Толковый словарь кыргызского ремесленничества (Кыргыздын кол өнөрчүлүгү) А. Акматалиева
кайчынын бир түрү. Майда жандыктардын жүнүн кырка турган курал. Ал ак болоттон жасалат да, жаагынын узундугу болжолдо 40—45 см, калыңдыгы бычак сырты болот. Жүндү кыркууда оң колдун сөөмөйү менен бармагы кенен баткандай кайчы өңдүү тегерек шакекче көзү чебер жасалат. Жуушаң учу аркылуу теридеги жүндү текши жиретип алып, сол кол жуушаңдын эки учун бүктөй капшыра кармаганда жүн таза жана арымдуу кыркылат.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Койдун жүнүн кыркуучу кайчы сымал курал. Сапаттуу, курч темирден, узун, ичке, эки жаактуу формада жасалат. Анын жаактарынын ички жак бети курч миздүү, жүндү аралап киргидей учтуу, сабы колго ыңгайлуу болсун үчүн жумуруланган. Жуушаң менен кой кыркуу.