Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Бөлүккө ажыратуу, бөлүк-бөлүк кылуу. [Жума].. талды чот керки менен эки бөлүп, казык жасады (Жантөшев). Баласына алп куштун, Ушу турган ажыдаар, Алты бөлүп берейин («Эр Төштүк»).
  1. 2.                  Үлөштүрүү, тийиштүү энчилерин ажыратып берүү. Эмгек бөлдү. Энчи бөлдү.
  2. 3.                  Ажыратуу, ажыратып чыгаруу. Уулунун үй-жайын өзүнчө бөлүп коюшту («Ала-Тоо»). Жакшымды алып, жаманымды бөлүп сал (Осмонов).
  3. 4.                  Өгөйлөө, өзүнө кошпоо, жат көрүү. Өз тууганын бөлүп салып, жат кишиге мамиле кылган адамдар да болот («Чалкан»).
  4. 5.                  Үзүү, аягына чыгарбай, улантпай коюу. Кемпирлердин эч кимиси карынын кебин бөлбөй, Камканы кадырлашат (Сыдыкбеков). Сырттан чыккан дабыш менин оюмду бөлүп, тынчымды ала баштады («Ала-Тоо»).
  5. 6.                  Топтоо, бир багытка буруу (көнүлдү, ойду ж. б.). Керез Кычандын киргенине анчейин көңүл бөлбөдү (Бейшеналиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
делить, разделять; выделять;
конокторду экиге бөлдү он разделил гостей на две группы;
бир чоң табак этти аки табакка бөл мясо, что на большом блюде, раздели на два блюда;
балдарды өзүнчө бөлүп жиберди он выделил детей; он отделил от себя детей;
ит чапанымдын өңүрүн бөлүп салды собака разодрала мне полу пальто;
сөз бөл- прерывать (чужую) речь, не давать говорить;
көңүл бөл- уделять внимание;
кун көңүлүмдү, түн уйкумду бөлдүм я ни днём ни ночью не знал покоя;
кайгыларын бөлө тартышкан они вместе горевали; они между собой делились горем;
акылын бал- или назарын бөл- или оюн бөл- заставить изменить своё мнение; заставить думать иначе; отвлечь от чего-л.;
азыр кыздын оюн бөлгөн ушул таттуу санаа то, что отвлекло мысли девушки, была вот эта сладкая мечта;
жан бөл- см. жан II;
бөлүп-бөртүп см. бөрт- 3.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бөлүккө ажыратуу, бөлүк-бөлүк кылуу. Жума талды чот керки менен эки бөлүп, казык жасады. (Жантөшев). Баласына алп куштун Ушу турган ажыдаар Алты бөлүп берейин («Эр Төштүк»). || Айрым топторго ажыратуу, топ-топ кылуу. Камбыл найза саюучу Кайраттууну бир бөлдү («Манас»). 2. Тийиштүү энчисин берүү, үлөштүрүү Көргүм келет, көргүм келет айлымды, Көргүм келет эмгек бөлгөн айларын (Осмонов). Казан асып, үй тигип, Малдан бөлүп беремин («Мендирман»). 3. өзүнчө үй-бүлө катарында ажыратып чыгаруу. Уул-келининин үй-жайын өзүнчө бөлүп коюшту («Ала-Тоо»). 4. Бытыратуу, бытыранды кылуу, чачылтуу. Турган душман көп колду Туш-туш жакка бөлдү дейт («Олжобай менен Кишимжан»). Аралап кирсек душманды Алды-алдынан бөлөбүз («Курманбек»). || Айыруу, окчундатуу, бирге койбоо. Алыска айдап элимден Бөлгөндөгү кербезим (Токтогул). || Ажырым кылуу, биримдүүлүктү бузуу, бузукулук салуу. Алың жетпей калдыңбы Арасын эки бөлгөнгө («Олжобай менен Кишимжан»). Кармаштырып эки элди Касымбек, Калпа тең бөлгөн. (Тоголок Молдо). 5. Айыра таануу, бири-биринен болгон айырмасын ажырата билүү. Кара көңүл адамдан Бөлө жүр дайым чегиңди («Мендирман»). Жакшынын жакшы жагын бөлө билгин (Осмонкул). || Айрым ажыратып алуу. Уй бөлүп алам деп келип Качалы деген жер ушул (Турусбеков). ||Бири-биринен айырмалап иргөө, айрым составдарга ажыратуу. Күрүчтү күрмөгүнөн бөлүү. || Электр шамын жагууга Суудан бөлүп от алдык (Нуркамал). 6. үзүү, тоскоолдук кылуу, уланышына жолтоо болуу. Омор Берметтин сөзүн бөлдү (Сыдыкбеков). Ал кезде эненин оюн Арзыкул бөлдү (Байтемиров). Тетиги Сабийраң уйкумду бөлдү (Сыдыкбеков). 7. Топтоо, кандайдыр бир нерсеге топтоштуруу, айрыкча буруу, багыттоо. Ар качан бөлүп санааны, Эңсөөчү элем бул жайды (Маликов). Турмушка жаңы түр берип, Көңүлдү ишке бөлгүлө! (Осмонкул).

Киргизско-русский словарь Юдахина
р.
(или бөлкө нан)
хлеб русского приготовления (напр. в отличие от узбекской лепёшки или киргизских хлебных изделий);
бөлкөсү ширин нан завод стих. хлебозавод, хлеб которого вкусен.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Имараттын, үйдүн дубалдар же башка нерселер менен айрым бөлүк кылып тосулган өз алдынча бөлүмү, комната. Апасы ашкана жакка басканда Сапар төркү бөлмөгө кирди (Сасыкбаев). Зарыл экөө эки бөлмө үйдүн ичи-тышын акташты (Сыдыкбеков).

Киргизско-русский словарь Юдахина
бөлө I
(или карын бөлө)
двоюродный брат, двоюродная сестра (по материнской линии);
бөлөм, бөлөм үчүн өлөм погов. бөлө, за бөлө я умру (поговорка, выражающая близость этой степени родства);
сураштыра келсе, карын бөлө чыгат начнёшь расспрашивать, так обязательно окажется каким-то родственником;
бөлө алды см. санаа.
бөлө- II
1. пеленать, завёртывать; класть спелёнатого в колыбель;
2. перен. предоставить что-л. в изобилии;
3. охот. завёртывать только что пойманную крупную ловчую птицу (напр. беркута) в войлок или во что-либо другое, оставляя снаружи только голову (при этом. изогнутость клюва особенно заметна; прим. см. кажыр II);
бактыга бөлө- осчастливить, дать большое счастье;
камчыга бөлөп ур- исхлестать плетью.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
I зат. Кыз бир туугандардын балдары. Ий, баягы бөлөм турбайбы! (Жантөшев).
БӨЛӨ II этиш. 1. Жаш баланы бешикке жаткызып, ороп-чулгап таңуу. Эне, мени эр болсун деп төрөдүң, Эркелетип ак бешикке бөлөдүң (Осмонкул).
  1. 2.                  Ороп байлоо (мис., кармалган кушту).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жаш баланы бешикке жаткызып, ороп-чулгап таңуу. Эне мени эр болсун деп төрөдү, Эркелетип ак бешикке бөлөдү (Осмонкул). Ардактап мени төрөгөн, Алдейлеп сүйүп бөлөгөн (Токтогул). || Ороо, таңуу. Шымаланган жигиттер аны бат эле чычырканакка бөлөп салышты (Сыдыкбеков). 2. Кармалган жапайы куштарды кийизге ж.б. канаттарын кайырбай тургандай таңып ороо. 3. өт. Каптоо, курчоо, ороо, балкытуу, чөмүлтүү. Азыр Асылдын бакытка бөлөнүп, ырыска чөмүлүп турган учуру («Эркин Тоо»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. часть;
2. другой, не этот, не тот;
эр Кошойдон бөлөгү все они, кроме богатыря Кошоя;
бөлөк киши другой, посторонний человек;
бөлөк-бөтөн чужой, неродной;
бөлөк-бөтөн эмессиң фольк. ты не посторонний, не чужой;
бөлөк-бөтөн эл (термин царских времён) инородцы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Башка, жат, бөтөн. Бул жерде бөлөк жан жок.
  1. 2.                  Бөлүк, бөлүм. Соотко тийген найзасы, Сексен бөлөк кыйрады («Манас»). Тытылып жаман чепкен бөлөк-бөлөк, Илинген көк тикенек арчасында (Бөкөнбаев).
  2. 3.                  өт. Өзгөчө, айрыкча, башкача. Жылкыдан бөлөк ал экен, Канаты бар мал экен («Эр Төштүк»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бөтөн, жат, өз эмес. Мен мусапыр жетимди Жалдыратпа бөлөккө (Токтогул). Бир туугандай көрчү элем, Билинди сенин бөлөгүң (Токтогул). || өзүнчө, айрым, бөлүнгөн, башка. Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк (макал). Бөлөк жакка кайрылба, Айткан жерден айрылба («Манас»). 2. Бөлүк-бөлүк, салаа-салаа, бири-биринен ажыраган, башка-башка. Жылгасы салаа-салаа, бөлөк-бөлөк (үсөнбаев). Бөдөнөдөй кайран көз, Бөлөк-бөлөк жаш кетти («Манас»). Бутундагы кепич, маасы тамтыксыз Кеткен эчак, бөлөк-бөлөк сөгүлүп (Токомбаев). 3. өзгөчө, айрыкча, башкача. Чөлгө туулуп, ташка өскөн, Айбандан бөлөк, башка өскөн («Манас»). Кыяздын кирпиги бөлөк, көзү чок, Артынганы батман ок («Сейтек»). Жылкыдан бөлөк ал экен, Канаты бар мал экен («Эр Табылды»). 4. Чыгыш жөндөмөдөгү атоочторду жандап, кыймыл-аракеттин «башкача», «өзгөчө», «айрыкча» деген түшүнүгүн билдирет. Акылын айтып койчу эмес. Ал кезде менден бөлөккө («Курманбек»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БӨЛӨКБАЙ, Төкөр уста — Манастын жарак-жабдыгын жасаган укмуштуу уста жана кырк мүңкүрдүн башында турган казына сакчысы. Эски варианттарда аты аталбай, «төкөр уста» (Радлов жазып алган вариант), «төкөр даркан» (Валиханов жазып алган эпизод) делет. Багыш Сазановдун вариантында «кандык уста» деген туруктуу эпитетке да ээ. Саякбай Каралаевдин варианты нын «Семетей» бөлүмүндө Б-дын ролу бир кыйла жогорулап, кеңип, усталык казына башчылыктан тышкары Бакай, Сарытаз менен бирдикте Семетейдин кеңешчиси, жардамчысы катары бул бөлүмдүн окуяларынын активдүү катышуучусу. Семетей Букардан Таласка адеп келгенде кырк мүңкүрдү (калчасы) менен кубанып тосуп чыгат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 238—239) жана эпостун кийинки окуяларында катышат. Кийин Семетей кайып болуп кетип, Кыяс менен Канчоро казынаны талаганда кырк мүңкүрү менен казынаны коргоп жатып курман болот. Эпосто Б. устачылыктын пири Дөөтү менен дос болгон кандайдыр кереметтүү уста катары сүрөттөлөт (айрым учурларда Б-дын өзү Дөөтү уста деп да айтылат). Ал Манастын укмуштуу курал-жарактарын — Айбалтасын, Сырнайзасын, Ач албарс кылычын жасайт (кээ бир варианттарда Манастын кылычы асмандан түшөт же мисирдик кереметтүү уста жасап, Манаска пайгамбардан белекке калат), кандайдыр себептер менен бузулган Аккелтени, дүрбү сыяктуу татаал курал-жарактарды да оңдойт, доолбас, булдурсун сыяктуу күнүмдүк жай турмуштун буюмдары да анын колунан чыгат. Б-дын өз ишин терең билгендиги, ченебегендей чеберчилиги. анын колунан жаралган курал-жарактар өтө татаал жол менен жасалышын сүрөттөгөн эпизоддордон ачык көрүнөт. Мисалы, Сырнайзаны «сары карагайдан кыйып, саратандын ысыгында алты ай бою кумга бөлөп жаткырып, чарайна менен чаптап, пил териси менен каптап, колдон тайып кетет деп кош тутам жерин төрт кырдуу кылып, колго жылуу болсун деп кой макмал менен тыштап, улатпай учун болоттон чыгарып, тийген жери ырбасын деп көз жаш менен сугарып», узундугун кырк кез кылат. Кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын вариантында Б-дын Манастын курал-жарагын жасашы өзүнчө чоң эпизод болуп берилип, өтө кеңири баяндалат. Анда кендин иштетилишинен тартып, Манастын өзүнө гана ылайык курал-жарактын жасалып бүтүшүнө чейинки аткарылган иштер ырааттуу жана реалдуу сүрөттөлөт. Б-дын Манастын курал-жарагын жасашына Кошой, Бакай, Акбалта, Жамгырчы башында турган атпай кыргыз журтчулугу жардамга келет. Изилдөөчүлөр кыргыздардын байыркы мекени Миң-Суу өрөөнүндө кара металлдардын пайдаланыла башташын биздин заманга чейин 7—2-кылымдарга, адис кол өнөрчүлөрдүн пайда болушун 1 — 5-кылымдырга, мыкты уюштурулган металлургиялык өндүрүшкө ээ болуп, коңшу элдерге атагы чыккан өтө мыкты жоо куралдарын (мисалы, кылычты) жасоо мезгилин 6—14-кылымдарга таандык кылышат. «Манас» эпосунда Б-дай колунан көөрү төгүлгөн чебер устанын образынын жаралышы ушул тарыхый мезгилдер менен шартталган. Б. сыяктуу идеалдаштырылган кереметтүү усталардын образы дүйнө элдеринин мифтеринде, эпосторунда кеңири тараган типтүү каармандардын образы болуп саналат. Гректердин мифологиясындагы Гефест, скандинавиялыктардын эпосторундагы Веленд, Тор, карел-финндердин руносундагы Ильмаринен, кавказдыктардын нарттарындагы Тлепш, армяндардын «Давид Сасундугундагы» Кери-Торос, якуттардын олонхосундагы Куэттээни (кытай баксы), перс элдеринин «Авест» жана «Шахнамесинде» Кавелер өңдүү каармандар — Б. сыяктуу мифтик же чет элдик каардуу душманга каршы күрөшкөн баатырга атайы арнап укмуштуу куралдарды (көбүнчө кылыч) жасаган усталар. Көөнө оозеки элдик чыгармачылыкта усталардын мындай кереметтүү, теңдешсиз чебер болуп сүрөттөлүшү, металлдан курал жасоо адеп өздөштүрүлө баштаган ал доордо адамдардын магиялык түшүнүктөн али кутула электиги менен шартталган.
Р. Сарыпбеков

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. чуждаться, считать чужим, относиться как к чужому;
2. отделять;
камап койду бөлөктөп фольк. он посадил его (под арест) отдельно;
о, кыз, убайым тарттың бөлөктөп, уктабай күн түн зарладың фольк. о, девица, ты в одиночестве страдала, дни в ночи плакала, не спала.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. отдельность (в фразе переводится: в отдельности, отдельно, отдельный);
эки короо койдун жайлоодо бөлөктүгү жакшы лучше, когда на летнем пастбище две отары овец (пасутся) отдельно;
2. чуждость, неродственность;
атасы бөлөктүк кылды отец поступил с ним, как с чужим;
анын менден бөлөктүгү жок он мне не чужой, не посторонний.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
такт. 1. Айрыкча, башкача. Бөлөкчө кордук мен көрдүм, Боорумдан чыккан бала үчүн («Манас»).
  1. 2.                  өт. Мыкты, сонун, өзгөчө, айрыкча. Ошондо Айдаркан уулу эр Көкчө, Айбаты журттан бөлөкчө («Манас»). Көкөтөйдүн Бокмурун Бөлөкчө болчу санаасы («Манас»). Акылың артык бөлөкчө Терең эле, Жаныбек (Барпы).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башкача, айрыкча. Көкөтөйдүн Бокмурун, Бөлөкчө болчу санаасы («Манас»). Бейили катуу адамдай, Бөлөкчө өскөн башкадан (Маликов). 2. Мыкты, артыкча, өзгөчө. Айдаркан уулу эр Көкчө Айбаты журттан бөлөкчө («Манас»). Акылың артык бөлөкчө, Терең элең, Жаныбек (Барпы). Достум, сенин ар кыялың санасам, Бөтөнчө турат сөзүңдө, Бөлөкчө чатак өзүңдө («Сейтек»). || Айрыкча мыкты, өзгөчө сонун, артык. Айдаркан уулу эр Көкчө Айбаты журттан бөлөкчө («Манас»).

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр.- страд. от бөлө- II;
1. завёртываться, пеленаться;
2. перен. получать что-л. в изобилии;
алтын менен күмүшкө бөлөнүп жүргөн чагымда фольк. в те времена, когда у меня было несметное количество золота и серебра.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. комочки в жарма (см. жарма I 3);
ырыстууга бөлтөк, ырысы жокко калтек погов. счастливому - (солидный) комочек, а незадачливому - палка;
2. отдельный кусочек, отдельный клочок;
бөлтөк-бөлтөк бел отдельно выступающие горные перевалы.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Дөңгө окшогон кичине тоо; дөң, дөңсөө. Ар жак жагын карасаң. Бөлтөк-бөлтөк жер келет («Манас»). Боз ала чаңгыл боз бөлтөк («Манас»).
  1. 2.                  Тоголоктошкон кичинекей кесек, бүдур. Жарманын бөлтөгү.

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
«Карышкырдын күчүгү» деген мааниде айтылган бөлтүрүк сөзүнүн аягында -дырык мүчөсү бар деп билгенде, бөл+түрүк морфемаларына ажырайт. Кыргызча моюнтурук сөзү моюн+турук дегенден куралган сыяктуу эле, бөлтүрүк сөзүндө -түрүк мүчөсү катышышы мүмкүн. Ошондо бөл уңгусу түшүнүксүз сөз болуп кала берет. Тува тилинде бөлтүрүк сөзү бөрзек аталат (ТувРС, 108). Ушуга караганда бөл уңгусу алгачкы бөр (<--бөрү) сөзүнүн р тыбышы л тыбышына алмашкан түрү болуп чыгат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
часть
в разн. знач. отдел, раздел; деталь (механизма);
машина бөлүктөрү части машины, детали машины;
запастык бөлүктөр запасные части;
дүйнө бөлүктөрү части света;
тылдагы бөлүктөр воен. тыловые части;
уставдын кириш бөлүгү вводная часть устава.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Бир бүтүн нерсенин бөлумү, бөлүндүсү. Советтик көркөм чыгармачылыктын ажырагыс бир бөлүгү кыргыз совет искусствосу (Аалы). Запастык бөлүктөр да сатылып алынган («Ала-Тоо»).
  1. 2.                  Белгилүү бир чыгарманын композициялык жактан ажыратылып турган айрым бөлүмдөрү, үзүндүлөрү.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бүтүндүн өз ара бөлүнгөн айрым бөлүндүсү. Бир алманы экиге бөлүп, бир бөлүгүн мага берип, бир бөлүгүн өзү жеди. || Машинанын ж. б. айрым тетиктери же айрым тетиктерден турган жабдуулары. Машинанын запастык бөлүктөрү. 2. Айрым аскер топтору, өзүнчө бир бирдикти түзгөн аскер күчтөрү. Омор танк бөлүгүнүн командиринин маңдайында анын салмак менен айткан сөзүн угуп турду (Бөкөнбаев). Барыпсың башка бөлүккө, Баатыр өскөн жаш арстан (Үмөталиев). 3. Чыгарманын композициялык жактан ажыратылып турган айрым үзүндүсү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. отдел, часть;
эл агартуу бөлүмү отдел народного образования;
саясий бөлүм политический отдел, политотдел;
кириш бөлүм вводная часть;
орток бөлүм мат. знаменатель;
орток бөлүмгө келтирүү мат. приведение к общему знаменателю;
2. недостаток, дефект;
кийген тондо бөлүм жок фольк. в его верхней одежде изъянов нет.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Көп бөлүктөн турган имараттын, үйдүн, курулуштун ж.б. ички бөлүнгөн бөлүктөрү. 2. Чыгарманын, китептин ж.б. негизги ири бөлүктөрү. Оюн башталды. Биринчи бөлүмү бүттү (Касымбеков). 3. Борбордук мекемеге, ишканага же борбордоштурулган уюмга баш ийүүчү анын айрым тармагы. Жергиликтүү байланыш бөлүмү. Райондук элге билим берүү бөлүмү. Кадрлар бөлүмү.

Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от бөл-;
делиться, отделяться;
бөлүнгөндү бөрү жейт погов. кто отделился (от коллектива), того волк съест;
бөөт-бөөт сазы бар, бөлүнүп учкан казы бар фольк. есть (там) отдельные болотца, есть летающие в одиночку гуси;
жолдун чаңы бөлүнбөйт на дороге пыль не вздымается;
бөлүнбөс неделимый;
бөлүнбөс фонд эк. неделимый фонд;
колхоздордун бөлүнбөс фондулары неделимые фонды колхозов;
санаам санга бөлүндү я теряюсь в догадках и очень беспокоюсь;
көөнү бөлүнгөн
1) у него мысли раздваиваются; он в нерешительности;
2) он расстроился, расчувствовался;
арадан бөлүндү он от вас ушёл (умер).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БӨЛҮНГҮС БУЮМ – бөлүштүрүүнүн натыйжасында анын бөлүктөрү адепки касиеттерин жана дайындалуу милдетин жоготуп коюучу буюмдар. Б. б. үлүштөрүн менчикке алуу укугу жарандык мыйзамдарда белгиленген эреже, ченемдер аркылуу аныкталат.

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от бөлүн-;
тайдын этин бөлүнтүп, тарамышын көрүнтүп фольк. (ударами плети) рассекая тело жеребёнка, обнажая его сухожилия;
байлыгымды көрүнтөм, алтынды таштай бөлүнтөм фольк. я покажу своё богатство, золото расшвыряю, как камни;
санаа бөлүнт- расстраивать, опечаливать.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БӨЛҮНҮҮ БАЛАНСЫ – юридикалык жактарды кайра уюштурууда анын укуктары менен милдеттери бөлүнүү жолу аркылуу жаңыдан пайда болгон жакка өтүүчү документ. Б. б. кайра уюштурулуп жаткан юридикалык жактын тараптар талашып жаткан милдеттенмелери менен кошо, кредитерлору менен карызкорлоруна карата баардык милдеттенмелер боюнча мураскорлук жөнүндөгү жобону камтууга тийиш. Б. б. юридикалык жакты кайра уюштуруу чечимин кабыл алган юридикалык жактын уюштуруучулары (катышуучулары) же органы тарабынан бекитилип, жаңыдан пайда болгон юридикалык жакты мамлекеттик каттоодон өткөрүү же ошол эле юридикалык жактын уюштуруу документтерине өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү үчүн уюштуруу документтери менен кошо берилет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БӨЛҮНҮҮЧҮ ЖАНА БӨЛҮНБӨС БУЮМДАР – жарандык мыйзамдар боюнча, бөлө келгенде өзүнүн өзгөчөлүгү менен баштапкы касиетин жоготуп койо турган буюмдар бөлүнбөс буюм катары таанылат. Ал эми, баштапкы касиетин жоготпогондор бөлүнүүчү буюмдарга жатат (м.: дан менен көмүр – бөлүнөт, сыналгы менен автомашина – бөлүнбөйт). Бөлүнүүчү буюмдар негизинен жалпы менчик жагына тийешелүү. Жалпы менчик үлүштүк болуп саналгандыктан, ар менчик ээси өз үлүшүн накталай бөлүп берүүнү талап кылууга акысы бар. Бирок, бөлүнбөс акыбалда болсо, менчик ээсинин бири ал буюмду алат дагы, калган тарап өз үлүшүнүн көлөмүндөгү акчалай түрдө сыйакы алат. Бөлүнүүчү же бөлүнбөс буюмдар, ал буюмдардын келип чыгуу жагдайына жараша, үлүштүк мүнөз күтөт.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БӨЛҮП ТӨЛӨӨ – товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын төлөө ыкмасы, мында төлөм алардын наркын толук эмес, бөлүп төлөө менен жүргүзүлөт. Б. т. чекене товарларды кредитке сатууда кеңири тараган. Б. т-дө контрагенттердин ортосунда кредиттик милдеттенмелер пайда болот.

Киргизско-русский словарь Юдахина
и. д. от бөл-
деление, разделение;
жаңыдан бөлүү передел;
дүйнөнү жаңыдан бөлүү полит. передел мира;
толук бөлүү мат. полное деление, деление без остатка;
калындылуу бөлүү мат. деление с остатком;
мазмунуна карап бөлүү мат. деление по содержанию;
бөлүмдөргө бөлүү мат. деление по частям.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
үлөштүрүү, көп бөлүктөргө бөлүү, топтоштуруу, ылайыгына карай тиешелүү бөлүктөргө бөлүү, ажыратуу, классификациялоо. Какелей жыкжыйма толтурулган кара көнөчөктөгү каймактын теңин башка идишке бөлүштүрүп салды (Бейшеналиев).

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БӨЛҮШТҮРҮҮЧҮ ИШКАНА – макулдашылган аймактардагы керектөөчүлөрдү электр-, жылуулук кубаттуулуктары менен камсыз кылуучу жеке менчик юридикалык жак же жеке адам, аргандай мамлекеттик ишкана.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
БӨЛҮШТҮРҮҮЧҮ ЭЛЕКТР ТАРМАГЫ – электр кубаттуулугун бөлүштүрүү жана аны кошуп байланыштыруучу түйүнгө берүү максаттарына кызмат кылуучу жабдууларды жана аппаратураларды, конструкцияларды камтыган электр өткөрүү тармагы.

Киргизско-русский словарь Юдахина
1. частица;
2. мат. дробь;
үздүксүз бөлчөк непрерывная дробь;
чексиз бөлчөк бесконечная дробь;
туура бөлчөк правильная дробь;
буруш бөлчөк неправильная дробь;
бөлчөк менен көрсөтүү дробное выражение.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бөлүк, бөлүкчө, бөлүндү-бөлүндү. Бөлчөк-бөлчөк бай жерлери Мына гигант совхоздо (Токомбаев). 2. мат. Бирдиктин бир же бир нече барабар үлүштөрүнөн түзүлгөн сан. Жөнөкөй бөлчөк. Буруш бөлчөк. Бөлчөк менен көрсөтүп жазуу.