АБАЖУР Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Жарыкты топтоп чагылдыруу үчүн лампанын үстүнө кийгизилүүчү калканч. Жарык сыркоо кишиге түшпөсүн үчүн абажурдун бир четине кагаз илип коюптур («Ала-Тоо»).
АБАЖУРЛУУ Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Абажуру бар, абажур кийгизилген. Саргыч абажурлуу чырак бөлмө ичин тамылжытат (Байтемиров).