КАЧЫР III
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Катуу нерсе сынганда же бири-бирине катуу сүрүлүп, өйкөлүп, козголуп калганда чыккан дабышы. Катуу шамалда боз үйдүн уук-керегелери качыр-качыр эте баштады («Ала-Тоо»). Эшикти качыр эттире катуу жаап, дабыш сала кирип келе жаткан адамга үйдөгүлөр кулак түрүп калышты («Ала-Тоо»).