Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жүгүрүп кетүү, жеткирбөө, карматпоо аракети менен жүгүрүү, алыстоо, жеткирбөөгө аракет кылуу. Качып кетсең, чачып кет (макал). Карышкыр өр талаша качты (Жантөшев).
  1. 2.                  Жашырынып, көрүнбөй-билинбей кетип калуу, бирге, чогуу болбой, башка жакка кетип калуу. Элинен качканды бөрү жейт (макал).
  2. 3.                  Тартынуу, чегинүү, айтканынан кайтуу. Кайра тартып качпаган, Кажыбаган, шашпаган («Манас»).

¨ Ала качуу — 1) көбүнчө мингени баш бербей тизгинин тарттырбай жүгүрүү. Аты ала качып кетти; 2) бойго жеткен кызды зордоп, же кыздын өз эрки боюнча ата-энесинен, туугандарынан жашырып алып кетүү. Жаа бою качуу — жакын жолобоо, жакындабоо, алыс жүрүү, аралашпоо.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. убегать;
качкан жоону катын алат погов. бегущего (побеждённого) врага (и) баба берёт (в плен);
качып кел- прибежать (убежавши откуда-л., от кого-л.);
качып кет- убежать (спасаясь);
качып бар- убегать (спасаясь);
качып жүр- избегать; скрываться;
алып кач- или ала качты кыл- умыкать; утащить;
"ала качты" кылып, кызды түн ичинде алып кетишти обманом (путём умыкания) они ночью увезли девушку;
ала кач-
1) разнести, понести (о горячей лошади);
2) перен. говорить гиперболически, преувеличенно; сообщать сенсационные новости;
алып качты кабар или ала качты кабар сенсация, сногсшибательная весть;
2. (о птице) улететь (от хозяина);
качып кеткен бүркүт улетевший беркут;
өткөн өмүр - качкан куш: кайрылып келбейт үндөсө фольк. прошедшая жизнь - улетевшая птица: на зов не возвратится;
3. этн. (о молодой женщине, невесте)
избегать старших родственников (мужчин) мужа, жениха;
сакалдуулардан ыйба кылган кыздар, кайын агаларынан качкан келиндер босогонун кычыгынан, туурдуктун капшытынан шыкаалашат девушки, стесняющиеся мужчин, молодухи, избегающие деверей, подглядывают в щели двери и кошмы (юрты);
келинче качып уялбай фольк. не избегая и не стыдясь, точно молодуха;
4. (о животных) желать самца;
5. отлынивать;
ороктон качкан ыраак чычат погов. груб. кто от жнитва отлынивает, тот далеко до ветру ходит;
тийип-качып урывками;
тийип-качып иштейт он работает урывками;
ат-тонумду ала качтым я бежал без оглядки (букв. я бежал, схватив коня своего и шубу);
өз башын ала качты он спасает собственную шкуру;
эти качып, сөөк калган дене кожа да кости (букв. туловище, с которого исчезло мясо и остались кости);
күчү качып картайып фольк. он постарёл, силы его оставили;
качып-бозуп убегая без оглядки;
уяты качкан см. уят;
ала качкы см. качкы I;
ала качма см. качма.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жеткирбөө, алыстап кетүү, кутулуу үчүн аракет кылып жүгүрүү, карматпоонун аракетин кылуу. Бокин офицерлерди Суук-Белди көздөй ээрчитип алып чыгат да, аларды бөтөн жолго салып жиберип, өзү качып кутулат (Баялинов). Ар каяктан ар каякка баш аламан, Качып барат калкайык каратаман (Гапаров). Айсулуу карап туруп арт жагынан, Бир кезде алма менен уруп качты (Үмөталиев). Ат байлоодон качкан окшойт (Байтемиров). 2. Көрүнбөй, билинбей калыш үчүн бир жакка кетип калуу, жашырынуу, жанына жолобоо, жакындабоо, оолак жүрүү. Элден качып жүрүп оокат кыла албаган душмандар айыл арасына жакындоонун аракетин кылышты («Ала-Тоо»). Бекерчиден безе кач, Ушакчыдан көчө кач (Токтогул). Жанымдан качтың жолобой, Уктуңбу, ушак, жалкоо деп (Маликов). 3. Тартынуу, чегинүү, батына албоо. Айтышып калган жериңден, Акылың болсо качпагын (Токтогул). Кайра тартып качпаган, Кажыбаган шашпаган («Манас»). 4. Мурдагы калыбынан азаюу, басандоо, жок боло баштоо. Уйкусу качты. Эти качты. Кубаты качты. 4. Букадан чыгуу (уйга карата гана айтылат). Уй букадан качты. Букадан качкан кунаажын.

Киргизско-русский словарь Юдахина
тот, кто так и норовит убежать (чаще о лошади, перен. и о человеке);
качааган айгыр үйүрүн түгөтөт погов. дурная голова ногам покоя не даёт (букв. беспутный жеребец свой косяк губит);
жылкыны имерсе, качааган жылкы өзү эле четке чыгат когда заворачивают табун, лошадь, норовящая убежать, сама в сторону отходит;
жардынын жалгыз аты качааган погов. единственный конь бедняка (и тот) норовит убежать.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАЧАЛЫК — эпизоддук кейипкер. Калмак кол башчысы. Араникте болгон согушта жекеде көзүнө найзанын сыныгы кирип, кошунун көздөй бараткан Ашаң дөөнүн аркасынан барып айбалталап жыгып жарадар кылат. Андан соң майданга чыккан Көкчө экөө көпкө салышып, бири-бирин жеңе албай койгондон кийин мылтык атышмак болот. Көкчө туруп берип, К. атканда дарыны көп салып коюп, огу алыс кетип калат. Кезегин бербей качып жөнөгөн К-тын оң колун Көкчө билегинен үзө атат. Камчыланам деп тизгин-чылбырын түшүрүп жиберип аты чалынып калган К-ты Көкчө кууп жетип өлтүрөт (Курама варианты, 1. 116, 120—123).

Киргизско-русский словарь Юдахина
когда;
качан келесиң? когда ты придёшь!;
алда качан давно уже; бог весть когда;
эч качан никогда; ни в коем случае;
качан да болсо когда бы то ни было, во всякое время, всегда; во всяком случае;
ар качан всегда, в любое время;
ар качандан бир качан всегда и постоянно.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
ат. Кайсы убакта, кайсы мезгилде, кайсы маалда. [Күндүн].. качан ачылары белгисиз (Убукеев).
¨ Алда качан к. алда II. Ар качан ар дайым, ар убак. [Капитан].. ар качан орундуу сүйлөйт (Жантөшев). Эч качан түк да, эч убакта. Ыракмат, Осмон, сенин чоң курулуштагы сонун эмгегиң эч качан унутулбайт (Сасыкбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кайсы убакта, кайсы мезгилде кайсы маалда. Мендешим качан келет деп, Тартып жүрдүм убайым («Мендирман»). Мени белгисиз калтырбасын, качан болсо да сөөгүмдү Кетмен-Төбөгө алып кетишсин (Токомбаев). Качан мында келдиңиз? Кайда болот элиңиз («Манас»).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
1. теңселтүү, термелүү, чайпалуу, ыргалтуу;
качание маятника маятниктин термелиши;
2. (на качелях) селкинчек тебүү, күүлөө;
3. (ребёнка) терметүү;
4. разг. (подбрасывание кого-л. вверх) асманга ыргытып, кайта тосуп алуу (урматтоо, кадырдоо иретинде бирөөнү чогулган топтун үстүнө);
5. (накачивание) насос менен тартуу (кандайдыр бир камерага абаны же башка газды үйлөтүп киргизүү);
6. (головой) ийкөө, чайкоо.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. прил. к качан "когдашний"; к какому времени относящийся;
качанкы иш? какое дело? о каком деле ты говоришь?
качанкы акча? какие-такие деньги?
2. давний, старый, старинный;
качанкы бир жер титирегенден калган белги след давнего землетрясения;
качанкы жинин кагайын фольк. я собью с него старую спесь;
качанкыдан мурун мен муну алып таштайын так вот (или ну, если так) я это возьму да выброшу (напр. ненужное вычеркну);
качанкыдан мурун окуп таштайын ладно, я прочитаю.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. «Качан болгон», «кайсы мезгилдеги» деген мааниде. Качанкы иш экенин билиш керек. Бул качанкы окуя эле? 2. Көптөн берки, небактагы, мындан көп убакыт мурдагы. Качанкыны айтып отурасың, ыя? (Сыдыкбеков). Качанкы чечилбеген сырды угууга калайык жабылып кулак түрдү (Бөкөнбаев). Капка ташка токтоду, Капа болуп ошондо, Качанкы дартын козгоду («Эр Төштүк»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
качантадан, качантан
1. с каких пор;
качантан бери? с каких пор?, с какого времени?
2. с давних пор, издавна; в давние времена;
алда качантан бери с давних пор;
качантадан элеттер, мал бакпастан, аң менен далай жандын күну өтөр стих. в давние времена многие из кочевников жили охотой, не разводя скота.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. кого-что (приводить в колебательное движение) ыргалтуу, теңселтүү, терметүү, чайпалтуу;
волны качали лодку толкун кайыкты чайпалтты;
2. чем (головой) ийкөө, чайкоо;
3. кого-что (напр. на качелях) селкинчек тептирүү, күүлөө;
4. кого (ребёнка) терметүү;
5. кого, разг. (подбрасывать кого-л. вверх толпой) асманга ыргытып, кайта тосуп алуу;
6. что (накачивать) насос менен тартуу (кандайдыр бир камерага абаны же башка бир газды үйлөтүп толтуруу).

Русско-кыргызский словарь Юдахина
несов.
1. (колебаться) ыргалуу, теңселүү, термелүү, чайпалуу;
лодка качается на волнах кайык толкунда чайпалат;
деревья качаются от ветра жыгачтар (дарактар) шамалда термелет;
2. (на качелях) селкинчек тебүү;
3. (пошатываться) копшуу.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
~, ­ая, -ое
качество-го т.; сапаттык, сапаттуу;
качественный анализ хим. сапаттык анализ;
качественные показатели сапат көрсөткүчтөрү;
качественные стали сапаттуу болот;
качественное прилагательное грам. сапат сыны.

Русско-кыргызский словарь Юдахина
ср.
в разн. знач. сапат;
переход количества в качество филос. сандын сапатка өтүшү;
борьба за качество сапат үчүн күрөш;
бригада отличного качества эң жакшы сапатта иштөөчү бригада;
улучшение качества продукции продукциянын сапатын жакшыртуу;
в качестве катарында, болуп;
в качестве преподавателя окутуучу катарында, окутуучу болуп;
выиграть качество шахм. кичине фигураны берип, чоң фигураны алуу.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
САПАТ – буюмдардын, өнүмдөрдүн, товарлардын арналуу багытына ылайык, белгилүү бир керектөө жөндөмүн шарттай турган (техника-экономикалык, эстетикалык) касиеттеринин жыйындысы. Көпчүлүк жарандык-укуктук келишимдердин негиздүү шарттарынын бири. Өнүмдөрдүн сапаты керектөө С-ын гана эмес, анын технологиялык касиеттерин, конструктордук-көркөмдүк бөтөнчөлүгүн, ишенимдүүлүгүн ж. б. сапаттарын да камтып турат. Бир өлкөнүн ичинде түзүлгөн келишимдердеги товар С-ы, адатта кабыл алынган стандарттар аркылуу аныкталат. Башка учурларда келишимге товардын С-ын аныктоочу өзгөчүлүк тиркелет. Келишимде товардын С-ын аныктоочу өзгөчөлүк болбогон учурда сатуучу сатып алуучуга өз багыты боюнча колдонулууга жарамдуу мындай товарды келишимге кошо тиркеп берет. Ал эми товарды үлгүсү жана/же сыпаттап жазылышы боюнча сатууда сатуучу сатып алуучуга үлгүдө көрсөтүлгөндөй жана/же сыпаттап жазылгандагыдай товарды берүүгө тийиш.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. (о коне) "беглый";
качкы болгон карала, кача баштар кайран ат фольк. сделавшись "беглым", чёрно-пегий
стал убегать, несчастный конь;
ээр качкы ат или качкы лошадь, убегающая с седлом или не дающая себя оседлать;
эрегиште эр үчүн, ээр качкы ат жаман стих. в схватке для молодца плох конь, который стремится убежать;
ала качкы (или алагачкы)
1) (о коне) горячий;
2) перен. (о человеке) несдержанный, без удержу и без толку рвущийся вперёд;
алагачкы киши экен, сөздү кишиге бербей ала качат он несдержанный, не даёт человеку слова сказать, порывается сам говорить;
2. перен. лентяй, лодырь;
качкы болот кээ акмак, кара чака табалбай фольк. есть кое-какие лентяи, которые не могут заработать ни гроша.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Качанаак, карматпаган, жакын жолобогон. Хан Дөлөндүн тулпары Качкы болгон Карала («Курманбек»).
  1. 2.                  Жалкоо, бекерчи, ишке жалакой, иштен качкан. Качкы болот кай акмак, Кара чака табалбой (Токтогул).
  2. 3.                  Жалтак, коркок, туруксуз, кайратсыз. Бакандашып сайышса, Качкы сыны бар экен («Манас»).

¨ Ээр качкы — ээр токутпаган, ээрден качкан, көп минилип ээрден жадап качып калган (ат жөнүндө). Эрегиште эр үчүн, Ээр качкы ат жаман (Жантөшев). Ээр качкы болот деп, Мойнуна аркан сүйрөткөн («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. качанаак менен бирдей. Хан Дөлөндүн тулпары, Качкы болгон Карала («Курманбек»). 2. Иштен качкан, жалкоо, иштөөгө, оокат кылууга мойну жар бербеген. Качкы болот кай акмак, Кара чака таба албай (Токтогул). 3. Кыйынчылыкка чыдай албаган, кайраты жок, жалтак, коркок. Бакандашып салышса, Качкы сыны бар экен («Манас»).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАЧКЫН – КР жараны болбогон жана өзүн КРден качкын катары таанууну өтүнгөн, расасына, динине, улутуна, саясий ишенимдерине, белгилүү социалдык топко тийиштүүлүгүнө байланыштуу курмандыкка айланып калуу коркунучу олуттуу болгондуктан, башка мамлекеттеги өзүнүн туруктуу жашап турган ордун таштоого аргасыз болгон, ошондой эле улуттар аралык каршылашууларда жана куралдуу кагылышууларда куугунтукка алынуу коркунучу бар, ушул жагдайларга байланыштуу өз өлкөсүнүн коргоосунан пайдалана албаган же пайдалангысы келбеген адам.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кандайдыр бир себеп менен жер которуп качып жүргөн, качып келген киши. Турпандан келген качкынды, Тургузбай айдап соттоду (Тоголок Молдо). Шашканынан качкындар малынын көбүн таштап кетти (Элебаев). 2. Аскерлик милдетин аткаруудан баш тарткан, армиядан качып жүргөн киши.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАЧКЫН КҮБӨЛҮГҮ – «Качкындар жөнүндө» КР мыйзамдарына ылайык, КРде качкын катары таанылган адамдын кертбашын күбөлөөчү жана КР мыйзамдарында белгиленген тартипте ал адамды жана анын үйбүлө мүчөлөрүн ички иштер органдарында каттоого алуу үчүн негиз катары кызмат кылуучу документ.

Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)
(Hydrobatidae) чардакчымчыктар; деңиздерде,         океандарда жашоочу, тутуктумшук куштардын ичиндеги бир тукуму, булардын төмөнкү түрлөрү белгилүү: качурка северная (Oceanodroma leucorrhoa) — түндүк чардакчымчык, к.  сизая (О. furcata) — көгүш чардакчымчык, к.  вилохвостая (Oceanodroma monorhis) — ача куйрук чардакчымчык.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
КАЧУУ – кылмыш, ал адамдын жазасын өтөп жаткан же камакта отурган жерден өзалдынча кетип калуусун билдирет. Сот адилеттигине каршы кылмыштардын катарына кирет. КР кылмыш-жаза мыйзамында каралган.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. Алыс, аралары узагыраак, жакын эмес. Бул сыяктуу тумандаган ойлордон Дарыяхан да качык эмес (Жантөшев). Кокусунан үзөңгүсүн кагыштырып алгандар биринен бири качык бастырууга тырышат (Жантөшев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жакын эмес, аралары алыс, оолак. Бул сыяктуу тумандаган ойлордон Дарыяхан да качык эмес эле (Жантөшев). Тыңшагын, татынакай ашык жигит, Иш менен сөз ортосу качык жигит (Токомбаев). Кокусунан! Үзөнгүсүн кагыштырып алгандар өзүн-өзү сөгүп, биринен-бири качык бастырууга тырышат (Жантөшев). Жаш адамдын калпычылык, арамзалык, жан бактылык сыяктуу жаман адаттардан качык болгону өз келечеги үчүн пайдалуу («Кут билим»). Көптөн бери качык тартып, мага бой салбай калдың («Ала-Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
качыр I
мул, лошак.
качыр II
звукоподражание скрипу, хрусту;
каалга качыр этти дверь скрипнула;
араба качыр-кучур этет телега скрипит на все лады.
качыр- III
понуд. от кач-
1. дать возможность бежать, упустить;
атын качырып жиберди он упустил свою лошадь; его лошадь убежала;
туйгунун качырды он упустил своего ястреба; его ястреб улетел;
куш качырган немедей туш-туш жакка чапты дейт фольк. он скакал в разные стороны, как будто упустил свою ловчую птицу;
2. случать (животных);
3. нападать, набрасываться;
мени жолборс качырды на меня напал тигр;
качырганы камандай фольк. он нападёт, как вепрь (храбро, яростно);
бычак менен качырды он напал с ножом;
качырып сал- наброситься (напр. на еду);
ат качырбас боз айгыр (о человеке) степенный и миролюбивый; отзывчивый (букв. серый жеребец, который не гонит из своего косяка меринов);
артын качырат или груб. көтүн качырат он прячется (напр. боится открыто сказать).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Эшек менен жылкыдан бүткөн аргын, үй айбаны. Алты өгүз менен төрт качыр Күчүн берип айдады («Манас»). Ли-Чан эки кара качыр кошкон арабаны короого кийирди (Жантөшев).
КАЧЫР II 1. кач этишинин аркылуу мамилеси.
  1. 2.                  Бет алып чыгуу, атырылып кирүү. Түпөктүү найза булгалап, Тик качырып жөнөдү («Курманбек»). Чолпонбайдын артынан Жолдоштор жоону качырды (Осмонкул).
  2. 3.                  Бет алып жөнөө, бет алуу, умтулуу. Тилин салып акактап, көлөкө жерди качырат (Тоголок Молдо).
  3. 4.                  Жоготуу, колдон чыгарып жиберүү, ажырап калуу. Менин жайым сурасаң, Жок качырып элимден, Суроо салып келемин («Семетей»).
  4. 5.                  Жөнөтүү, жашырын түрдө жөнөтүп жиберүү. Кыз качырган келин.

КАЧЫР III туур. Катуу нерсенин сынганда же бири-бирине катуу өйкөлүшкөндө, козголгондо чыккан дабышы. Эшикти качыр эттире катуу жапты.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Эшек менен жылкынын аралашуусунан бүткөн жаныбардын атын билдирген качыр сөзү байыркы түрк тилинде катыр түрүндө болгон. Анткени катыр сөзү кат+ыр морфемаларынан куралган. Анын кат уңгусу байыркы түрк тилинде «кош, аралаштыр, аргындаштыр» (ДТС, 432) маанисин берген. Ошол этишке зат атооч жасоочу -ыр мүчөсү жалганып, катыр сөзү келип чыккан. Ал аргын дегенге жакын маани берген. Кийин т тыбышы ч тыбышына өтүп, азыркыдай качыр түрүнө келген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. кач этишинин аркылуу мамилеси. 2. Кол салуу, тиш салуу. Түпөктүү найза булгалап, Тик качырып жөнөдү («Курманбек»). Каман качырып сала берерде мына ушул ташка чыга качып, араң дегенде кутулган экен («Ала-Тоо»). Ити качырып калганда, үйдүн ээси чыга калып, бизди куткарып, үйүнө киргизип алды («Ала-Тоо»). 3. Белгилүү бир багытка карай бет алуу, бир нерсеге умтулуу, аракет жасоо. Тилин салып акактап, Көлөкө жерди качырат (Тоголок Молдо). Тамак турса, аракка карай качырган эрлерден эле («Чалкан»). 4. Колдон чыгарып жиберүү, ажырап калуу. Жок качырып элимден Суроо салып келемин («Семетей»). Биз бир муңдуу бечара, Шумкарын колдон качырган («Мендирман»). 5. Бир жакка билгизбей жөнөтүп жиберүү, жашырын түрдө жөнөтүү. «Кызды жеңеси качырып жиберген тура деген кеп айыл ичине толук тараптыр («Ала-Тоо»). Күлүйпаны мага качырып бериңиз (Маликов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу нерсе сынганда же бири-бирине катуу сүрүлүп, өйкөлүп, козголуп калганда чыккан дабышы. Катуу шамалда боз үйдүн уук-керегелери качыр-качыр эте баштады («Ала-Тоо»). Эшикти качыр эттире катуу жаап, дабыш сала кирип келе жаткан адамга үйдөгүлөр кулак түрүп калышты («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Качыр этүү, качыр эткен дабыш чыгуу. Шамал күчөп күрүлдөдү, Үй качырап калтырайт (Токомбаев). Ууктары шагырап, жаман керегелери качырап сынып жатты (Байтемиров). Качырап карагайлар жатты сынып (Үмөталиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАЧЫРТКЫ — топоним. Эпосто «Качырткынын кытайын Кара-Шаар, Таңшаңга, Сүргөн журтум барсыңбы» (Сагымбай Орозбаков, 4. 64),— деп эскерилет.