бөлө I (или карын бөлө) двоюродный брат, двоюродная сестра (по материнской линии); бөлөм, бөлөм үчүн өлөм погов. бөлө, за бөлө я умру (поговорка, выражающая близость этой степени родства); сураштыра келсе, карын бөлө чыгат начнёшь расспрашивать, так обязательно окажется каким-то родственником; бөлө алды см.санаа. бөлө- II 1. пеленать, завёртывать; класть спелёнатого в колыбель; 2. перен. предоставить что-л. в изобилии; 3. охот. завёртывать только что пойманную крупную ловчую птицу (напр. беркута) в войлок или во что-либо другое, оставляя снаружи только голову (при этом. изогнутость клюва особенно заметна; прим.см.кажыр II); бактыга бөлө- осчастливить, дать большое счастье; камчыга бөлөп ур- исхлестать плетью.
Iзат. Кыз бир туугандардын балдары. Ий, баягы бөлөм турбайбы! (Жантөшев).
БӨЛӨIIэтиш.1. Жаш баланы бешикке жаткызып, ороп-чулгап таңуу. Эне, мени эр болсун деп төрөдүң, Эркелетип ак бешикке бөлөдүң (Осмонкул).
1. Жаш баланы бешикке жаткызып, ороп-чулгап таңуу. Эне мени эр болсун деп төрөдү, Эркелетип ак бешикке бөлөдү (Осмонкул). Ардактап мени төрөгөн, Алдейлеп сүйүп бөлөгөн (Токтогул). || Ороо, таңуу. Шымаланган жигиттер аны бат эле чычырканакка бөлөп салышты (Сыдыкбеков). 2. Кармалган жапайы куштарды кийизге ж.б. канаттарын кайырбай тургандай таңып ороо. 3. өт. Каптоо, курчоо, ороо, балкытуу, чөмүлтүү. Азыр Асылдын бакытка бөлөнүп, ырыска чөмүлүп турган учуру («Эркин Тоо»).
1. часть; 2. другой, не этот, не тот; эр Кошойдон бөлөгү все они, кроме богатыря Кошоя; бөлөк киши другой, посторонний человек; бөлөк-бөтөн чужой, неродной; бөлөк-бөтөн эмессиң фольк. ты не посторонний, не чужой; бөлөк-бөтөн эл (термин царских времён) инородцы.
1. Бөтөн, жат, өз эмес. Мен мусапыр жетимди Жалдыратпа бөлөккө (Токтогул). Бир туугандай көрчү элем, Билинди сенин бөлөгүң (Токтогул). || өзүнчө, айрым, бөлүнгөн, башка. Түтүнү бөлөктүн түйшүгү бөлөк (макал). Бөлөк жакка кайрылба, Айткан жерден айрылба («Манас»). 2. Бөлүк-бөлүк, салаа-салаа, бири-биринен ажыраган, башка-башка. Жылгасы салаа-салаа, бөлөк-бөлөк (үсөнбаев). Бөдөнөдөй кайран көз, Бөлөк-бөлөк жаш кетти («Манас»). Бутундагы кепич, маасы тамтыксыз Кеткен эчак, бөлөк-бөлөк сөгүлүп (Токомбаев). 3. өзгөчө, айрыкча, башкача. Чөлгө туулуп, ташка өскөн, Айбандан бөлөк, башка өскөн («Манас»). Кыяздын кирпиги бөлөк, көзү чок, Артынганы батман ок («Сейтек»). Жылкыдан бөлөк ал экен, Канаты бар мал экен («Эр Табылды»). 4. Чыгыш жөндөмөдөгү атоочторду жандап, кыймыл-аракеттин «башкача», «өзгөчө», «айрыкча» деген түшүнүгүн билдирет. Акылын айтып койчу эмес. Ал кезде менден бөлөккө («Курманбек»).
БӨЛӨКБАЙ, Төкөр уста — Манастын жарак-жабдыгын жасаган укмуштуу уста жана кырк мүңкүрдүн башында турган казына сакчысы. Эски варианттарда аты аталбай, «төкөр уста» (Радлов жазып алган вариант), «төкөр даркан» (Валиханов жазып алган эпизод) делет. Багыш Сазановдун вариантында «кандык уста» деген туруктуу эпитетке да ээ. Саякбай Каралаевдин варианты нын «Семетей» бөлүмүндө Б-дын ролу бир кыйла жогорулап, кеңип, усталык казына башчылыктан тышкары Бакай, Сарытаз менен бирдикте Семетейдин кеңешчиси, жардамчысы катары бул бөлүмдүн окуяларынын активдүү катышуучусу. Семетей Букардан Таласка адеп келгенде кырк мүңкүрдү (калчасы) менен кубанып тосуп чыгат (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 238—239) жана эпостун кийинки окуяларында катышат. Кийин Семетей кайып болуп кетип, Кыяс менен Канчоро казынаны талаганда кырк мүңкүрү менен казынаны коргоп жатып курман болот. Эпосто Б. устачылыктын пири Дөөтү менен дос болгон кандайдыр кереметтүү уста катары сүрөттөлөт (айрым учурларда Б-дын өзү Дөөтү уста деп да айтылат). Ал Манастын укмуштуу курал-жарактарын — Айбалтасын, Сырнайзасын, Ач албарс кылычын жасайт (кээ бир варианттарда Манастын кылычы асмандан түшөт же мисирдик кереметтүү уста жасап, Манаска пайгамбардан белекке калат), кандайдыр себептер менен бузулган Аккелтени, дүрбү сыяктуу татаал курал-жарактарды да оңдойт, доолбас, булдурсун сыяктуу күнүмдүк жай турмуштун буюмдары да анын колунан чыгат. Б-дын өз ишин терең билгендиги, ченебегендей чеберчилиги. анын колунан жаралган курал-жарактар өтө татаал жол менен жасалышын сүрөттөгөн эпизоддордон ачык көрүнөт. Мисалы, Сырнайзаны «сары карагайдан кыйып, саратандын ысыгында алты ай бою кумга бөлөп жаткырып, чарайна менен чаптап, пил териси менен каптап, колдон тайып кетет деп кош тутам жерин төрт кырдуу кылып, колго жылуу болсун деп кой макмал менен тыштап, улатпай учун болоттон чыгарып, тийген жери ырбасын деп көз жаш менен сугарып», узундугун кырк кез кылат. Кытайлык манасчы Жусуп Мамайдын вариантында Б-дын Манастын курал-жарагын жасашы өзүнчө чоң эпизод болуп берилип, өтө кеңири баяндалат. Анда кендин иштетилишинен тартып, Манастын өзүнө гана ылайык курал-жарактын жасалып бүтүшүнө чейинки аткарылган иштер ырааттуу жана реалдуу сүрөттөлөт. Б-дын Манастын курал-жарагын жасашына Кошой, Бакай, Акбалта, Жамгырчы башында турган атпай кыргыз журтчулугу жардамга келет. Изилдөөчүлөр кыргыздардын байыркы мекени Миң-Суу өрөөнүндө кара металлдардын пайдаланыла башташын биздин заманга чейин 7—2-кылымдарга, адис кол өнөрчүлөрдүн пайда болушун 1 — 5-кылымдырга, мыкты уюштурулган металлургиялык өндүрүшкө ээ болуп, коңшу элдерге атагы чыккан өтө мыкты жоо куралдарын (мисалы, кылычты) жасоо мезгилин 6—14-кылымдарга таандык кылышат. «Манас» эпосунда Б-дай колунан көөрү төгүлгөн чебер устанын образынын жаралышы ушул тарыхый мезгилдер менен шартталган. Б. сыяктуу идеалдаштырылган кереметтүү усталардын образы дүйнө элдеринин мифтеринде, эпосторунда кеңири тараган типтүү каармандардын образы болуп саналат. Гректердин мифологиясындагы Гефест, скандинавиялыктардын эпосторундагы Веленд, Тор, карел-финндердин руносундагы Ильмаринен, кавказдыктардын нарттарындагы Тлепш, армяндардын «Давид Сасундугундагы» Кери-Торос, якуттардын олонхосундагы Куэттээни (кытай баксы), перс элдеринин «Авест» жана «Шахнамесинде» Кавелер өңдүү каармандар — Б. сыяктуу мифтик же чет элдик каардуу душманга каршы күрөшкөн баатырга атайы арнап укмуштуу куралдарды (көбүнчө кылыч) жасаган усталар. Көөнө оозеки элдик чыгармачылыкта усталардын мындай кереметтүү, теңдешсиз чебер болуп сүрөттөлүшү, металлдан курал жасоо адеп өздөштүрүлө баштаган ал доордо адамдардын магиялык түшүнүктөн али кутула электиги менен шартталган.
Р. Сарыпбеков
1. чуждаться, считать чужим, относиться как к чужому; 2. отделять; камап койду бөлөктөп фольк. он посадил его (под арест) отдельно; о, кыз, убайым тарттың бөлөктөп, уктабай күн түн зарладың фольк. о, девица, ты в одиночестве страдала, дни в ночи плакала, не спала.
1. отдельность (в фразе переводится: в отдельности, отдельно, отдельный); эки короо койдун жайлоодо бөлөктүгү жакшы лучше, когда на летнем пастбище две отары овец (пасутся) отдельно; 2. чуждость, неродственность; атасы бөлөктүк кылды отец поступил с ним, как с чужим; анын менден бөлөктүгү жок он мне не чужой, не посторонний.
1. особый, особенный; 2. чужой, неродной; бөлөкчө мындай дебегин, каралды кылган баланы фольк. ты так не называй чужим ребёнка, который (для меня) опора.
такт.1. Айрыкча, башкача. Бөлөкчө кордук мен көрдүм, Боорумдан чыккан бала үчүн («Манас»).
2. өт. Мыкты, сонун, өзгөчө, айрыкча. Ошондо Айдаркан уулу эр Көкчө, Айбаты журттан бөлөкчө («Манас»). Көкөтөйдүн Бокмурун Бөлөкчө болчу санаасы («Манас»).Акылың артык бөлөкчө Терең эле, Жаныбек (Барпы).
возвр.- страд. отбөлө- II; 1. завёртываться, пеленаться; 2. перен. получать что-л. в изобилии; алтын менен күмүшкө бөлөнүп жүргөн чагымда фольк. в те времена, когда у меня было несметное количество золота и серебра.
1. всё то, во что пеленают младенца; детское приданое; баланын бөлөөчүн жасай элексиңби? ты ещё ребёнку приданое не приготовила? 2. женск.то же, чтокундак 1.