Энциклопедия "Манас". ч.1.
АБАЙ — этноним. Көкөтөйдүн керээзинде: «Ай алдына барбасын, Абайга кабар салбасын... Атпай кыргыз журтуна Азапты кылып салбасын» (Сагымбай Орозбаков, 3. 12),— деп алыскы жерде жашаган мифтик-эпикалык эл катары айтылат.