Киргизско-русский словарь Юдахина
абайы, абай
фольк., южн.
1. сорт дорогой материи (на одежду не идёт);
абай менен үпчүлөп сделав завязки из материи абай;
абайы көпчүк подстилка на седло из материи абайы;
2. узорная попона (на лошадь или верблюда);
абай үртүк жаптырган или абай менен жаптырган он покрыл (коня) дорогой попоной.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Агынектин боюнан, Аша коюп адуулап, Алдындагы Буурулду, Абайы менен жабуулап» («Семетей»), Бул — кийинчерээк көбүнчө кыз-келиндердин токулгасына салынуучу кооз ат жабуу. Уздар анын жердигин эндей таардан, кездемеден тандап, ага, «Илме дос», «басма сайма» аркылуу түр жиптерден көркөм көчөттөрдү табакча-табакча кылып, ат соорусунан даана көрүнгөндөй беришкен.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көбүнчө үртүк, ат жабуу. 2. Көрпөчө жасала турган кымбат баалуу калың материал, кездеме. Абайы көпчүк. Абайы үртүк жаптырган, Аземдүү тумар тактырган, Аргымактан бир канча («Манас»).