Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Бирөөнүн кызына куда түшөрдө кыздын ата-энесинин макулдугун сураш үчүн жигит тараптан жиберилген элчи, өкүл. Бойго жеткен кызы бар жерге жуучу жибере берүүчү элдин адаты бар эле (Жантөшев). Өмүрүмдө эч кимдин кызына жуучу болуп көргөн эмесмин (Абдукаримов).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖУУЧУ — кызга куда түшүүгө ата-энесинин макулдугун алуу үчүн күйөө тараптан жиберилген атайын өкүл. Ж-га көбүнчө эркек адамдар барган, алар сөзсүз түрдө үйлөнө турган жигиттин өз атасы же эң жакын туугандары болушу керек. Кыргыз элинде Ж-ларды дайындоодо өтө кылдат мамиле кылышкан. Алардын сабында сөзсүз түрдө акылга дыйкан, сөзгө чечен, актаңдай, шайыр адамдар боло турган. Алар куда түшүп барган жеринде ар кандай күтүүсүз кырдаалдардан жол таап, сөз таап кете алган. Эпосто да Жакып Санирабиганын атасы Атемир жана анын увазирлеринин какшык, кемсинтүү максатында айтылган сөздөрүнө курч, таамай жооп берип келечек кудаларынын купулуна толот. Кыргыз жана ошондой эле чыгыштын көптөгөн элдеринде Ж-га өзгөчө мамиле кылышкан. Кызын берүүгө макул болушпаса да Ж-ну урмат-сый менен узатышкан. Ушуга байланыштуу кыргыз элинде «элчи менен жуучуга өлүм жок» деген ылакап сөз бар. Кыздын атасы кызын берүүгө макул болгон учурда калыңы бычылып, үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүнүн күн тартиби, ирети макулдашылат. Кулдук уруу иретинде ала келген белек-бечкеги кыздын атасынын алдына тартылат: Эпосто да Жакып Атемирге жамбы, ай туяктарды кудалык пул деп берет. Кыздын атасы Ж-ларды жөн узатпастан кийит кийгизет. Ушундан баштап эки тарап тең тойго камдана башташат. Ж. адам эки башка бүлөнү, урукту, тайпаны, ал эми кээ бир убактарда элдерди да бири-бирине куда-сөөк кылган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Куда түшөр алдында кыздын эне-атасынын, жакындарынын макулдугун билиш үчүн күйөө тараптан сүйлөшкөнү келген киши, үйлөнөр алдында макулдугун алуу үчүн сүйлөшүүгө жиберилген киши. Гулайымга далай жуучулар келип, анын колун сураган болучу (Абдукаримов). Абыке Каныкейди алам деп жуучу жиберет (Бөкөнбаев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Бул сөз жуу+чу морфемаларынан куралган. Жуу уңгусу байыркы түрк тилинде сав түрүндө айтылып, «сөз, кабар, кат, макал, аңгеме» сыяктуу маанилерди туюнткан (ДТС, 491). Ага кесипти билдирген -чы мүчөсү уланганда жаралган савчы сөзү азыркы кыргызча жуучу сөзүндөй маани берген.

Киргизско-русский словарь Юдахина
положение или обязанности свата;
элчиликке өлүм жок, жуучулукка кордук жок фольк. послу смерти нет (он неприкосновенен), свату позора нет (если получит отказ);
мен жуучумун, жуучумун - жуучулукка өлүм жок фольк. я сват, я сват - свату смерти нет.