Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кургак, майда (мисалы, ун ж. б.) нерсени суу же башка суюктук менен аралаштыруу, мыжыгып же ийлеп даярдоо. Жакшылап жууруп бышырып, Таттуу кылат наныңды (Тоголок Молдо). Бегайым чуңкур кара табакка азыраак камыр жууруп жатат (Жантөшев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Камыр жуур деген учурда айтылчу жуур сөзү тарыхый жагынан алганда йогур (ДТС, 270) сөзүнүн өзгөргөн түрү болот да, йог+ур бөлүктөрүнөн турат. Азыркы турция тилинде йог этиши «коюл, коюу бол, кат, нык бол» (ТурРС, 219) маанисинде колдонулат. Мына ушул этишке аркылуу мамиленин -ыр мүчөсү жалгануудан йогур этиши келип чыккан. Ал алгач «коюу кылуу» маанисин берген. Унду коюу кылуу үчүн аны сууга аралаштырып көйлөө керек. Мына ошол кыймыл-аракетти йогур (жуур) этиши билдирип калган.

Киргизско-русский словарь Юдахина
жуурат I
цельное кислое молоко (без примеси воды и не снятое), варенец;
үйүндө кашык айраны жок, кызынын аты Жууратбек погов. в доме у него ложки айрана нет, а дочь зовут Джууратбек (госпожа Варенец); на брюхе шёлк, а в брюхе-то - щёлк;
байдын жууратына тойгонсуп, магдырап жатат спит сном праведника (букв. блаженствует, будто насытился байским варенцом).
жуурат II
разг.
то же, что жураат;
тукум-жуураттар родичи.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка

Кыргызча жуурат сөзү байыркы түрк жазууларында йогурат// йограт түрүндө болгон (ДТС, 270). Бул сөз йогур+т бөлүктөрүнөн куралган. Йогур уңгусу азыркы жуур этишке туура келет. Ага зат атооч жасоочу -т мүчөсү кошулуп, йогурт сөзү келип чыккан. Мындай аты йогур этишинин байыркы кездеги маанисине тыгыз байланыштуу болгон. Ал кезде йогур этиши «коюу кылуу» маанисин берген. Сүттү коюу кылуу үчүн ага уютку салып, уютуу керек. Уюган соң коюлуп калган сүт тамак йогурт (жуурат) аталган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Ортосуна жүн же кебез салынып, ичи-сырты кездемеден кабылып тигилген, жатканда жамынып жатуучу төшөнчү. Чоң эне ак шейшептин жакасын кайрып, жуурканды кымтып койду (Сыдыкбеков). Түйгөн чийдей кылып, бирине бирин тегиз койгон жууркандар бир топ (Сыдыкбеков).