Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Алыс эмес, аралык өлчөмү, мезгили, ж. б. жагынан алганда жакын. Алыс, жуукту аңдабас, Каран калган Аккелте, Канчалык атсам жеткен жок («Семетей»). 3. Жылдын мезгилин, кандайдыр бир убакыт маалын билдирген сөз менен кошо айтылып, ошо мезгилге жакын убакыт өлчөмүн көрсөтүүдө колдонулат. Боз кыроо болгон күзгө жуук, Кыргый келген күнү суук (Калык). Кечке жуук жумуш бүтүп ичип тамак, Басабыз ойноп күлүп бак аралап (Бөкөнбаев). 2. Кууш, тар. Түбү терең, оозу жуук, Үңкүр жайы мына бу («Сейтек»).