Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Этимология слова ЖУУРАТ| Краткий этимологический словарь кыргызского языка

Кыргызча жуурат сөзү байыркы түрк жазууларында йогурат// йограт түрүндө болгон (ДТС, 270). Бул сөз йогур+т бөлүктөрүнөн куралган. Йогур уңгусу азыркы жуур этишке туура келет. Ага зат атооч жасоочу -т мүчөсү кошулуп, йогурт сөзү келип чыккан. Мындай аты йогур этишинин байыркы кездеги маанисине тыгыз байланыштуу болгон. Ал кезде йогур этиши «коюу кылуу» маанисин берген. Сүттү коюу кылуу үчүн ага уютку салып, уютуу керек. Уюган соң коюлуп калган сүт тамак йогурт (жуурат) аталган.