ЖУУША
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бир орунда тынч алып жатуу же ордунан козголбой тынч туруп калуу, тынч алып көшүлгөн абалда болуу. Аргымактын жакшысы азыраак оттоп, көп жуушайт (макал). Короодогу калың мал жуушап жатат магдырап (Элебаев). 2. Төшөлө жыгылып калуу, жыгылып боо түшкөн абалда болуу, жапырт кырылуу. Эртесинде маясы жуушап, кызылы күбүлүп калган (Сыдыкбеков). Канчалык адам жуушаган, Каза жеткен, өлүмдү («Эр Табылды»).