Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жүгүрүп кетүү, жеткирбөө, карматпоо аракети менен жүгүрүү, алыстоо, жеткирбөөгө аракет кылуу. Качып кетсең, чачып кет (макал). Карышкыр өр талаша качты (Жантөшев).
  1. 2.                  Жашырынып, көрүнбөй-билинбей кетип калуу, бирге, чогуу болбой, башка жакка кетип калуу. Элинен качканды бөрү жейт (макал).
  2. 3.                  Тартынуу, чегинүү, айтканынан кайтуу. Кайра тартып качпаган, Кажыбаган, шашпаган («Манас»).

¨ Ала качуу — 1) көбүнчө мингени баш бербей тизгинин тарттырбай жүгүрүү. Аты ала качып кетти; 2) бойго жеткен кызды зордоп, же кыздын өз эрки боюнча ата-энесинен, туугандарынан жашырып алып кетүү. Жаа бою качуу — жакын жолобоо, жакындабоо, алыс жүрүү, аралашпоо.