Киргизско-русский словарь Юдахина
жуурат I
цельное кислое молоко (без примеси воды и не снятое), варенец;
үйүндө кашык айраны жок, кызынын аты Жууратбек погов. в доме у него ложки айрана нет, а дочь зовут Джууратбек (госпожа Варенец); на брюхе шёлк, а в брюхе-то - щёлк;
байдын жууратына тойгонсуп, магдырап жатат спит сном праведника (букв. блаженствует, будто насытился байским варенцом).
жуурат II
разг.
то же, что жураат;
тукум-жуураттар родичи.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка

Кыргызча жуурат сөзү байыркы түрк жазууларында йогурат// йограт түрүндө болгон (ДТС, 270). Бул сөз йогур+т бөлүктөрүнөн куралган. Йогур уңгусу азыркы жуур этишке туура келет. Ага зат атооч жасоочу -т мүчөсү кошулуп, йогурт сөзү келип чыккан. Мындай аты йогур этишинин байыркы кездеги маанисине тыгыз байланыштуу болгон. Ал кезде йогур этиши «коюу кылуу» маанисин берген. Сүттү коюу кылуу үчүн ага уютку салып, уютуу керек. Уюган соң коюлуп калган сүт тамак йогурт (жуурат) аталган.