абай I осторожность, осмотрительность; абай менен осторожно, осмотрительно; абай кыл- то же, чтоабайла-; абай кылып көз салды ошол суунун боюна фольк. он внимательно осмотрел берег той реки. абай II см.абайы. абай III см.абалай.
АБАЙ — этноним. Көкөтөйдүн керээзинде: «Ай алдына барбасын, Абайга кабар салбасын... Атпай кыргыз журтуна Азапты кылып салбасын» (Сагымбай Орозбаков, 3. 12),— деп алыскы жерде жашаган мифтик-эпикалык эл катары айтылат.
АБАЙ — эпизоддук кейипкер. Алмамбет менен Көкчөнү араздаштыргандардын бири. Калыстыгы, жалпы эле адамгерчилиги менен элге алынып кеткен Алмамбетти ичи тардык кылып күнүлөшкөн казак бийлери анын таянганы кан Көкчөдөн ажыратуу жөнүндө жыйылып алып өз ара кеңеш курушканда, А. Алмамбеттин издеп келер кишиси жок, өлтүрүп салалы деп кеңеш кошот (Сагымбай Орозбаков, 2. 245).
Сактык, этияттык, байкагычтык, абайлай билгендик. Сылык мүнөз, өткүр көзү жигиттин, Эрксиз мени абай менен каратты (Токомбаев). Абай кылып караса, Атырдай жыттуу жер болуп («Семетей»).
1. Сак болуу, этият болуу, көңүл буруп байкоо. Биринен бири шек санап, биринен бири абайлап паңсаттар нестейди (Касымбеков). Кылдаттык менен абайлап, Жоонун сырын алгыла («Мендирман»). 2. Токтой тур, күтө тур. Бир азга абайлай турсаң, келип калар («Ала-Тоо»).
абайы, абай фольк., южн. 1. сорт дорогой материи (на одежду не идёт); абай менен үпчүлөп сделав завязки из материи абай; абайы көпчүк подстилка на седло из материи абайы; 2. узорная попона (на лошадь или верблюда); абай үртүк жаптырган или абай менен жаптырган он покрыл (коня) дорогой попоной.
«Агынектин боюнан, Аша коюп адуулап, Алдындагы Буурулду, Абайы менен жабуулап» («Семетей»), Бул — кийинчерээк көбүнчө кыз-келиндердин токулгасына салынуучу кооз ат жабуу. Уздар анын жердигин эндей таардан, кездемеден тандап, ага, «Илме дос», «басма сайма» аркылуу түр жиптерден көркөм көчөттөрдү табакча-табакча кылып, ат соорусунан даана көрүнгөндөй беришкен.
1. Көбүнчө үртүк, ат жабуу. 2. Көрпөчө жасала турган кымбат баалуу калың материал, кездеме. Абайы көпчүк. Абайы үртүк жаптырган, Аземдүү тумар тактырган, Аргымактан бир канча («Манас»).
Жибек, жабуу, кооздоп саймалаган ат жабуу деген мааниде колдонулат. Агарып чатыр көрүнөт, Асмандан түтүн бөлүнөт. Абайы көпчүк, ак быштаң, Аргымак аттар көрүнөт («Семетей»).