Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I этиш. 1. Суу же башка суюк нерсе менен бирөөнүн же бир нерсенин кирин тазалоо, тазартуу, чайкоо. Бети-колуңду жуу. Акийма казанын жууп, колун сүрттү (Жантөшев). Көйнөк кири жууса кетет, көңүл кири айтса кетет (макал).
  1. 2.           Арылтуу, кетирүү, жокко чыгаруу. Ал айыбын жууду.
  2. 3.           Ийгиликтин, сатып алынган нерсенин ж. б. себебинен улам элге сый кылуу, ичкилик ичишүү.

¨Кол жууп калуу к. кол I. Жууп чаюу — жамандыкты, кылмышты ж.б. билгизбөө, жаап-жашыруунун аракетин кылуу. Уятын жууп-чаюуга, Актанып дагы сайрады («Мендирман»).
ЖУУ II этиш. Жакындоо. Менин жаныма жуубайт.