Толковый словарь кыргызского языка (1969)

этиш. 1. Этият болуу, сак болуу, сактануу; көңүл бөлуп байкоо. Кылдаттык менен абайлап, Жоонун сырын алгыла! («Мендирман»). Айырбай көздөн дүрбүнү абайлап Жапар тиктеди (Бөкөнбаев).
2. Токтой туруу, коё туруу. — Мария Николаевна, жарым мүнөт абайлаңыз (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сак болуу, этият болуу, көңүл буруп байкоо. Биринен бири шек санап, биринен бири абайлап паңсаттар нестейди (Касымбеков). Кылдаттык менен абайлап, Жоонун сырын алгыла («Мендирман»). 2. Токтой тур, күтө тур. Бир азга абайлай турсаң, келип калар («Ала-Тоо»).