш-жаза-аткаруу мыйзамдарында аныкталган тартипте жана негизде которулган соттолуучулар жаза мөөнөттөрүн өтөөчү түзөтүү жайларынын түрү.
абал I ар. то же, чтообол; абалдан или абалтан издавна, испокон веков. абал II ар. (или ал-абал или кал-акыбал) положение, состояние; эл аралык абал международное положение; согуш абалы военное положение; кызмат абалы служебное положение; кызмат абалынан пайдаланып использовав своё служебное положение; абалы жаман он в скверном положении; ал-абалы кандай? как он себя чувствует?, как он поживает?
Iзат.1. Ал, ал-жай; шарт. Абалың кандай болду деп, Сурарым аман бар бекен? («Курманбек»). [Чаргын] ... бир саамда өзүнүн эмне абалда олтурганын сезбей калды (Сыдыкбеков). Тамак жеп жаткандын ортосунда Асанбай колхоздун абалын Андрейден сурап алды (Байтемиров).
2. Нерсенин белгилүү бир шарттагы көрүнүшү. Заттын газ түрүндөгү абалы. АБАЛIIобол менен бирдей.
state (noun)
The condition at a particular time of any of numerous elements of computing--a device, a communications channel, a network station, a program, a bit, or other element--used to report on or to control computer operations.
абал status (noun)
The condition at a particular time of any of numerous elements of computing--a device, a communications channel, a network station, a program, a bit, or other element--used to report on or to control computer operations.
status (noun)
The condition of a user that can be displayed to the user's contacts to communicate whether the user is currently online and available, offline and unavailable, and so on.
1. Турмуш шарты, иштин, күндөлүк тиричиликтин ж. б. жөн-жайы, жалпы ал-жайы. Алтынбектин абалы да меникинен жакшы эмес («Ала-Тоо»). Иван Алексеевич, абалыбыз ушул, бир кырсыктан аман калдык (Сасыкбаев). 2. Нерсенин белгилүү бир шарттагы көрүнүшү, турган турушу. Заттын газ түрүндөгү абалы. 3. Отурган-турганы же башка бир көрүнүшү боюнча белгилүү калыпта болгондук. Жаагын таянган абалында көпкө чейин ойлонуп отурган жигит бир кезде мага карай көз чаптырып калды («Ала-Тоо»). 4. Оорулуу адамдын ал-жайы, шайы. Ажардын абалы күндөн күнгө начарлады (Жантөшев). 5. Коомдук-саясий мамилелердин жалпы көрүнүшү, коомдук турмуштун шарты. Эл аралык абал. Өлкөнүн экономикалык абалы. 6. Чама-чарк, даремет. Ар бир саптын баркына, Абалыңды көр сынап (Байзаков).
абала- I набрасываться с лаем; абалап чыккан иттер да жок (такая тишина, что) нет даже собаки, которая бы выскочила с лаем. абала- II абалап уч- взлететь ввысь; летать в вышине; абалап учкан ак кептер алдыма келип консоңчу фольк. летающий в вышине голубь, опустись-ка ты рядом со мной.
~: абалай (или абайымда) алтоо, төбөлөй (или төбөйүмдө) төртөө, сополой жалгыз (загадка: вверху шестеро, надо мной четверо, (и) один-одинёшенек) (отгадка: үзүктүн алты боосу, түндүк жабуунун төрт боосу, эшиктин бир боосу шесть завязок үзүк (см.үзүк I), четыре завязки түндүк жабуу (см.жабуу I 1) и завязка дверного войлока).
бита при игре в ордо (четырёхугольная плитка из рога коровы или горного барана; см.ордо 3); абалак мурун с приплюснутым носом; абалак саптуу с рукояткой из рога коровы или горного барана.
«Ордо» оюнунда чүкө аткыч, черткич курал. Ал мүйүздөн жасалып, төрт бурчтуу (орточосу узуну 10—11 см; туурасы 4—5 калыңдыгы 1—1,5 см. болот). Ал көп кар баскан карт текенин мүйүзүнөн тандалып жасалат. Алгач аны чеберлер кол араасы менен аралап, тегиздеп, малдын майын калың сыйпап, таптуу отко кактайт. Мүйүз былпылдап жумшарганда суутпай туруп, үстүңкү бети бир аз чуңкурча, кайкыраак болушу үчүн ага шынаа сымалданган жыгач коюп, тегиз эки жыгачтын ортосуна кыпчытып, кайыш же зым менен таңып, оор ташты үстүнө бастырат. Бир топ күндөн кийин калыбын сактаган мүйүздүн чеке-белдерин аралап, өгөөлөп, жонуп, абалак түспөлүн берет. Эптүү болушка анын баш бармак, сөөмөй, ортон кармай турган эки чети араа, бычак аркылуу каршы-терши «торчолонот». Абалактын көлөмү ар кандай болот. Ал эми кулжанын мүйүзү өтө эле катуу келгендиктен абалак жасоо кыйын. Ошондой эле абалактын бир жагы жазы, экинчи тарабы кууш келип калат. Буга беш карыштан жогору болгон текенин мүйүзүн тандоо керек. Картаң текелердин мүйүзү тогуз карышка дейре жетет. Абалак үчүн мына ошолор табылгыс жердик болот. Мында мүйүздүн жарымы туюк келип, жарымынын ичинде өзөгү же көңдөйүрөөк көрүнөт. Так ошондой алты карыш мүйүздүн үч карышы, сегиз карыштын төрт карышы калың келет. Абалактын үч түрү бар: Топ бузаар (ураттаар) абалак — бул чоң абалак. Шадылуу адамдардын колдоруна токтомдуу келет да, узуну бир нукумдан бир элидей ашыгыраак болуп (шадылуу колдуу адамдардын өлчөмү менен) туурасы төрт жарым элиге чейин жетет. Бул абалак томпойдон эки эсе оор көрүнөт да, калыңдыгы бир жарым элидей болот. Орто абалак-чүкөнү чертет. Жемек — кадоочу, тооручак — тооручу абалак. Мунун узуну нукум, туурасы төрт элидей келип, калыңдыгы элиден азыраак ашат. Текенин мүйүзү араа аркылуу кесилет да, керки менен тегизделип, бодур жерлери кайрак таштарга сүртүлө, өгөөлөнүп жылманалат. Абалактын жерге тийүүчү тарабы саал кайкыраак келет. Ансыз анын кырлары жерге тийип, абалак жакшы жүрбөй калат. Абалак үстү көбүнчө тегиз келип, бир аз кайкыраак болушу да ыктымал. Абалак кичине болсо чеберлер үшкүлөп, ага коргошундан кыт куюшат. Өтө оор абалак чүкөнү сындырат. Топ бузуучу, топ атуучу адамдарды «ордо оюнунда» «ураткан» деп да аташат. Мыкты абалактар «козулук абалак», «койлук абалак», «улактык абалак» деп айтылат.
то же, чтооболку; абалкы заманда в прежние времена; абалкыдай оолукпай, арылгандыр балалык фольк. он уже не горячится, как прежде, его детские выходки, думаю, прекратились.
1. Илгери өткөн замандардагы, байыркы. Абалкылар кармаган, Асадан кантип танамын (Барпы). 2. Мурдагы, баштапкы; мындан мурунку. Абалкыдай алың жок, Арманың айтып жатамын (Жеңижок). к. оболку.
абалтадан, абалтан с самого начала, с давних времён, издревле, искони; абалтадан жердеген ата менен бабалар фольк. (здесь) искони обитали отцы мои и деды.
status bar (noun)
A horizontal window at the bottom of a parent window in which an application can display various kinds of status information. The status bar can be divided into parts to display more than one type of information.
АБА МЕЙКИНДИГИН БУЛГОО – КР кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган экологиялык кылмыш; ал уулуу заттарды аба мейкиндигине чыгаруу эрежелеринин же жабдуулар менен курулуштарды ж. б. объекттерди колдонуу жолжоболорунун бузулушунун натыйжасында абанын табигый касиетинин өзгөрүүсү менен булгануусу аркылуу мүнөздөлөт.
АБА МЫЙЗАМДАРЫ – авиация тармагындагы ишмердикти жана аба мейкиндигин пайдалануу боюнча мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы.
АБА СОГУШУ – эларалык укукта согушуп жаткан тараптардын каалагандай учуучу аппараттардын жардамы менен аба мейкиндигинде согуш аракеттерин жүргүзүүлөрү. Согушуп жаткан өлкөлөрдүн аскердик авиациясынын курамына кирген, айырмалап таануучу белгилери бар, баардык аба кемелеринин экипаждары А. с-нун катышуучулары болуп эсептелишет. Аларга согушуп жаткан мамлекеттердин юрисдикциясынын чектеринде аскердик кылып кайра жабдылган жарандык авиациянын экипаждары да кирет. Согушуп жаткан өлкөлөрдүн эвакуациялоочу жана дарылоочу санитардык учактарынын, госпиталдык аба кемелеринин жана улуттук Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай коомдорунун аба кемелери А. с-нун катышуучуларына жатпайт. А. с-на аргандай аскердик аракеттер театрындагы согуштук аракеттерге колдонулуучу жалпы эрежелерди белгилеген согуштук мыйзамдар жана салттар таралат.
абат I то же, чтонабат. абат II ир. населённый, заселённый; благоустроенный; абат жер заселённое, благоустроенное место (напр. о пункте оседлости, об орошаемом и засаженном садами месте и т.п.).
1. Эл орношкон, берекеси жайнаган жер. Барган жерин кулпунтуп, Абат кылат аккан суу (Жеңижок). 2. Орду, теги. Абаты бышык болсун деп, Алты жүз катын жыңайлак (Дүйшеев).
делать жилым, населённым; благоустраивать (напр. местность); эзелден жансыз жаткан эрме чөлдү, абаттап ал техника кирип калды стих. в искони безжизненную пустыню пришла техника и сделала её благоустроенной.
возвр. отабатта- становиться жилым, населённым; благоустраиваться; ал капчыгай абаттанган, жаңы шаар салынган стих. то ущелье стало населённым, (там) построен новый город.
АБА УКУГУ – аба мейкиндигин пайдаланууга байланыштуу келип чыккан мамилелерди жөнгө салуучу укук ченемдеринин жыйындысы. Ал өзүнө улуттук (мамлекет ичиндеги) жана эларалык укуктарды камтыйт (кара:Эларалык аба укугу).
АБА УЧАГЫ (КЕМЕСИ) – жер (суу) бетинен өйдө чагылган аба менен болгон өзара аракеттен айырмаланып, аба менен болгон өзара аракеттен улам мейкиндикте каалгый турган учуучу аппарат. КР аба учагы өзүнүн укуктук статусу боюнча жарандык жана аскердик болуп бөлүнөт.
АБА УЧАГЫН АЙДАЙ КАЧУУ – жарандык авиация ишмердигинин коопсуздугуна кол салган, эларалык мүнөздөгү кылмыш; аз эмес учурларда террордук акты болуп саналат. А. у. а. к. үчүн, ошондой эле уурдап айдап кетүү максатында аба учагын мыйзамсыз басып алганы үчүн өзалдынча кылмыш-жаза жоопкерчилиги биринчи жолу 1973-жылы киргизилген. КР Кылмыш-жаза мыйзамдары бул кылмышты суу кемесин жана темиржолдун кыймылдуу унаасын айдатып кетүү менен бир статьяга бириктирген.
АБА ЧЕГАРАСЫ – мамлекет аймагынын (кургак жеринин, сууларынын, жер түпкүрүнүн, аба мейкиндигинин) чектерин аныктаган тилке жана ал тилке боюнча тигинен өтүүчү үстүңкү бет.
АБА ЫРАЙЫ — белгилүү бир убакта же учурда бир аймактагы атмосферанын абалы, атмосферанын космос жана жер бети менен өз ара аракетинен пайда болгон физикалык процесс. Адам баласы — табиятты үйрөнүп билүүгө байыртадан эле умтулуп келген. Адамдын ар бир нерсени баамдоого, баалоого, аңдоого багытталган кудурети адамзаттын бүткүл рухий жана материалдык прогрессинин өзөгү болуп эсептелип, алардын чыныгы (бул) дүйнөнү таанып-билүү аракеттери тарыхый өнүгүүнүн ар кандай этаптарында түрдүү жолдор менен ишке ашырылган. Мунун өзү аларга билим түшүнүктөрүн өздөштүрүүнүн өзгөчө ыкмаларын жараткан. Элдеги эзелтен бери кеңири орун алган уламыш, санжыра түрүндөгү жана башкалар фольклордук материалдар дал ушуну ырастайт. Кыргыз эли дээрлик мал чарбачылык менен оокат кылгандыктан жакшы жайыт издеп, көбүнчө тоодон тоого көчүп жүрүп, кара нөшөр жамгырга, мөндүргө, кар аралаш бороон-чапкындарга далай дуушар болушкандыгы «Манас» эпосунда:
Асмандан булут айланып,
Ачып көздү жумганча,
Айдын көзү байланып,
Жылдыздын баары жабылды,
Жылгадан туман табылды.
Тоодой булут толгонуп,
Бөксөдөн булут бөлүнүп,
Кыбыладан күркүрөп,
Кызыл мунар көрүнүп,
Көнөктөгөн немедей,
Көктөн көк кашка мөндүр төгүлүп,
Арыктын баары жыгындап,
Аңдын баары тыгындап,
Асмандан алты сай мөндүр шыбыргак,
Борошосу бургулап, Адамдын башын көтөртпөй,
Аркы-терки ургулап (Сагымбай Орозбаков, 4. 261),
— деп ачык жана кеңири сүрөттөлөт. Айрыкча эрте жазда капысынан боло калчу кара тоңголокто малдын көп кырылышына, ылаң оорулардын таралышына алып келген.
Борошолоп, бургулап,
Караганга өлчөөсүз
Каршы-терши ургулап,
Тоолорго толук кыш болду,
Жакага жалтыр муз болду.
Адам, малдын баарысын
Оору, сыркоо каптады
Арык-торук малдарды
Аяз менен өлтүрдү (Сагымбай Орозбаков, 4. 158).
Ушундай шарттарда кыйын абалда калган эл табияттын мындай көрүнүштөрүнө каршы турууга, башкача айтканда жаратылышта дайыма болуп өтүүчү табышмактуу, каардуу кубулуштарга көңүл буруп, алардын сырын ачууга аракеттенишкен. Эл илгертен эле А. ы-нын бузулушун же тескерисинче, анын оңоло баштаганын айгинелөөчү белгилерге байкоо жүргүзүп, аларды жыйынтыктап, корутунду чыгарышкан. Бул өнөрдү жакшы өздөштүрүп билүү, адамдан өзгөчө бир шыктуулукту, жөндөмдүүлүктү талап кылган. Ушундай сапаттарга ээ болгон зээндүү адамдарды «олуя киши» же көп учурда жөн эле «эсепчи», «жылдыз саноочу», «жайчы» деп коюшкан. Элдин арасынан эсепчилердин пайда болушу — бул күндөлүк турмуштагы мыйзам ченемдүү көрүнүш болгон. А. ы-н болжолдоого эсепчилер эң алгач элдик жыл аттарына таянган жана илгертен эле ар бир жылдын өзүнө тийиштүү белгилерин аныкташкан. Маселен, «коён» жылы — кыш мелүүн, ал эми «доңуз» жылы — кыш ызгаардуу, «жылан», «мечин» жылдары — жай ысык, кургакчыл келсе, «кой» жана «уй» жылдары — жаанчыл болуп, чөп, эгин жакшы чыгат жана башкалар деп түшүнүшкөн. Жылдыз саноочулар А. ы-н аныктоодо айрыкча жылдыздардын (планета деп бөлгөн эмес) кайсы мезгилде жана кайсы тараптан, кандай абалда көрүнөрүнө көп көңүл бурушкан. Ошондой эле Ай, Күндүн тегерегинде пайда боло калуучу алкактарга да көз жүгүртүшкөн. Бул жагдай, албетте, алда канча тагыраак жыйынтык чыгарууга шарт түзгөн. Ушуну менен бирге алар шамал жана булуттун багытына, жылыш ылдамдыгына, келгин куштардын кайсы учурда жергебизге учуп келишерине жана күзүндө кайрадан жылуу өлкөлөргө кайтышарына, бакма, жапайы айбандардын, жөргөмүш, чымын-чиркей сыяктуу жандыктардын жүрүм-турумуна, өсүмдүктөрдүн сырткы түрлөрүнүн кескин өзгөрүп кетүүлөрүнө тынымсыз байкоо жүргүзүүдөн А. ы-нын бир жумалык, ал түгүл бир нече айлык прогнозун түзө алышкан. Эсепчилердин күн мурунтан болжолдоп айткандары жөн эле курулай жоромолдоого же төлгө ачууга негизделбестен, метеорологиялык фактыларды тыкандык менен салыштырып, аларды өз ыкмалары аркылуу талдоонун белгилүү даражада туура жыйынтыгы болуп эсептелет. Мында элдик эсепчилер көпчүлүк учурда турмушта негизинен көп ирет кайталанган жана далилденген, ошого байланыштуу өздөрү иштеп чыккан ыкмага таянышкан. «Манас» эпосунда Алмамбет баатыр гана болбостон, чоң жайчы болуп, зарыл учурда ал өзүнүн жайчылык өнөрүн колдонгон. «Көкөтөйдүн ашында» чабыла турган аттардын саны 2 миңге жеткенде Манас баатыр акыры эмне менен бүтөрүн билип мыктылардын мыктылары чабылышы керек деген ой менен А. ы-н өзгөртүп, алсыз, начар тобурчактардан кутулуу амалында Алмамбетти «катыра күндү жайлап көр» деп кайрылат:
Алмамбет жайга киргени
Нурку асылы кытайдан,
Өнөр алган ал жайдан
Касийдадан кат окуп,
Калмакча кара дуба жат окуп,
Барайыздан бат окуп,
Бачымырак жат окуп,
Тегерете терс окуп,
Кытайча дуба нече окуп,
Сурданып Алмаң калганы
Сууга жай таш салганы (Сагымбай Орозбаков, 3. 150),
— деп Алмамбеттин жайчылык өнөрү аркылуу А. ы-н өзгөртүп жиберүү кудуретине ээ экени көрсөтүлөт. Эпосто жайчылыктын чагылдырылышы табият кубулуштарынын ички сырларын үйрөнүүгө, аны адамдын эркине баш ийдирүүгө болгон иш-аракеттин көркөм көрүнүшү болуп саналат, к. Жайташ, Жайчы.
А. Байбосунов
Атмосферанын абалы (булуттуулугу, нымдуулугу, жаан-чачын болуу же күндүн ачык туруу абалы, абанын температурасы ж.б.). Аба ырайы жакшы эле, булуттан чыккан күн ачуу тийип, кайра жашырынып кеткиче жерди нымшытып, нымтыраган буу көтөрөт, нымдуу аба жаз жыттанып турат (Айтматов).