Толковый словарь кыргызского языка (1969)
сын. 1. Качанаак, карматпаган, жакын жолобогон. Хан Дөлөндүн тулпары Качкы болгон Карала («Курманбек»).
  1. 2.                  Жалкоо, бекерчи, ишке жалакой, иштен качкан. Качкы болот кай акмак, Кара чака табалбой (Токтогул).
  2. 3.                  Жалтак, коркок, туруксуз, кайратсыз. Бакандашып сайышса, Качкы сыны бар экен («Манас»).

¨ Ээр качкы — ээр токутпаган, ээрден качкан, көп минилип ээрден жадап качып калган (ат жөнүндө). Эрегиште эр үчүн, Ээр качкы ат жаман (Жантөшев). Ээр качкы болот деп, Мойнуна аркан сүйрөткөн («Манас»).