Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Агынектин боюнан, Аша коюп адуулап, Алдындагы Буурулду, Абайы менен жабуулап» («Семетей»), Бул — кийинчерээк көбүнчө кыз-келиндердин токулгасына салынуучу кооз ат жабуу. Уздар анын жердигин эндей таардан, кездемеден тандап, ага, «Илме дос», «басма сайма» аркылуу түр жиптерден көркөм көчөттөрдү табакча-табакча кылып, ат соорусунан даана көрүнгөндөй беришкен.