Киргизско-русский словарь Юдахина
абал I
ар.
то же, что обол;
абалдан или абалтан издавна, испокон веков.
абал II
ар.
(или ал-абал или кал-акыбал) положение, состояние;
эл аралык абал международное положение;
согуш абалы военное положение;
кызмат абалы служебное положение;
кызмат абалынан пайдаланып использовав своё служебное положение;
абалы жаман он в скверном положении;
ал-абалы кандай? как он себя чувствует?, как он поживает?

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. 1. Ал, ал-жай; шарт. Абалың кандай болду деп, Сурарым аман бар бекен? («Курманбек»). [Чаргын] ... бир саамда өзүнүн эмне абалда олтурганын сезбей калды (Сыдыкбеков). Тамак жеп жаткандын ортосунда Асанбай колхоздун абалын Андрейден сурап алды (Байтемиров).
2. Нерсенин белгилүү бир шарттагы көрүнүшү. Заттын газ түрүндөгү абалы.
АБАЛ II обол менен бирдей.

Кыргызско-английский словарь компьютерных терминов Microsoft (2016)
state (noun)
The condition at a particular time of any of numerous elements of computing--a device, a communications channel, a network station, a program, a bit, or other element--used to report on or to control computer operations.
абал status (noun)
The condition at a particular time of any of numerous elements of computing--a device, a communications channel, a network station, a program, a bit, or other element--used to report on or to control computer operations.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Турмуш шарты, иштин, күндөлүк тиричиликтин ж. б. жөн-жайы, жалпы ал-жайы. Алтынбектин абалы да меникинен жакшы эмес («Ала-Тоо»). Иван Алексеевич, абалыбыз ушул, бир кырсыктан аман калдык (Сасыкбаев). 2. Нерсенин белгилүү бир шарттагы көрүнүшү, турган турушу. Заттын газ түрүндөгү абалы. 3. Отурган-турганы же башка бир көрүнүшү боюнча белгилүү калыпта болгондук. Жаагын таянган абалында көпкө чейин ойлонуп отурган жигит бир кезде мага карай көз чаптырып калды («Ала-Тоо»). 4. Оорулуу адамдын ал-жайы, шайы. Ажардын абалы күндөн күнгө начарлады (Жантөшев). 5. Коомдук-саясий мамилелердин жалпы көрүнүшү, коомдук турмуштун шарты. Эл аралык абал. Өлкөнүн экономикалык абалы. 6. Чама-чарк, даремет. Ар бир саптын баркына, Абалыңды көр сынап (Байзаков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
абала- I
набрасываться с лаем;
абалап чыккан иттер да жок (такая тишина, что) нет даже собаки, которая бы выскочила с лаем.
абала- II
абалап уч- взлететь ввысь; летать в вышине;
абалап учкан ак кептер алдыма келип консоңчу фольк. летающий в вышине голубь, опустись-ка ты рядом со мной.

Киргизско-русский словарь Юдахина
~: абалай (или абайымда) алтоо, төбөлөй (или төбөйүмдө) төртөө, сополой жалгыз (загадка: вверху шестеро, надо мной четверо, (и) один-одинёшенек) (отгадка: үзүктүн алты боосу, түндүк жабуунун төрт боосу, эшиктин бир боосу шесть завязок үзүк (см. үзүк I), четыре завязки түндүк жабуу (см. жабуу I 1) и завязка дверного войлока).

Киргизско-русский словарь Юдахина
бита при игре в ордо (четырёхугольная плитка из рога коровы или горного барана; см. ордо 3);
абалак мурун с приплюснутым носом;
абалак саптуу с рукояткой из рога коровы или горного барана.

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
«Ордо» оюнунда чүкө аткыч, черткич курал. Ал мүйүздөн жасалып, төрт бурчтуу (орточосу узуну 10—11 см; туурасы 4—5 калыңдыгы 1—1,5 см. болот). Ал көп кар баскан карт текенин мүйүзүнөн тандалып жасалат. Алгач аны чеберлер кол араасы менен аралап, тегиздеп, малдын майын калың сыйпап, таптуу отко кактайт. Мүйүз былпылдап жумшарганда суутпай туруп, үстүңкү бети бир аз чуңкурча, кайкыраак болушу үчүн ага шынаа сымалданган жыгач коюп, тегиз эки жыгачтын ортосуна кыпчытып, кайыш же зым менен таңып, оор ташты үстүнө бастырат. Бир топ күндөн кийин калыбын сактаган мүйүздүн чеке-белдерин аралап, өгөөлөп, жонуп, абалак түспөлүн берет. Эптүү болушка анын баш бармак, сөөмөй, ортон кармай турган эки чети араа, бычак аркылуу каршы-терши «торчолонот».
      Абалактын көлөмү ар кандай болот. Ал эми кулжанын мүйүзү өтө эле катуу келгендиктен абалак жасоо кыйын. Ошондой эле абалактын бир жагы жазы, экинчи тарабы кууш келип калат. Буга беш карыштан жогору болгон текенин мүйүзүн тандоо керек. Картаң текелердин мүйүзү тогуз карышка дейре жетет. Абалак үчүн мына ошолор табылгыс жердик болот. Мында мүйүздүн жарымы туюк келип, жарымынын ичинде өзөгү же көңдөйүрөөк көрүнөт. Так ошондой алты карыш мүйүздүн үч карышы, сегиз карыштын төрт карышы калың келет.
      Абалактын үч түрү бар: Топ бузаар (ураттаар) абалак — бул чоң абалак. Шадылуу адамдардын колдоруна токтомдуу келет да, узуну бир нукумдан бир элидей ашыгыраак болуп (шадылуу колдуу адамдардын өлчөмү менен) туурасы төрт жарым элиге чейин жетет. Бул абалак томпойдон эки эсе оор көрүнөт да, калыңдыгы бир жарым элидей болот.
      Орто абалак-чүкөнү чертет. Жемек — кадоочу, тооручак — тооручу абалак. Мунун узуну нукум, туурасы төрт элидей келип, калыңдыгы элиден азыраак ашат. Текенин мүйүзү араа аркылуу кесилет да, керки менен тегизделип, бодур жерлери кайрак таштарга сүртүлө, өгөөлөнүп жылманалат. Абалактын жерге тийүүчү тарабы саал кайкыраак келет. Ансыз анын кырлары жерге тийип, абалак жакшы жүрбөй калат. Абалак үстү көбүнчө тегиз келип, бир аз кайкыраак болушу да ыктымал. Абалак кичине болсо чеберлер үшкүлөп, ага коргошундан кыт куюшат. Өтө оор абалак чүкөнү сындырат.
      Топ бузуучу, топ атуучу адамдарды «ордо оюнунда» «ураткан» деп да аташат. Мыкты абалактар «козулук абалак», «койлук абалак», «улактык абалак» деп айтылат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
то же, что оболку;
абалкы заманда в прежние времена;
абалкыдай оолукпай, арылгандыр балалык фольк. он уже не горячится, как прежде, его детские выходки, думаю, прекратились.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Илгери өткөн замандардагы, байыркы. Абалкылар кармаган, Асадан кантип танамын (Барпы). 2. Мурдагы, баштапкы; мындан мурунку. Абалкыдай алың жок, Арманың айтып жатамын (Жеңижок). к. оболку.