КАЧЫР
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаЭшек менен жылкынын аралашуусунан бүткөн жаныбардын атын билдирген качыр сөзү байыркы түрк тилинде катыр түрүндө болгон. Анткени катыр сөзү кат+ыр морфемаларынан куралган. Анын кат уңгусу байыркы түрк тилинде «кош, аралаштыр, аргындаштыр» (ДТС, 432) маанисин берген. Ошол этишке зат атооч жасоочу -ыр мүчөсү жалганып, катыр сөзү келип чыккан. Ал аргын дегенге жакын маани берген. Кийин т тыбышы ч тыбышына өтүп, азыркыдай качыр түрүнө келген.