качурки
Русско-кыргызский словарь названий животных Алдашева (1998)(Hydrobatidae) чардакчымчыктар; деңиздерде, океандарда жашоочу, тутуктумшук куштардын ичиндеги бир тукуму, булардын төмөнкү түрлөрү белгилүү: качурка северная (Oceanodroma leucorrhoa) — түндүк чардакчымчык, к. сизая (О. furcata) — көгүш чардакчымчык, к. вилохвостая (Oceanodroma monorhis) — ача куйрук чардакчымчык.