Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Эшек менен жылкыдан бүткөн аргын, үй айбаны. Алты өгүз менен төрт качыр Күчүн берип айдады («Манас»). Ли-Чан эки кара качыр кошкон арабаны короого кийирди (Жантөшев).
КАЧЫР II 1. кач этишинин аркылуу мамилеси.
  1. 2.                  Бет алып чыгуу, атырылып кирүү. Түпөктүү найза булгалап, Тик качырып жөнөдү («Курманбек»). Чолпонбайдын артынан Жолдоштор жоону качырды (Осмонкул).
  2. 3.                  Бет алып жөнөө, бет алуу, умтулуу. Тилин салып акактап, көлөкө жерди качырат (Тоголок Молдо).
  3. 4.                  Жоготуу, колдон чыгарып жиберүү, ажырап калуу. Менин жайым сурасаң, Жок качырып элимден, Суроо салып келемин («Семетей»).
  4. 5.                  Жөнөтүү, жашырын түрдө жөнөтүп жиберүү. Кыз качырган келин.

КАЧЫР III туур. Катуу нерсенин сынганда же бири-бирине катуу өйкөлүшкөндө, козголгондо чыккан дабышы. Эшикти качыр эттире катуу жапты.