Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. кач этишинин аркылуу мамилеси. 2. Кол салуу, тиш салуу. Түпөктүү найза булгалап, Тик качырып жөнөдү («Курманбек»). Каман качырып сала берерде мына ушул ташка чыга качып, араң дегенде кутулган экен («Ала-Тоо»). Ити качырып калганда, үйдүн ээси чыга калып, бизди куткарып, үйүнө киргизип алды («Ала-Тоо»). 3. Белгилүү бир багытка карай бет алуу, бир нерсеге умтулуу, аракет жасоо. Тилин салып акактап, Көлөкө жерди качырат (Тоголок Молдо). Тамак турса, аракка карай качырган эрлерден эле («Чалкан»). 4. Колдон чыгарып жиберүү, ажырап калуу. Жок качырып элимден Суроо салып келемин («Семетей»). Биз бир муңдуу бечара, Шумкарын колдон качырган («Мендирман»). 5. Бир жакка билгизбей жөнөтүп жиберүү, жашырын түрдө жөнөтүү. «Кызды жеңеси качырып жиберген тура деген кеп айыл ичине толук тараптыр («Ала-Тоо»). Күлүйпаны мага качырып бериңиз (Маликов).