Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жеткирбөө, алыстап кетүү, кутулуу үчүн аракет кылып жүгүрүү, карматпоонун аракетин кылуу. Бокин офицерлерди Суук-Белди көздөй ээрчитип алып чыгат да, аларды бөтөн жолго салып жиберип, өзү качып кутулат (Баялинов). Ар каяктан ар каякка баш аламан, Качып барат калкайык каратаман (Гапаров). Айсулуу карап туруп арт жагынан, Бир кезде алма менен уруп качты (Үмөталиев). Ат байлоодон качкан окшойт (Байтемиров). 2. Көрүнбөй, билинбей калыш үчүн бир жакка кетип калуу, жашырынуу, жанына жолобоо, жакындабоо, оолак жүрүү. Элден качып жүрүп оокат кыла албаган душмандар айыл арасына жакындоонун аракетин кылышты («Ала-Тоо»). Бекерчиден безе кач, Ушакчыдан көчө кач (Токтогул). Жанымдан качтың жолобой, Уктуңбу, ушак, жалкоо деп (Маликов). 3. Тартынуу, чегинүү, батына албоо. Айтышып калган жериңден, Акылың болсо качпагын (Токтогул). Кайра тартып качпаган, Кажыбаган шашпаган («Манас»). 4. Мурдагы калыбынан азаюу, басандоо, жок боло баштоо. Уйкусу качты. Эти качты. Кубаты качты. 4. Букадан чыгуу (уйга карата гана айтылат). Уй букадан качты. Букадан качкан кунаажын.