ЖУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Суу же суюктук менен бир нерсенин кирин, майын ж. б. артуу, чайкоо, тазалоо. Таза болсоң суудай бол, баарын жууп кетирген (макал). Жанболот тигилерди туурап, мойну-башын арыктагы сууга жууду (Айтматов). 2. Суюк нерсе (кан, жаш ж. б.) жаба агуу, каптоо, көп чыгуу. Көп ыйлап көкүрөгүн жашка жууду (Үмөталиев). Аккан кан колун жууп кетти (Жантөшев). 3. Суу, суюктук көп болуп, майда тозоңдорду, топуракты ж. б. агызып кетүү. Мөмө жыгачтары жаңы гүлдөгөндө жаан катуу жаап гүлүн жууп кетти («Ала-Тоо»). 4. сүйл. Жаңы буюм алганда, кийим-кече кийгенде, кызматка орношкондо ж. б. ал жаңылыктарын, ийгиликтерин тамак-аш берүү, ичкилик ичирүү жолдору менен белгилөө, майлоо. Пальтосун жууду. Ордун жууду. 5. өт. Күнөөсүн, айыбын актоо, андан арылуу аракетинде болуу. Досуң өз күнөөсүн кантип жууй тургандыгын көр (Каимов).