Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Берешен, март, эч нерсени аябаган, аёну билбеген, жоомарт. Маматтын колу ачык, кең пейил экендиги айылга билинди (Каимов). Ары сөзмөр, ары алыш-беришке колу ачык, шайыр адам эле (Сыдыкбеков). Мандикерлер көбүнчө колу ачык, эмгекти баалай турган кожоюндарды издейт (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Берешен, март, эч нерсени аябаган, аёону билбеген, жоомарт. Маматтын колу ачык, кең пейил экендиги айылга билинди (Каимов). Ары сөзмөр, ары алыш-беришке колу ачык, шайыр адам эле (Сыдыкбеков). Мандикерлер көбүнчө колу ачык, эмгекти баалай турган кожоюндарды издейт (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Турмуш-тиричилик жагынан абдан начар, жетишсиз абалда болуу. Колу ашка жетпей, жер тырмалап, саан саап жан баккан момун элди ок, ажал менен коркутуп отуруп каптап кирди (Бейшеналиев). Өмүр бою этегиң тизеңе жетпей, колуң ашка жетпей куурап жүрүп өт, – деди Арзыкул Жылдызканга (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Турмуш-тиричилик жагынан абдан начар, жетишсиз абалда болуу. Колу ашка жетпей, жер тырмалап, саан саап жан баккан момун элди ок, ажал менен коркутуп отуруп каптап кирди (Бейшеналиев). Өмүр бою этегиң тизеңе жетпей, колуң, ашка жетпей... куурап жүрүп өт, - деди Арзыкул Жылдызканга (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колу бошобоо, бир нерсени аткарууга мүмкүнчүлүгү болбоо, өз билгенин жасоого эрки боло албоо. Эңкейген кары, эмгектеген жаш дегендей азыр менде мүмкүнчүлүк жок. Колум байлануу («Ала-Тоо»). Мен каалаганымды иштей албайм. Колум байлануу (Каимов). В.: Колу-жолу байлануу. Менин колу-жолум байлануу. Күн-түн дебей, ата, энем кайтарууга алды (Жантөшев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Колу бошобоо, бир нерсени аткарууга мүмкүнчүлүгү болбоо, өз билгенин жасоого эрки боло албоо. Эңкейген кары, эмгектеген жаш дегендей азыр менде мүмкүнчүлүк жок. Колум байлануу («Ала-Тоо»). Мен каалаганымды иштей албайм. Колум байлануу (Каимов).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Бирөөгө кол салууга, уруп же чаап жиберүүгө батына албоо, тарткынчыктоо (көбүнчө улуу кишилерге же алсыздарга карата ыйбаа кылуу, аёо маанисинде). Канча кылганменен анын сакалын сыйлады го, ага теңелип кармаша кетүүгө колу барбады («Ленинчил жаш»). 2. Кандайдыр бир нерсени иштөөгө, аткарууга чечкиндүүлүк кыла албоо, даай албоо. Ошол аялдан келген катты ачууга колу барбай турду (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөгө кол салууга, уруп же чаап жиберүүгө батына албоо, тарткынчыктоо (көбүнчө улуу кишилерге же алсыздарга карата ыйбаа кылуу, аёо маанисинде). Канча кылган менен анын сакалын сыйлады го, ага теңелип кармаша кетүүгө колу барбады («Адабий гезит»). 2. Кандайдыр бир нерсени иштөөгө, аткарууга чечкиндүүлүк кыла албоо, даай албоо. Ошол аялдан келген катты ачууга колу барбай турду (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бош учуру, мүмкүнчүлүгү, убактысы болуу. Колу бошой калганда энеси тээкке керип көрсөтүп берген сайманы саят (Сыдыкбеков). Үй турмушка бышык Сабира колу бошогон учурда энесине каралашып турду (Сасыкбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Колуна алган иши бат бүтөт же тез өтөт деген мааниде. 2. Мал мууздаганда жаны көпкө чыкпай турган. Колуң жеңил го, балам, кенедей козу эмгиче эле тыбырап жатат. 3. Дарылоо, эмдеп-демдөө, аялдардын төрөтүн кабыл алуу сыяктуу иштери жолдуу боло турган, ал дарылаган адамдар тез айыгып кете турган. Байбиче, колуңуз жеңил эмес беле, бала тез түшүп кеткиси бардыр (Сыдыкбеков). Колуңдан айланайын, колу жеңил деп көп кишиден уктум, - деди кемпир врач кызга («Жаш ленинчи»). Устатымдын колу жеңил, өзүң айткандай, ак жолтой болуп уулуңар айыкса... Молдокемдин жолдугу го башка... Менин көксөгөнүмдүн жолдугу го башка? (Бейшеналиев). Айылда бир бүбү кемпир бар эле. Ошого жөнөдү. Анын колу жеңил. Анча-мынча ооруну айыктыра коёт (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Колуна алган иши бат бүтөт же тез өтөт деген мааниде. Мал мууздаганда жаны көпкө чыкпай турган. Колуң жеңил го, балам, кенедей козу эмгиче эле тыбырап жатат. 2. Дарылоо, эмдеп-демдөө, аялдардын төрөтүн кабыл алуу сыяктуу иштери жолдуу боло турган, ал дарылаган адамдар тез айыгып кете турган. Байбиче, колуңуз жеңил эмес беле, бала тез түшүп кеткиси бардыр (Сыдыкбеков). Колуңдан айланайын, колу жеңил деп көп кишиден уктум, – деди кемпир эмчи кызга («Агым»). Устатымдын колу жеңил, өзүң айткандай, акжолтой болуп уулуңар айыкса... Молдокемдин жолдугу го башка... (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бардар, колунда бар, жетиштүү. Небере-чөбөрөлүү, малдуу, колу жетик жашайт экен (Бейшеналиев). Үйдүн керегелерин камыш менен калкалап коюуга ойлору жеткен да, колдору жетик эмес (Убукеев). В.: Колу жуктуу. Колу жуктуу туугандары каралашчу, кыл куйрукту да ошо тапмак (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колунда жок, жетиштүү турмушта эмес, оокат-тиричилиги чабал, жоксуз. Колунда бар кишилерге эчтеке эмес, айрыкча колу жука адамдар карызга батат («Аалам»). В.: Колу тайкы. Колу тайкы болгон менен дили бай азаматтын делебеси козуп, манаптын бой жеткен кызына ашык болот (Бейшеналиев). Колу тайкы адамга Дос болбогон Чагырбай (Токтогул). Колу тайкы, калың төлөөгө кудуретсиз, бой, жалчы жигиттер кубатташты (Бейшеналиев). Колу кыска. Ойдо бар, бирок кол кыска.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. невеста;
Темиркан кызы Каныкей, колукту кылып, алыңыз фольк. Каныкей, дочь Темирхана, вы засватайте (букв. сделайте своей невестой);
басып келди эр Манас, колуктунун койнуна фольк. подошёл богатырь Манас, чтобы лечь в объятия невесты;
2. молодая жена молодого мужа.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Күйөө боло турган жигити бар кыз, кайыны бар, кайындуу кыз. Мен үйлөнө турган колуктумду өмүрүмдө көргөн эмесмин (Абдукаримов). 2. Жаш келин, жаш аял. Колуктусун башынан аягына чейин нечен жолу имерип карады (Байтемиров).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Ойлогон оюн, көздөгөн максатын ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү келбеген, алсыз, колунда бийлиги жок. Кагылайын Батийна, сени кара зоонун астынан сууруп алармын дедим эле. Айлам жок. Колум кыска, өзүм алсыз экенмин (Сыдыкбеков). Намыска бек, тайманбас болсо да колу кыска, жолу тар зайып айласыз уу жуткандай жүргөн кези (Сыдыкбеков). Колу кыска, болбосо ал бүт дүйнөнү өрттөп, өзүнүн ушул азаттуу жүрүшү үчүн өч алат беле (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. к. колу жука. 2. Ойлогон оюн, көздөгөн максатын ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү келбеген, алсыз, колунда бийлиги жок. Кагылайын Батийна, сени кара зоонун астынан сууруп алармын дедим эле. Айлам жок. Колум кыска, өзүм алсыз экенмин (Сыдыкбеков). Намыска бек, тайманбас болсо да колу кыска, жолу тар зайып айласыз уу жуткандай жүргөн кези (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бир нерсеге жардамдашып, жасашып коюдан «эч нерсе болбойт», «андан жаман деле болуп кетпөө» деген мааниде бирөөгө жеме оодаруу. Жана колум какшап, казанды жууй албай жатканда, суу ала жүгүрүп келип от жагып жиберсең, колуңа жукпайт эле го? (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге жардамдашып, жасашып коюудан «эч нерсе болбойт», «андан жаман деле болуп кетпөө» деген мааниде бирөөгө жеме оодаруу. Жана колум какшап, казанды жууй албай жатканда, суу ала жүгүрүп келип от жагып жиберсең, колуңа жукпайт эле го? (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бардык ишин бүтүргөн жардамчысы болуу, жардамдашып көмөк көрсөтүп туруу. Турсуну Айымкан менен эже-сиңдидей кеперес, улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жасап, колуна кол, бутуна бут болуп алынып, кетти (Бейшеналиев). Апам менин Каныкей Апай эненин колуна кол, бутуна бут болуп үйүнөн чыкпайт (Бейшеналиев). Ошол жумуштарын иштеп алгыча, биз ага колубуздан келишинче жардамдашып, колуна кол, бутуна бут болуп беришибиз керек (Убукеев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бардык ишин бүтүргөн жардамчысы болуу, жардамдашып көмөк көрсөтүп туруу. Турсуну Айымканмененэже-сиңдидей кеперес, улууга улуудай, кичүүгө кичүүдөй мамиле жасап, колуна кол, бутуна бут болуп алынып, кетти (Бейшеналиев). Апам менин Каныкей Апай эненин колуна кол, бутуна бут болуп үйүнөн чыкпайт (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аткара алуу, орундата алуу, жарай алуу. Деген менен жазыксыз куданы өлтүрүш Адыкенин колунан келген жок (Сыдыкбеков). Өңүн адам жерибесе, колунан баары келген мыкты кыз («Ала-Тоо»). Бул сенин колуңдан келет деген ойдобуз, сен гана жарай аласың («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан уз, мыкты чебер, устат, колунан бардыгы келген. Жаш келиндин колунан көөр төгүлүп турганы жакшы (Сыдыкбеков). Рудольф колунан көөрү төгүлгөн жыгаччы уста (Баялинов). Быяктын кыздарынын көбү келбеттүү, колунан көөрү төгүлгөн уздар (Бейшеналиев). Колунан көөрү төгүлгөн ургаачыга жолукту, бактысы бар экен, – деп Атайга да суктанышкан (Каимов). Колунан көөрү төгүлгөн усталардын да көзү түштү (Тойбаев). Ал турсун Таты таежем колунан көөрү төгүлгөн аял экенин коштум (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Абдан уз, мыкты чебер, устат, колунан бардыгы келген. Быяктын кыздарынын көбү келбеттүү, колунан көөрү төгүлгөн уздар (Бейшеналиев). Колунан көөрү төгүлгөн ургаачыга жолукту, бактысы бар экен, - деп Атайга да суктанышкан (Каимов). Колунан көөрү төгүлгөн усталардын да көзү түштү (Тойбаев). Ал турсун Таты таежем колунан көөрү төгүлгөн аял экенин коштум (Ашымбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кимдир бирөө тарабынан аткарылып, иштелип бүтүү, толук орундалуу. Шырдактын оюу-чийүүлөрү бири-бирине төп келип, эч кынтыксыз. Мыкты устаттын колунан чыкканы көрүнүп турат («Кыргызстан маданияты»). Аскардын колунан чыккан иш сапаттуу да, тез да болот (Сыдыкбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Катуу каршылык көрсөтүү, өлбөгөн жерде калуу. Сенин колуңа өлүп бербесем элеби? («Кыргызстан маданияты»). Кокус шайтан сайып угуп калса, төп жүрбөгөн кишини жининдей көрөрүн билесиң, колуңа өлүп берет («Сүйүү жана үмүт»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу каршылык көрсөтүү, өлбөгөн жерде калуу. Сенин колуңа өлүп бербесем элеби? («Кыргызстан маданияты»). Кокус шайтан сайып угуп калса, төп жүрбөгөн кишини жининдей көрөрүн билесиң, колуңа өлүп берет («Сүйүү жана үмүт»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КОЛУН БООРУНА АЛУУ — жоокерчилик доордун шартында жеңген тарапка жеңилген тараптын башчысы айыбы үчүн эки колун бооруна алып кечирим суроо өтүнүчү. Кыргыздарды Алтайдан Ала-Тоого көчүрүп келген Манасты «калмактардан коркуп качып келген бул качкын жеримди тарытып жиберди» деп өзү катылып жеңилген Шоорук кан:
Алтымыш нөкөр кашында,
Алтындуу таажы башында
Эми келди Шоорук кан
Элүү сегиз жашында,
Бото куру мойнунда,
Эки колу боорунда
Жаш төгүлүп койнуна (Сагымбай Орозбаков, 2. 218)
Манас баатырдын алдында жалынат. Эпостук мындай салт кыздары тартуу, малы олжо болуп турган жоокерчилик доордун мүнөзүнө туура келген жана айыпка жыгылган адамдын күнөөсүн кечиргендиктин белгиси катарында бааланган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жетиштүү, оокаттуу, бардар. Өзүндө жоктор колунда бар агайындан, айылдаштарынан күчүнө унаа алып, ага үйүн артып, бир-бирине каралаша өбөк-жөлөк болуп келатышкан кишилер кең пейил, бейпил тартты (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Материалдык жактан бирөөгө көз каранды болуу. Эми аялы таштап кетсе, кимдин колун карар экен? (Каимов). Керкибай мурда энесинин колун караса, эми Шайыркүлдүн көзүн карай турган болгон (Каимов). Жарды туугандарым менин колумду карап отурат («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аялдыкка алууга сунуш кийрүү, жуучу жиберүү, сүйлөшүү. Кулбаш аксакал кыздын колун сурап жуучулардын келген-келбегенин билүүгө аракет кылды (Абдукаримов). Айлана-кийинки убактардын ичинде бир далай эле жуучулар келип анын колун сураган болчу (Абдукаримов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Моокуму канганча абдан былчылдата уруу, согуу ж. б. сыяктуу мааниде. Егордун колунун кычуусу канды окшойт, сөгүп-сөгүп, көчүккө бир тээп кайдадыр аттанып кетти (Саатов). Колунун кычуусу канганы менен кучунашы тарабады («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Моокуму канганча абдан былчылдата уруу, согуу ж.б. сыяктуу мааниде. Егордун колунун кычуусу канды окшойт, сөгүп-сөгүп, көчүккө бир тээп кайдадыр аттанып кетти (Саатов). Колунун кычуусу канганы менен кучунашы тарабады («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өз алдынча жан сактоого, жашоого жетишүү, мүмкүнчүлүгү болуу, турмуш шарты оңолуу. Бул үй колу оозуна жетпеген бир шордуунуку экенин сураштырбай эле билгидей (Жантөшев). - Үйлөнө элексиңби? - Кайдан. Эки кол оозго эми жеткенсиди. Мында жүргөнүм да ошол себептүү (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өз алдынча жан сактоого, жашоого жетишүү, мүмкүнчүлүгү болуу, турмуш шарты оңолуу. Бул үй колу оозуна жетпеген бир шордуунуку экенин сураштырбай эле билгидей (Жантөшев). – Үйлөнө элексиңби? – Кайдан. Эки кол оозго эми жеткенсиди. Мында жүргөнүм да ошол себептүү (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колунан оңой менен эч нерсе чыкпаган, катуу, зыкым, сараң. Колу тарды март кылып, сандыктан нан алдырган (Осмонов). В.: Колу кууш. Демейде колу кууш жеңе бүгүн эмне үчүндүр берешен, март («Чалкан»). Колу чүрүш. Чүмчүңдөгөн колу чүрүш неме экен, көп деле жарыта алган жок («Ала-Тоо»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Убактысы, мүмкүнчүлүгү болуу, шарты келүү, колу бошоо, чолосу тийүү. Бирок Жапар кетеринде, «келип-кетип турам» деп энесине канчалык убада берсе да, жумуштан колу тийип үйүнө көп келе алган жок (Баялинов). Жумуштан колум тийбейт. 2. Бирөөнү чаап, муштап жиберүү, уруп коюу. Сакалдуу кишиге колум тийип калды, айыптуумун. Кээде тоң моюндук кылышса айтып-деп түшүндүргөндүн ордуна кыйкырып-бакырып колум тийчү (Мырзаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Убактысы, мүмкүнчүлүгү болуу, шарты келүү, колу бошоо, чолосу тийүү. Бирок Жапар кетеринде, «келип-кетип турам» деп энесине канчалык убада берсе да, жумуштан колу тийип үйүнө көп келе алган жок (Баялинов). Жумуштан колум тийбейт. 2. Бирөөнү чаап, муштап жиберүү, уруп коюу. Сакалдуу кишиге колум тийип калды, айыптуумун. Кээде тоң моюндук кылышса айтып-деп түшүндүргөндүн ордуна кыйкырып-бакырып колум тийчү (Мырзаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Майда-чүйдө нерселерди, колуна тийгенди уурдап, жымырып, кете берме, жулук ууру, кичине уурулук жайы бар. Биздей кезинде эле чоң муштум, тентек, шылуун, колу туткак неме болчу (Саатов). Колу туткак байбичелер өздөрүнчө бүлкүлдөшүп, күлүп жөн болушту («Куйручук»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Майда-чуйда нерселерди, колуна тийгенди уурдап, жымырып, кете берме, жулук ууру, кичине уурулук жайы бар. Биздей кезинде эле чоң муштум, тентек, шылуун, колу туткак неме болчу (Саатов). Колу туткак байбичелер өздөрүнчө бүлкүлдөшүп, күлүп жөн болушту («Куйручук»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Турмуш-тиричилиги оңолуу, жакшылыкка, кенен турмушка жетишүү, оңоло баштоо. Турмуш оңолуп, колузарса, кыз берүүдөгү шаан-шөкөт кошо күчөйт экен (Эшмамбетов). Эргешбайдын колу узарбады, чекеси жылып марыбады (Борбиев). - Эх, аюум, теңирде теңдик жок. Колубуз узарар күн барбы (Бейшеналиев). 2. Жардам көрсөтөр, жүгүн жеңилдетер бүлөлүү болуу. Балдары бойго жетип, колу узарып калды (Сыдыгалиев). Кыз берип, куда күттүң, келин алдың, колуң, узарды (Эралиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Турмуш-тиричилиги оңолуу, жакшылыкка, кенен турмушка жетишүү, оңоло баштоо. Турмуш оңолуп, кол узарса, кыз берүүдөгү шаан-шөкөт кошо күчөйт экен (Эшмамбетов). Эргешбайдын колу узарбады, чекеси жылып марыбады (Борбиев). – Эх, аюум, теңирде теңдик жок. Колубуз узарар күн барбы (Бейшеналиев). 2. Жардам көрсөтөр, жүгүн жеңилдетер бүлөлүү болуу. Балдары бойго жетип, колу узарып калды (Сыдыгалиев). Кыз берип, куда күттүң, келин алдың, колуң узарды (Эралиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Алам деп турган нерсесин ала албай умсунуп калуу, оңтойсуз абалда калуу, шагы сынуу. – О-о! Колуң уялбасын. Мунун кунуна менин күржүйгөн байым түшүнөт дейсиңби (Бейшеналиев). Мэ, колуң уялбасын алып тур (Осмоналиев).