Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Өзүнөн улуу эркек адамга ызаат менен кайрылуу формасы. Жана сиз сүйлөшкөн сөздү Санькага айткан жосузбу, абаке? – деп сурады (Абдукаримов). Азоо кулундардан эки-үчөөнү мен дагы үйрөтүүгө жардам бергим келет, абаке («Жаш ленинчи»). Абакеси эр Бакай, Ар деме бар нээтинде («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жалпы эле өзүнөн улуу кишилерге же абасына «абаке» деп кайрылгандык. Абакелеп артынан калбай ээрчип алды («Ала-Тоо»). Абакелеп жалынып, Неге алдыма келбеди («Мендирман»). Өзүнөн улуу кишиге, абасына өкүргөндө «абаке» деп айтып ыйлоо. Абакелеп өкүрүп келди.