Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Тойгондон кийин тынч алып жатуу же тынч туруп калуу (мал жөнүндө). Уйлар жуушады. Кой жуушаган кезде Токтогул үргүлөй кетти (Аалы).
2. Жыгылуу, жапырылып жатып калуу (мис., эгин, чөп ж.б.).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. пребывать в полном покое (о скоте, когда он, наевшись, стоит или лежит, подрёмывая);
2. перен. повалиться (напр. о траве, злаках); полечь (быть убитыми, вымереть);
маясы жуушап, кызылы күбүлүп калган аңыз хлебное поле, на котором стебли повалились, зерно осыпалось;
туусун көрүп эки кол эки жакка бөлүндү, канчалык адам жуушаган фольк. увидев его знамя, войско разделилось на два крыла, много народа полегло.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бир орунда тынч алып жатуу же ордунан козголбой тынч туруп калуу, тынч алып көшүлгөн абалда болуу. Аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт (макал). Короодогу калың мал жуушап жатат магдырап (Элебаев). 2. Төшөлө жыгылып калуу, жыгылып боо түшкөн абалда болуу, жапырт кырылуу. Эртесинде маясы жуушап, кызылы күбүлүп калган (Сыдыкбеков). Канчалык адам жуушаган, Каза жеткен, өлүмдү («Эр Табылды»).

Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
кайчынын бир түрү. Майда жандыктардын жүнүн кырка турган курал. Ал ак болоттон жасалат да, жаагынын узундугу болжолдо 40—45 см, калыңдыгы бычак сырты болот. Жүндү кыркууда оң колдун сөөмөйү менен бармагы кенен баткандай кайчы өңдүү тегерек шакекче көзү чебер жасалат. Жуушаң учу аркылуу теридеги жүндү текши жиретип алып, сол кол жуушаңдын эки учун бүктөй капшыра кармаганда жүн таза жана арымдуу кыркылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Койдун жүнүн кыркуучу кайчы сымал курал. Сапаттуу, курч темирден, узун, ичке, эки жаактуу формада жасалат. Анын жаактарынын ички жак бети курч миздүү, жүндү аралап киргидей учтуу, сабы колго ыңгайлуу болсун үчүн жумуруланган. Жуушаң менен кой кыркуу.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от жууша-;
койлорун ийрип, жуушатып салыптыр он согнал своих овец в кучу и оставил их отдыхать;
айгышкан душманды автомат менен жуушаткан фольк. остервенелых врагов он автоматом уложил.