Киргизско-русский словарь Юдахина
качыр I
мул, лошак.
качыр II
звукоподражание скрипу, хрусту;
каалга качыр этти дверь скрипнула;
араба качыр-кучур этет телега скрипит на все лады.
качыр- III
понуд. от кач-
1. дать возможность бежать, упустить;
атын качырып жиберди он упустил свою лошадь; его лошадь убежала;
туйгунун качырды он упустил своего ястреба; его ястреб улетел;
куш качырган немедей туш-туш жакка чапты дейт фольк. он скакал в разные стороны, как будто упустил свою ловчую птицу;
2. случать (животных);
3. нападать, набрасываться;
мени жолборс качырды на меня напал тигр;
качырганы камандай фольк. он нападёт, как вепрь (храбро, яростно);
бычак менен качырды он напал с ножом;
качырып сал- наброситься (напр. на еду);
ат качырбас боз айгыр (о человеке) степенный и миролюбивый; отзывчивый (букв. серый жеребец, который не гонит из своего косяка меринов);
артын качырат или груб. көтүн качырат он прячется (напр. боится открыто сказать).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Эшек менен жылкыдан бүткөн аргын, үй айбаны. Алты өгүз менен төрт качыр Күчүн берип айдады («Манас»). Ли-Чан эки кара качыр кошкон арабаны короого кийирди (Жантөшев).
КАЧЫР II 1. кач этишинин аркылуу мамилеси.
  1. 2.                  Бет алып чыгуу, атырылып кирүү. Түпөктүү найза булгалап, Тик качырып жөнөдү («Курманбек»). Чолпонбайдын артынан Жолдоштор жоону качырды (Осмонкул).
  2. 3.                  Бет алып жөнөө, бет алуу, умтулуу. Тилин салып акактап, көлөкө жерди качырат (Тоголок Молдо).
  3. 4.                  Жоготуу, колдон чыгарып жиберүү, ажырап калуу. Менин жайым сурасаң, Жок качырып элимден, Суроо салып келемин («Семетей»).
  4. 5.                  Жөнөтүү, жашырын түрдө жөнөтүп жиберүү. Кыз качырган келин.

КАЧЫР III туур. Катуу нерсенин сынганда же бири-бирине катуу өйкөлүшкөндө, козголгондо чыккан дабышы. Эшикти качыр эттире катуу жапты.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Эшек менен жылкынын аралашуусунан бүткөн жаныбардын атын билдирген качыр сөзү байыркы түрк тилинде катыр түрүндө болгон. Анткени катыр сөзү кат+ыр морфемаларынан куралган. Анын кат уңгусу байыркы түрк тилинде «кош, аралаштыр, аргындаштыр» (ДТС, 432) маанисин берген. Ошол этишке зат атооч жасоочу -ыр мүчөсү жалганып, катыр сөзү келип чыккан. Ал аргын дегенге жакын маани берген. Кийин т тыбышы ч тыбышына өтүп, азыркыдай качыр түрүнө келген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. кач этишинин аркылуу мамилеси. 2. Кол салуу, тиш салуу. Түпөктүү найза булгалап, Тик качырып жөнөдү («Курманбек»). Каман качырып сала берерде мына ушул ташка чыга качып, араң дегенде кутулган экен («Ала-Тоо»). Ити качырып калганда, үйдүн ээси чыга калып, бизди куткарып, үйүнө киргизип алды («Ала-Тоо»). 3. Белгилүү бир багытка карай бет алуу, бир нерсеге умтулуу, аракет жасоо. Тилин салып акактап, Көлөкө жерди качырат (Тоголок Молдо). Тамак турса, аракка карай качырган эрлерден эле («Чалкан»). 4. Колдон чыгарып жиберүү, ажырап калуу. Жок качырып элимден Суроо салып келемин («Семетей»). Биз бир муңдуу бечара, Шумкарын колдон качырган («Мендирман»). 5. Бир жакка билгизбей жөнөтүп жиберүү, жашырын түрдө жөнөтүү. «Кызды жеңеси качырып жиберген тура деген кеп айыл ичине толук тараптыр («Ала-Тоо»). Күлүйпаны мага качырып бериңиз (Маликов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Катуу нерсе сынганда же бири-бирине катуу сүрүлүп, өйкөлүп, козголуп калганда чыккан дабышы. Катуу шамалда боз үйдүн уук-керегелери качыр-качыр эте баштады («Ала-Тоо»). Эшикти качыр эттире катуу жаап, дабыш сала кирип келе жаткан адамга үйдөгүлөр кулак түрүп калышты («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Качыр этүү, качыр эткен дабыш чыгуу. Шамал күчөп күрүлдөдү, Үй качырап калтырайт (Токомбаев). Ууктары шагырап, жаман керегелери качырап сынып жатты (Байтемиров). Качырап карагайлар жатты сынып (Үмөталиев).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
КАЧЫРТКЫ — топоним. Эпосто «Качырткынын кытайын Кара-Шаар, Таңшаңга, Сүргөн журтум барсыңбы» (Сагымбай Орозбаков, 4. 64),— деп эскерилет.