ЖУУР
Краткий этимологический словарь кыргызского языкаКамыр жуур деген учурда айтылчу жуур сөзү тарыхый жагынан алганда йогур (ДТС, 270) сөзүнүн өзгөргөн түрү болот да, йог+ур бөлүктөрүнөн турат. Азыркы турция тилинде йог этиши «коюл, коюу бол, кат, нык бол» (ТурРС, 219) маанисинде колдонулат. Мына ушул этишке аркылуу мамиленин -ыр мүчөсү жалгануудан йогур этиши келип чыккан. Ал алгач «коюу кылуу» маанисин берген. Унду коюу кылуу үчүн аны сууга аралаштырып көйлөө керек. Мына ошол кыймыл-аракетти йогур (жуур) этиши билдирип калган.