Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. 1. Суу же башка суюк нерсе менен бирөөнүн же бир нерсенин кирин тазалоо, тазартуу, чайкоо. Бети-колуңду жуу. Акийма казанын жууп, колун сүрттү (Жантөшев). Көйнөк кири жууса кетет, көңүл кири айтса кетет (макал).
  1. 2.           Арылтуу, кетирүү, жокко чыгаруу. Ал айыбын жууду.
  2. 3.           Ийгиликтин, сатып алынган нерсенин ж. б. себебинен улам элге сый кылуу, ичкилик ичишүү.

¨Кол жууп калуу к. кол I. Жууп чаюу — жамандыкты, кылмышты ж.б. билгизбөө, жаап-жашыруунун аракетин кылуу. Уятын жууп-чаюуга, Актанып дагы сайрады («Мендирман»).
ЖУУ II этиш. Жакындоо. Менин жаныма жуубайт.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жуу- I
1. мыть, смывать; стирать (бельё); обмывать (труп);
жууйт (или иногда жубат) он моет;
жууймун или жубамын я буду мыть;
жалаягын жубалык, жакшы кылып багалык стих. будем-ка стирать его пелёнки, будем хорошо воспитывать;
сууга жуу- или реже суу менен жуу- мыть водой, мыть в воде;
кол жуу-
1) мыть руки;
2) с исх. п. перен. лишиться чего-л. (прим. см. кол I 1);
кол жуубас нечистоплотный;
бет-кол жуу- умываться;
ал айбын жууду перен. он загладил свою вину;
2. шутл. обмыть что-л. (выпить по какому-л. случаю).
жуу- II
приближаться.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Суу же суюктук менен бир нерсенин кирин, майын ж. б. артуу, чайкоо, тазалоо. Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген (макал). Жанболот тигилерди туурап, мойну-башын арыктагы сууга жууду (Айтматов). 2. Суюк нерсе (кан, жаш ж. б.) жаба агуу, каптоо, көп чыгуу. Көп ыйлап көкүрөгүн жашка жууду (Үмөталиев). Аккан кан колун жууп кетти (Жантөшев). 3. Суу, суюктук көп болуп, майда тозоңдорду, топуракты ж. б. агызып кетүү. Мөмө жыгачтары жаңы гүлдөгөндө жаан катуу жаап гүлүн жууп кетти («Ала-Тоо»). 4. сүйл. Жаңы буюм алганда, кийим-кече кийгенде, кызматка орношкондо ж. б. ал жаңылыктарын, ийгиликтерин тамак-аш берүү, ичкилик ичирүү жолдору менен белгилөө, майлоо. Пальтосун жууду. Ордун жууду. 5. өт. Күнөөсүн, айыбын актоо, андан арылуу аракетинде болуу. Досуң өз күнөөсүн кантип жууй тургандыгын көр (Каимов).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от жуу- I;
жуугузбасын жаш менен карагаттай көзүмдү фольк. как бы он не довёл меня до горьких слёз (букв. как бы не заставил меня омыть слезами подобные смородине глаза мои);
сакалын жашка жуугузуп туруп айткан экен он сказал (это), омывая слезами бороду свою.

Киргизско-русский словарь Юдахина
то, чем моют;
кыл жуугуч
1) этн. пучок конского волоса для мытья котла (употребляемый вместо мочалки);
2) название высокостебельного однолетнего травянистого растения, волокна которого употребляются вместо мочалки;
тиш жуугуч зубная щётка.

Киргизско-русский словарь Юдахина
(употребление ограничено)
близко;
таңга жуук к рассвету, перед рассветом;
кечке жуук к вечеру;
кечке жуук болгондо когда начало вечереть;
күзгө жуук к осени, перед осенью;
кышка жуук к зиме, близко к зиме;
жуук арада в недалёком будущем;
жуукта близко, вблизи;
бүгүн мында, эртең - анда, бирде жуукта, бирде алыста болобуз сегодня здесь, а завтра там, мы будем то близко, то далеко;
төрүнөн көрү жуук болуп баратат ему уже недолго осталось жить.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Алыс эмес, аралык өлчөмү, мезгили, ж. б. жагынан алганда жакын. Алыс, жуукту аңдабас, Каран калган Аккелте, Канчалык атсам жеткен жок («Семетей»). 3. Жылдын мезгилин, кандайдыр бир убакыт маалын билдирген сөз менен кошо айтылып, ошо мезгилге жакын убакыт өлчөмүн көрсөтүүдө колдонулат. Боз кыроо болгон күзгө жуук, Кыргый келген күнү суук (Калык). Кечке жуук жумуш бүтүп ичип тамак, Басабыз ойноп күлүп бак аралап (Бөкөнбаев). 2. Кууш, тар. Түбү терең, оозу жуук, Үңкүр жайы мына бу («Сейтек»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. жуу этишинин туюк мамилеси. 2. өт. Кандайдыр бир күнөөдөн, жаманатты иштен арылуу, кутулуу, азап, кайгы ж. б. жок болуу, жоюлуу. Эриктүү жыргал заманда, Кайгыңар кетти жуулуп (Токтогул). Аты кедей балдары, Артыңдан шоруң жуулду (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кир жуугандан, ар кандай нерселерди жууп-тазалагандан кийинки кир суу. Дагырадагы жуундусун төктү. 2. диал. Тамак-аш жасаган идишти, тамак-аш куюлган чыны-аякты ж. б. жуугандан кийинки жугу аралашып калган калдыгы, жугунду. Айланайын байбача, улагаңда жүрүп кызматыңды кылып, жуундуңду ичип жан сактайын (Турусбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кургак, майда (мисалы, ун ж. б.) нерсени суу же башка суюктук менен аралаштыруу, мыжыгып же ийлеп даярдоо. Жакшылап жууруп бышырып, Таттуу кылат наныңды (Тоголок Молдо). Бегайым чуңкур кара табакка азыраак камыр жууруп жатат (Жантөшев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Камыр жуур деген учурда айтылчу жуур сөзү тарыхый жагынан алганда йогур (ДТС, 270) сөзүнүн өзгөргөн түрү болот да, йог+ур бөлүктөрүнөн турат. Азыркы турция тилинде йог этиши «коюл, коюу бол, кат, нык бол» (ТурРС, 219) маанисинде колдонулат. Мына ушул этишке аркылуу мамиленин -ыр мүчөсү жалгануудан йогур этиши келип чыккан. Ал алгач «коюу кылуу» маанисин берген. Унду коюу кылуу үчүн аны сууга аралаштырып көйлөө керек. Мына ошол кыймыл-аракетти йогур (жуур) этиши билдирип калган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жуурат I
цельное кислое молоко (без примеси воды и не снятое), варенец;
үйүндө кашык айраны жок, кызынын аты Жууратбек погов. в доме у него ложки айрана нет, а дочь зовут Джууратбек (госпожа Варенец); на брюхе шёлк, а в брюхе-то - щёлк;
байдын жууратына тойгонсуп, магдырап жатат спит сном праведника (букв. блаженствует, будто насытился байским варенцом).
жуурат II
разг.
то же, что жураат;
тукум-жуураттар родичи.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка

Кыргызча жуурат сөзү байыркы түрк жазууларында йогурат// йограт түрүндө болгон (ДТС, 270). Бул сөз йогур+т бөлүктөрүнөн куралган. Йогур уңгусу азыркы жуур этишке туура келет. Ага зат атооч жасоочу -т мүчөсү кошулуп, йогурт сөзү келип чыккан. Мындай аты йогур этишинин байыркы кездеги маанисине тыгыз байланыштуу болгон. Ал кезде йогур этиши «коюу кылуу» маанисин берген. Сүттү коюу кылуу үчүн ага уютку салып, уютуу керек. Уюган соң коюлуп калган сүт тамак йогурт (жуурат) аталган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ортосуна жүн же кебез салынып, ичи-сырты кездемеден кабылып тигилген, жатканда жамынып жатуучу төшөнчү. Чоң эне ак шейшептин жакасын кайрып, жуурканды кымтып койду (Сыдыкбеков). Түйгөн чийдей кылып, бирине бирин тегиз койгон жууркандар бир топ (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Бирөөнүн кызына куда түшөрдө кыздын ата-энесинин макулдугун сураш үчүн жигит тараптан жиберилген элчи, өкүл. Бойго жеткен кызы бар жерге жуучу жибере берүүчү элдин адаты бар эле (Жантөшев). Өмүрүмдө эч кимдин кызына жуучу болуп көргөн эмесмин (Абдукаримов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖУУЧУ — кызга куда түшүүгө ата-энесинин макулдугун алуу үчүн күйөө тараптан жиберилген атайын өкүл. Ж-га көбүнчө эркек адамдар барган, алар сөзсүз түрдө үйлөнө турган жигиттин өз атасы же эң жакын туугандары болушу керек. Кыргыз элинде Ж-ларды дайындоодо өтө кылдат мамиле кылышкан. Алардын сабында сөзсүз түрдө акылга дыйкан, сөзгө чечен, актаңдай, шайыр адамдар боло турган. Алар куда түшүп барган жеринде ар кандай күтүүсүз кырдаалдардан жол таап, сөз таап кете алган. Эпосто да Жакып Санирабиганын атасы Атемир жана анын увазирлеринин какшык, кемсинтүү максатында айтылган сөздөрүнө курч, таамай жооп берип келечек кудаларынын купулуна толот. Кыргыз жана ошондой эле чыгыштын көптөгөн элдеринде Ж-га өзгөчө мамиле кылышкан. Кызын берүүгө макул болушпаса да Ж-ну урмат-сый менен узатышкан. Ушуга байланыштуу кыргыз элинде «элчи менен жуучуга өлүм жок» деген ылакап сөз бар. Кыздын атасы кызын берүүгө макул болгон учурда калыңы бычылып, үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүнүн күн тартиби, ирети макулдашылат. Кулдук уруу иретинде ала келген белек-бечкеги кыздын атасынын алдына тартылат: Эпосто да Жакып Атемирге жамбы, ай туяктарды кудалык пул деп берет. Кыздын атасы Ж-ларды жөн узатпастан кийит кийгизет. Ушундан баштап эки тарап тең тойго камдана башташат. Ж. адам эки башка бүлөнү, урукту, тайпаны, ал эми кээ бир убактарда элдерди да бири-бирине куда-сөөк кылган.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз жуу+чу морфемаларынан куралган. Жуу уңгусу байыркы түрк тилинде сав түрүндө айтылып, «сөз, кабар, кат, макал, аңгеме» сыяктуу маанилерди туюнткан (ДТС, 491). Ага кесипти билдирген -чы мүчөсү уланганда жаралган савчы сөзү азыркы кыргызча жуучу сөзүндөй маани берген.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Куда түшөр алдында кыздын эне-атасынын, жакындарынын макулдугун билиш үчүн күйөө тараптан сүйлөшкөнү келген киши, үйлөнөр алдында макулдугун алуу үчүн сүйлөшүүгө жиберилген киши. Гулайымга далай жуучулар келип, анын колун сураган болучу (Абдукаримов). Абыке Каныкейди алам деп жуучу жиберет (Бөкөнбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
положение или обязанности свата;
элчиликке өлүм жок, жуучулукка кордук жок фольк. послу смерти нет (он неприкосновенен), свату позора нет (если получит отказ);
мен жуучумун, жуучумун - жуучулукка өлүм жок фольк. я сват, я сват - свату смерти нет.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жууш- I
взаимн. от жуу- II
сближаться, приближаться.
жууш- II
взаимн. от жуу- I
совместно мыть, помогать мыть; совместно стирать, помогать стирать;
кир жууша баштады она начала помогать стирать бельё.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Тойгондон кийин тынч алып жатуу же тынч туруп калуу (мал жөнүндө). Уйлар жуушады. Кой жуушаган кезде Токтогул үргүлөй кетти (Аалы).
2. Жыгылуу, жапырылып жатып калуу (мис., эгин, чөп ж.б.).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. пребывать в полном покое (о скоте, когда он, наевшись, стоит или лежит, подрёмывая);
2. перен. повалиться (напр. о траве, злаках); полечь (быть убитыми, вымереть);
маясы жуушап, кызылы күбүлүп калган аңыз хлебное поле, на котором стебли повалились, зерно осыпалось;
туусун көрүп эки кол эки жакка бөлүндү, канчалык адам жуушаган фольк. увидев его знамя, войско разделилось на два крыла, много народа полегло.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир орунда тынч алып жатуу же ордунан козголбой тынч туруп калуу, тынч алып көшүлгөн абалда болуу. Аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт (макал). Короодогу калың мал жуушап жатат магдырап (Элебаев). 2. Төшөлө жыгылып калуу, жыгылып боо түшкөн абалда болуу, жапырт кырылуу. Эртесинде маясы жуушап, кызылы күбүлүп калган (Сыдыкбеков). Канчалык адам жуушаган, Каза жеткен, өлүмдү («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
кайчынын бир түрү. Майда жандыктардын жүнүн кырка турган курал. Ал ак болоттон жасалат да, жаагынын узундугу болжолдо 40—45 см, калыңдыгы бычак сырты болот. Жүндү кыркууда оң колдун сөөмөйү менен бармагы кенен баткандай кайчы өңдүү тегерек шакекче көзү чебер жасалат. Жуушаң учу аркылуу теридеги жүндү текши жиретип алып, сол кол жуушаңдын эки учун бүктөй капшыра кармаганда жүн таза жана арымдуу кыркылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Койдун жүнүн кыркуучу кайчы сымал курал. Сапаттуу, курч темирден, узун, ичке, эки жаактуу формада жасалат. Анын жаактарынын ички жак бети курч миздүү, жүндү аралап киргидей учтуу, сабы колго ыңгайлуу болсун үчүн жумуруланган. Жуушаң менен кой кыркуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от жууша-;
койлорун ийрип, жуушатып салыптыр он согнал своих овец в кучу и оставил их отдыхать;
айгышкан душманды автомат менен жуушаткан фольк. остервенелых врагов он автоматом уложил.